Болгария: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
7-сап:
==Тарыхы==
Болгариянын аймагын адамдар палеолит доорунан бери мекендеген. Б. з. ч. 8-6-кылымдагы грек тарыхый булактарынын маалыматтарына караганда, бул жерлерге индевропалык уруулар (фракиялыктар) отурукташа баштаган. Б з. 1кылымына карата фракиялык жерлер Рим империясына каратылып, мында римдик Мезия жана Фракия провинциялары түзүлөт. Рим империясы кыйрагандан кийин, 395-ж. эки провинция Византиянын курамына кирген. 6-кылымдын аягында Болгариянын аймагына славян уруулары отурукташа баштаган. 7-кылымдын 70-жылдарында Аспарух хан баштаган булгарлар (түрк уруулары) Азов деңизинин жээги менен Түндүк Кавказдан жер которуп келип, 681-ж. Балкан тоолору менен Дунайдын төмөнкү агымында славян-булгар урууларынын мамлекетин I Болгар падышалыгын негиздейт. Князь Бористин убагында (852-889) христиан дини мамлекеттик дин катарында кабыл алынат. Мамлекетти славяндаштыруу процесси күчөп, акырында булгарлар менен славяндардын этностук айырмачылыгы жоюлуп, болгарлар деген эл түзүлөт. 894-ж. ага-ини Кирилл жана Мефодий славян жазмасын түзүшөт. 9-кылымда Сердиканы, Адрианополду кошуп алуунун натыйжасында мамлекеттин чегарасы кеңейет. 1014-ж. византиялык император Василий II Беласицанын алдында болгар аскерлерин талкалаган соң, 1018-ж. Болгария толук Византияга каратылат. 1185-87-ж. элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Византиянын бийлиги кулатылып, 2-Болгар падышалыгы түзүлөт (1186-1396). Падыша Иван Асен Пнин тушунда (1218-41) бир топ жогорулап, Кара, Эгей, Адрия деңиздеринин аралыгын ээлеп, Балкан жаңы аймагындагы күчтүү мамлекетке айланган. 13-кылымдын 2-жарымынан ич ара чыр-чатактардан улам Болгария мамлекети начарлай баштайт. Болгар падышалыгы алгач Батый ханга, 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башынан Ногой ордосуна салык төлөп турган. 14-кылымдын аягында бытыранды Болгария жерлерин Осмон империясы басып алып, болгарлар массалык түрдө мусулмандаштырылып, дээрлик 500 жыл бою башкарып турган. 19-кылымдын 2-жарымынан Болгарияда улуттук-боштондук үчүн кыймылдар күч алып, алар Болгарияга автономия берүүсүн талап кылышат. 1877-78-ж. орус-түрк согушунда болгарлар Россия тарабында салгылашып, орус армиясынын жеңип чыгышы жана Сан-Стефано тынчтык келишиминин шарты боюнча, өлкөнүн түндүгү өз алдынча Болгария княздыгы болуп түзүлүп, түштүгү Чыгыш Румелия Түркиянын автономиялуу провинциясы бойдон калган. 1885-ж. Пловдивдеги түрктөргө каршы көтөрүлүштүн натыйжасында өлкөнүн аймагы бириктирилип, 1908-ж. Болгария өзүнүн толук көзкаранды эместигин жарыялап, өз алдынча падышалык болуп жарыяланган. 1- Балкан согушунда (1912-13) Б. Түркияга каршы Балкан союзун түзүүгө демилгечи болуп, анын айрым аймактарын өзүнө каратканы менен, 2- Балкан согушунда (1913) мурдагы жерлеринен айрылган. Б. 1-дүйнөлүк согушта Германия менен Австрия-Венгрия тарапта салгылашты. 2-дүйнөлүк согушта Болгария алгач бейтараптык саясат жүргүзүүгө аракеттенгендиги менен, 1941-ж. Германия, Италия жана Япония ортосунда түзүлгөн Үчтүк Союз пактысына кол коюп, фашисттик блокко кошулган. 1944-ж. 9-сентябрда Болгарияга Кызыл Армиянын аскерлери кирип, өлкөдө болуп өткөн мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында бийлик алмашат. 1946-ж. 15-сентябрда монархиялык башкаруу жоюлуп, Болгария Элдик Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланат. 1946-89-ж. Болгария социалдык өнүгүү жолун тандаган мамлекеттердин катарында Экономикалык өзара жардамдашуу советине (1949), Варшава келишимине (1955) мүчө болгон. 1955-ж. Болгария БУУга мүчө болуп кабыл алынган. 80-жылдардын аягында өлкөдө башталган саясий-экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, 1991-ж. чейин өкмөттү башкарып келген Болгария коммунисттик партиясы бийликтен кетет. 1991-ж. Болгариянын жаңы Конституциясы кабыл алынып, өлкө Болгария Республикасы деп аталат. 1996-ж. Демокр. күчтөр союзунун өкүлү П. Стоянов президент болуп шайланган.
