Ауэзов Мухтар Оморханович: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Saku.kairat (талкуу | салымы) No edit summary |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Ауэзов Мухтар Оморханович''' [16 (28). 9. 1897, Семей облусу, Абай району, Аркат айылы - 27. 6.
Туңгуч чыгармасы «Эңлик-Кебекти» 1917-жылы жазган. Пьесада феодалдык-уруучулук түзүлүштүн курманы болгон эки жаштын трагедиялуу махабаты баяндалат. Айрым идеялык-көркөмдүк кемчиликтерине карабастан, «Эңлик-Кебек» автордун чыныгы талант ээси экендигин айгинелеген. «Коргоосуз калгандардын тагдыры» (1921), «Ким айыптуу?» (1923), «Каралуу сулуу» (1937) сыяктуу 20дан ашуун пьесалары жарыяланган. Ауэзовдун алгачкы эле аңгеме, повесттеринен анын орус жана европа адабияты менен казак элинин көркөм адабий салттарын айкалыштыра билгени, бийик жазуучулук маданият, социалдык баамчылдык, эпикалык чабыты таасын көрүнгөн. Ауэзов көркөм чыгармачылык менен бирге, илимий майданда белсенип иштеп, казак жана боордош элдердин адабиятынын маанилүү маселелери боюнча бир нече илимий сын макала жазган. Орус жана дүйнөлүк классиктердин ([[Шекспир|У. Шекспир]], [[Пушкин, Александр Сергеевич|А. С. Пушкин]], И. А. Тургенев, [[Гоголь, Николай Васильевич|Н. В. Гоголь]], М. П. Погодин) чыгармаларын казак тилине которгон. Л. Соболев менен бирге «Абай» аттуу трагедиясын жазган (1940). Бул тарыхый чыгармада Абай өмүрүнүн соңку жылдарына кайрылып, улуу акындын трагедиялуу тагдырын көрсөтөт. Ауэзовдун талантынын гүлдөгөн мезгили «Абай жолу» роман-эпопеясын жараткан жылдарга туш келет. Романдын 1-2-китеби (1942-47) СССР мамлекеттик сыйлыктын (1949), 3-4-китептери (1950-56) Лениндик сыйлыгына (1959) арзыган. Бул роман-эпопеяда улуу акын [[Абай Кунанбаев|Абай Кунанбаевдин]] татаал өмүр жолу казак элинин [[Октябрь революциясы (1917)|Октябрь революциясына]] чейинки коомдук турмушунун социалдык-саясий жана нравалык конфликттери менен элдин аң-сезиминде болгон өзгөрүү процесстери менен тыгыз байланышта сүрөттөлөт. Бул романды жаратууда Ауэзов көп изденет. Анын достору, бала-бакырасы, небере-чөбөрөлөрү менен аңгемелешүүгө туура келет. Абайдын байбичеси Дилде өтө карып калгандыгына карабастан, ошондой эле сүйгөн жары Айгерим көп маалымат беришкен. Өз чоң атасы - Ауэздин досу Абай тууралуу айтып бергендери, Абайдын «Абай жолу» тарыхый роман-эпопеясы [[Айтматов Чыңгыз|Ч. Айтматовдун]] сөзү менен айтканда биздин көркөм жана социалдык энциклопедиябыз, жалпы «мандатыбыз». Ал 250 томдук «Дүйнөлүк адабият китепканасында» орун алган. Чыгарма идеялык-эстетикалык күчү жагынан улуу классиктерге мүнөздүү чеберчилик менен жазылган. Романда классикалык образдардын бүтүндөй бир галереясы түзүлгөн. 30дан ашуун дүйнө тилдерине которулган. Ауэзов өмүрүнүн акыркы жылдарында адабияттын башка жанрларында да жемиштүү эмгектенди. «Алтын шакек», «Асыл насилдер», «Майдан», «Акын элинде», «Түштүк очерктери», «Индия очерктери», «Америка таасирлери» жана башкаочерк, аңгемелерин жараткан. «Ак кайың» (А. Тажибаев менен бирге), «Бекет» (1939), «Сыноо сааты» (1942), «Каракыпчак Кабыланды» (1942-44) пьесаларын жазган. Ауэзовдун адамдардын эмгегин, күрөшүн, жаңы рухий дүйнөсүн, улуттар арасындагы достук мамилелерди кеңири көрсөтүүнү максат кылган жаңы эпопеясынын 1-китеби - «Өскөн өркөн» романы өзү дүйнөдөн кайткандан кийин (1962) жарыкка чыккан.
Ауэзов дүйнөлүк көркөм процесс менен жеткиликтүү тааныштыгы бар ири илимпоздордун бири болгон. Ал орто кылымдагы Күн чыгыш классикасы, казак фольклору жана профессионал адабияты, 19-кылымдагы орус классикасы, Батыш адабияты, көркөм котормо маселелери боюнча өзүнүн баалуу ойлорун ортого салып келген. Анын илимий изилдөөлөрү, сын макалалары «Ар жылкы ойлор» (1959) китебине кирген. Ауэзов кыргыз адабиятынын тагдыры үчүн дайыма кам көрүп, кыргыз жазуучуларына өрнөк көрсөтүп келген. Улуу [["Манас" эпосу|«Манас» эпосун]] изилдөөгө арналган эмгеги бүткүл союздук илимпоздор чөйрөсүнө кеңири белгилүү. Ошондой эле «Караш-караш окуясы» повести, аңгемелери жана илимий эмгектери кыргыз тилинде жарык көргөн. Ауэзов Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Казакстан]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Адабият]]
==Интернеттеги шилтемелер==
*[http://bizdin.kg/ky/%D0%BA%D0%B8%D1%82%D0%B5%D0%BF%D1%82%D0%B5%D1%80/%D0%BA%D0%BE%D1%82%D0%BE%D1%80%D1%83%D0%BB%D0%B3%D0%B0%D0%BD-%D0%B0%D0%B4%D0%B0%D0%B1%D0%B8%D1%8F%D1%82/item/507-%D3%A9%D1%81%D0%BA%D3%A9%D0%BD-%D3%A9%D1%80%D0%BA%D3%A9%D0%BD "Өскөн өркөн" романы]
|