Малюс Этьенн-Луи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "{{Илимпоз |Ысымы = Этьен Луи Малюс |Расмий ысымы = Étienne Louis Malus |Сүрөт =..."
(Айырма жок)

11 ноябрь 2015, саат 06:02 учурдагы нуска


Малюс Этьенн-Луи Этьенн - Луи Малюс - франциялык окумуштуу.
Анын оптикалык изилдөөлөрү египеттик жүрүштөр маалында эле башталган. 1807-ж. Малюс Академияга оптика боюн¬ча эки мемуарын сунуш кылган. Ага геометриялык оптиканын тео¬риясы таандык: кандайдыр бир бетке нормалдуу болгон нурлар- дын шооласы каалагандай сандагы чагылуулардан жана сынуулардан кийин ошол эле бойдон калат.
Жарык нурларынын исланд шпатынын кристаллы аркылуу өтүүсүн кылдат изилдеп, Малюс жарык нурунда бөлүкчөлөрдүн уюлдашуу касиеттерине окшош ассимметрияны ачкан. Ал оптикага «жарыктын поляризациясы» терминин киргизген. 1810-ж. Малюс поляризацияланган нурдун интенсивдүүлүгүнүн анализатор аркылуу өтүүдө өзгөрүү законун ачкан.

Étienne Louis Malus
Туулган жылы:

23.07.1775

Каза болгон жылы:

23.02.1812

Илимий чөйрөсү:

физика,оптика

Иштеген жери:

Политехникалык мектеп (Париж)

Илимий жетекчиси:

Гаспар Монж


Адабияттар

• Жуманова М.М., Алиева Ч.М. Өчпөс ысымдар – Немеркнущие имена: Физиканын тарыхы боюнча кыргызча-орусча библиографиялык окуу-сурап билме куралы / Проф. Б.А.Араповдун редакциясы астында. –ОшМУнун «Билим» редакциялык-басма бөлүмү, 2007. – 87 б., кырг., орус тил.