 
==Экономикасы==
Болгария экономикасы орточо өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. 1990-ж. СССР менен болгон байланыш солгундагандан баштап өлкөдө терең экономикалык кризис болгон. 1996-жылдын аягынан 1997-жылдын башынан экономикалык өнүгүү турукташа баштаган. Ички дүң продукциясынын көлөмү 61,6 млрд доллар (2004; АКШ, аны киши башына бөлүштүргөндө Европа кеңешине кирген өлкөлөрдүн орточо дегээлинин <sup>1</sup>/<sub>3</sub>инен аз. Ички дүң продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 58,4% , өнөр жайыныкы 30,1% , айыл чарбаныкы 11,5%ти түзгөн. Өнөр жайынын башкы тармагы: азык-түлүк, ичимдик жана тамеки өндүрүшү. Болгариянын отун-энергетикасында нефть продукциялары 24,3% , жаратылыш газы 14,8% , ташкөмүр жана лигнит 38,1% , атом энергиясы 20,1% , гидроэнергия 2,7%ти түзөт. Энергия ресурстарынын (нефть, газ, ташкөмүр, ядро отуну) 70%ин сырттан, негизинен Россиядан алат. Күрөң көмүр жана лигнитти казып алуу 38 млн (1987) о дан 26,5 млн д га (2004) чейин кыскарган. Ошондой эле нефть (жылына 26,5 миң о, 2004), жаратылыш газы (333 млн м<sup>3</sup>, Кара деңиздин шельфинен) казылып алынат. 2004-ж. 42,6 млрд кВт[С электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 52%ке жакыны ЖЭСке, 40% АЭСке туура келет. Ири ЖЭСтери: «Марица-Чыгыш-2» (кубаттуулугу 1450 МВд), Варна (1260 МВт) жылуулук электр борборлору; АЭСтери: Козлодуй (3700 МВт), «Белене» (курулууда; долбоор боюнча кубаттуулугу 2000 МВт); Рила-Родопи тоо массивиндеги ГЭС каскадына, ошондой эле Белмекен-Чаир ГЭС-ГАЭС комплексине өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 8% туура келет. 2002-ж. 1,5 млн о болот прокаты, 70 миң о дай коргошун, 80 миң о дан ашык цинк, 41 миң о жез жана жез эритмеси өндүрүлгөн. Машина куруу өнөр жайынан кеме куруу заводдору (Варна, Бургас, Русе), станок жана инструмент өнөр жай өндүрүштөрү, байланыш, радио-телевизор, ЭЭМ (София), электртехника (Стара-Загора, Пловдив, Радомир), вагон куруу (Бургас), химия өнөр жайы үчүн жабдуу чыгаруучу ишканалары (Хасково) иштейт (2005). Балкан жаңы аймагындагы эң ири «ЛукойлНефтхим» химиялык комбинаты (жылына 10 млн о га жакын чийки нефть иштетилет), синтетикалык каучук (Пазаржик), минералдык жерсемирткичтер жана пестициддер (Димитровград, Стара-Загора, Плевен жана башка) өнөр жайлары бар. Парфюмерия-косметика, фармацевтика өнөр жайларынын продукциялары экспорттолот. Жыгачты Россиядан (Коми Республикасынан) алат. Текстиль өнөр жайында жылына 70-90 млн м кездеме токулат; борборлору: София, Пловдив, Габрово, Сливен, Варна, Панагюриште. Жылына 60-70 миң о жашылча-жемиш консервасын, 57,9 миң о өсүмдүк майын, 153 миң о кант, 83,6 млн л шарап, 23,7 миң о тамеки өндүрүлөт (Благоевград, София, Стара-Загора, Пловдивде шарап, тамеки, жашылча-жемиш), консервалары жана башка азык-түлүк товарлары даярдалат; көбү экспорттолот. Болгарияда 1990-ж. агро реформа жүргүзүлүп, жеринин көп бөлүгү мурунку жер ээлерине кайтарылып, айыл чарбага жарактуу жери майдаланып, бөлүнүп кеткен. Натыйжада жер пайдаланууда олуттуу проблема түзүлгөн. Айыл чарбасы 2002-ж. 1990-жылга салыштырмалуу 12%ке төмөндөгөн. Жер ээлеринин өндүрүштүк кооперативдери, фермер чарбалары түзүлүүдө. Айыл чарбага жарактуу жери 5,3 млн га (2003), же өлкөнүн