Ахмед хан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
 
1-сап:
'''Ахмед хан''' (туулган жылы белгисиз - 1504) – 1485-1504-жылы [[Моголстан кандыгы|Моголстан мамлекетинин]] башкаруучусу. Атасы Йунус хан Ирандагы Йезд калаасында тарыхчы Шараф ад Дин Али Йездиден билим алган. Ал шаар турмушуна көнүп калгандыктан, Моголстандан оолактап, [[Кашкар|Кашкарда]] жана Аксууда жашаган, өмүрүнүн акыркы жылдарын Ташкенде өткөргөн. Анын уулу Ахмед Моголстандын чыгыш бөлүгүн бийлеп турган. [[Көчмөнчүлүк (номадизм)|Көчмөн турмушту]] жактаган могол төбөлдөрү аны атасынан бөлүп кетишкен жана ал бийликке келгенден баштап он жыл аралыгында могол урууларын толук баш ийдирген. [[Бабур Захиреддин Мухаммад|Бабурдун]] айтымында Ахмеддин чатыры падыша жашаган турак-жайга эмес, каракчынын [[Алачык|алачыгына]] көбүрөөк окшош болгон. Демек ал нукура көчмөн турмушта жашаган. Ахмед хан Моголстандын чыгыш бөлүгүнө коңшулаш жайгашкан [[Калмактар|калмактарга]] эки жолу катуу сокку урган. Алар хандан өтө корккондуктан, Алача хан деген лакап ат («Алача» [[Монгол тили|монгол тилинен]] которгондо «өлтүргүч», «кан ичер» дегенди түшүндүргөн) коюшкан. Моголстандын батыш чектери жана Ташкен Ахмед хандын агасы Махмуд хандын бийлигинде турган. Махмуд хан 15-кылымдын аяк ченинде экп жолу өзбек-казактар менен согушуп, жеңилип калган. Ахмед хан жеңилген агасынын өчүн алуу үчүн өзбек казактардын конуштарына үч жолу жортуул жасап кыйраткан. [[Мухаммед Хайдар|Мухаммед Хайдардын]] жазганы боюнча, Ахмед хандын башкаруу мезгилинде калмактар менен өзбек-казактар жети-сегиз айча Моголстандын чектерине жакындоого батына албай калышкан. Анын бийлиги Чыгыш Түркстандын батыш бөлүгүнөн сырткары Моголстандын бардык аймактарына тараган. 1501-жылы өзбек ханы Шейбани [[Фергана|Фергананын]] чыгыш бөлүгүн башкарган [[Махмуд хан|Махмуд хандын]] кеңеши менен [[Самаркан|Самаркандды]] жана [[Бухара|Бухараны]] чаап алган. Көп узабай Шейбани хан [[Махмуд хан|Махмуд хандын]] ээликтерин да каратып алат. Бир тууганынын оор абалы жөнүндө кабар алган Ахмед хан өзүнүн ордуна тун уулу [[Мансур хан|Мансур ханды]] калтырып, Махмуд ханга жардамга кеткен. Бир туугандар Фергананы кайтарып алууга аракет кылып, Аксыкентти камоого алышкан. Бирок Шейбани хандын жиберген күчтөрү аларды талкалап, хандарды туткундаган. Махмуд хандын кыздары Айша Султанды Шейбани ханга, Кутлуг ханымды [[Жаныбек хан|Жаныбек ханга]] бергенден кийин гана хандар туткундан бошотулган жана Аксууга келишкен. Көп узабай Ахмед хан 1504-жылы шал оруусунан каза тапкан. Атасынын ордуна келген Мансур хан бир туугандары Султан Саид Хан менен Халил Султандын бийлик талашуусунан чочулап аларды куугунтуктаган. Инилеринин өзара чыр-чатактарына таасир тийгизе албаган Махмуд хан Ферганага кайтып барганда өзбектер тарабынан өлтүрүлгөн. Ал эми агасы менен келише албаган ханзаадалар кыргыздарга келип баш калкалаган жана Халил султанды Моголстандагы кыргыздар өзүлөрүнүн падышасы деп жарыялашкан. 1509-жылы Чарын жана Чилик сууларынын аралыгында кыргыздарга жана Султан Саид хан менен Халил Султанга агасы Мансур хан катуу сокку урган. Моголстандагы баш аламандыктын баштоочулары катары кыргыздардын көбүн Турфанга көчүрүп кеткен. Султан Саид Кабулдагы Бабурга баш калкалаган. Ал эми Халил Султан Ферганага качып барганда Анжияндын акими тарабынан өлтүрүлгөн. Кыргыздар мындан көп узабай саясий абалын оңдоп, алардын башкаруучусу Мухаммед Кыргыз элдин башын бириктирген жана Моголстандагы өз алдынча саясий бирикмесин түзүүгө жетишкен.
'''АХМЕД ХАН''', Алача – [[Моголстан]] мамлекетинин башкаруучусу. Моголдордун ханы Йунустун экинчи уулу. Кыргыз төбөлдөрү тарабынан чакырылып, аны [[Чыңгыз Хан|Чыңгыз хандын]] урпагы катары хан көтөрүшкөн. <br>
Бийлик кылган он жыл аралыгында (1484–1504) Ахмед хан бардык моголдорду өзүнө баш ийдирүүгө жетишкен. Баш ийбеген ''арлат, калучи'' сыяктуу урууларды кырып салган. Ахмед ханды '''Алача хан''' деп да аташкан (моңгол тилинен ''«өлтүргүч», «кан ичер»'' дегенди билдирет). Анын бийлиги [[Чыгыш Түркстан|Чыгыш Түркстандын]] батыш бөлүгүнөн тышкары Моголстандын бардык аймактарына тараган. 1501-ж. [[Самаркан|Самарканды]] жана [[Бухара|Бухараны]] чаап алган. Көп узабай Шейбани хан Ахмед хандын бир тууганы Махмуд ханды каратып алат. Ахмед хан Моголстанга улуу баласы Мансур ханды калтырып, Махмуд ханга жардамга кеткен. Алар [[Фергана|Фергананы]] кайтарып алууга аракеттенишип, Аксыкентти камоого алышкан. Бирок Шейбани хандын аскерлери аларды талкалап, Махмуд хандын кыздарынын бирин Шейбани ханга,бирин Жаныбек ханга бергенден кийин гана хандар туткундан бошотулган жана Аксуга келишкен. <br>
Көп узабай Ахмед хан 1504-ж. шал оорусунан каза тапкан. Анын Кыргызстандагы күч-кубаттанган мамлекетин мурастаган уулу Султан Халил «кыргыздардын падышасы» катары ошол доордогу булактарда эскерилет. 1508-ж. кашкардык могол төбөлдөрү бир тууганы Мансур хан, аталаш агасы Махмуд хан менен салгылашууда Султан Халил жеңилүүгө учурап, Ферганага келип баш калкалаган жана ал жердин беги Жаныбек тарабынан өлтүрүлгөн. Мындан соң кыргыз уруулары могол төбөлдөрүнөн хан чакырбастан, өздөрүнүн Мухаммед Кыргыз аттуу бегине баш ийип калышкан.
 
==Колдонулган адабияттар==
== Маалымат булактары ==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[http://bizdin.kg/books/item/24-short_hist_enscl Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003]
 
[[Категория:Кыргыз тарыхы]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ахмед_хан" булагынан алынды