аянтынын 48%тейи; анын ичинде 3,2 млн га сы иштетилет. Айдоо аянттарынын басымдуу бөлүгү Дунай түздүгүндө жана Жогорку Фракия ойдуңунда (50-70%) жайгашкан. Сугат жери 800 миң га. Бак-дарак өстүрүү жана жүзүмчүлүк Стара-Планина жана Родопи тоолорунун этектеринде, ошондой эле Кюстендиль ойдуңунда өнүккөн. Дан эгиндери (3,3 млн о буудай, 1,4 млн о жүгөрү, 1,0 млн о арпа), тоют өсүмдүктөрү (люцерна, жүгөрүнүн жашыл массасы), күнкарама (700 миң о), тамеки, канткызылча, пахта (түштүк райондорунда) айдалат. Карлови, Казанлык ойдуңдарында, Стара-Планинанын түштүк капталдарында эфир-май берүүчү өсүмдүктөрү (роза, жалбыз, лаванда) өстүрүлөт. Роза майын өндүрүп экспорттоо боюнча Болгария дүйнөдө алдыңкы орунда (2004, 1000 кг га жакын же дүйнөлүк өндүрүштүн <sup>1</sup>/<sub>3</sub>). Огородчулук өнүккөн. 2004-ж. 600 миң о картошка, 400 миң о помидор, 160 миң о калемпир, 130 миң о бадыраң, 120 миң о капуста, 80 миң о пияз, 210 миң о дарбыз жыйналган. Жемиш бактарын (алма, өрүк, алмурут, шабдалы ж. б.) өстүрүү жана жүзүмчүлүк (400 миң о; жүзүмдөн шарап жасалат, бир бөлүгү экспорттолот) өнүккөн. Мал чарбасында майда жандык басымдуу. Кой, эчки (2004-ж. 2,4 млн баш), чочко (945 миң), бодо мал (701 миң), үйкушу (21 млн) асыралат. Өлкө табигый климаттык, маданий-тарыхый жана башка рекреациялык ресурстарга бай. Кара деңиз жээгиндеги климаттык курорт зоналары Албена Алтын-Кум Варна жана Күнөстүү Жээк Несебыр Поморие Бургас. Тоо климаттык жана бальнеол. курортторго, түрдүү спорт оюндарын өткөрүүчү жайларга жана эсалуу борборлоруна (Витоша, Рила, Пирин, Родопи тоо массивдеринин капталдарында, Струма жана Места дарыясынын өрөөндөрүндө) бай. Көптөгөн тарыхый, архитектуралык эстеликтер бар. Жылына 4 млндон ашык турист келет. Болгариянын аймагынан эл аралык транспорт коридорлору темиржол тармагы, автомагистралдар (Белград София Пловдив Стамбул жана София Солоники Афины) өтөт. Бул жолдор тармагы Батыш жана Борбордук Европаны Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштырат. Автомобиль жолунун уз. 37,3 миң км (анын ичинде асфальтталганы 35,0 миң км), темиржолунуку 4294 км (анын ичинде 4049 кми европалык стандартка ээ, анын 2710 кми электрлештирилген), ички суу жолунуку 470 км. Дунайдагы негизги дарыя порттору: Русе, Лом. Деңиз соода флотунун тоннажы 758,0 миң рег.бр.-о же 1115,2 миң о дедвейт (2005). Башкы деңиз порту Бургас. Куур магистралынын узундугу 2920 км (анын ичинде газ кууру 2425 км, нефтиники 339 км, нефть продукциясын өткөрүүчү куурдуку 156 км). Өлкөдө 5 эл аралык аэропорт (София, Пловдив, Варна, Бургас, Горна-Оряховица) бар. Башкы авиакомпаниясы «Bulgaria Air». Сырттан машина жана анын жабдууларын, металл жана анын эритмесин, химикаттарды, пластика, отун жана башка алып, сыртка жеңил өнөр жайынын продукцияларын (кийим-кечек, кездеме, буткийим), металл, машина жана анын жабдууларын, нефть, нефть продукцияларын, химикаттарды, азыктүлүк товарларын жана суусундуктарды чыгарат. Сырткы соодасынын 50%тен ашыгы Европа Союзу өлкөлөрүнө туура келет; негизги соода шериктештери: Италия, Германия, Түркия, Бельгия, Грекия, АКШ, Франция (импорт); Германия, Италия, Россия, Грекия, Түркия, Франция, Австрия (экспорт).
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Болгария" булагынан алынды