Кырым татарлары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
No edit summary
1-сап:
'''Крым татарлары''' - түрк тилдүү элдин аталышы. Крым жарым аралынын түпкү, жергиликтүү калкы. Түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында батыш, хунну тобунун кыпчак-половец бутагында сүйлөшөт. Акыркы маалыматтар боюнча бул элдин жалпы саны 500 миң чамалуу. II дүйнөлүк согуш мезгилинде сталиндик репрессияга дуушар болушкан. Калктын дээрлиги Өзбек- станӨзбекстан, Казакстан, Урал тарапка зордоп (депортация) көчүрүлгөн. Крым татарлары этностук бир жалпылыкты түзүшкөн эмес. Жарым аралдын деңиз жээк аймактарын байырлагандар «крым татарлары» деп аталат. Түздүктөгү жашаган калк, өзгөчө Керч (Кериш бет) жарым аралындагылар өздөрүн «ногай», «ногайцы» же 13-к. чингизид Ногой нойондун урпактары экендигин белгилешет. Крымдын чөл тарабындагылар, көчмөн жана жарым көчмөн шартта жашагандары «кыпчак» (кыпшак) деген ат менен белгилүү. Тоолуу аймактарды мекендегендер тат же таттар (татлар) деп аталышат. Жарым аралдын түпкү калкы өздөрүн «татар» деп аташкан эмес. «Татар» же «крым татарлары» сырттан берилген, таңууланган ат, экзоэтноним. 17-к. акындар өздөрүн «кыпчак» элинин өкүлдөрү деп жазышканы маалым. Бүгүнкү күнү да улуу муундун өкүлдөрү элдин «кыпчак», «ногой», «крым түрктөрү», «крымдыктар» деп аташкандыгын эскеришет. Тарыхый маалыматтар «крым татарлары» деген энчилүү аттын [[Крым хандыгы]] доор сүргөн мезгилинде калыптангандыгын чагылдырат. Бул субэтностук топтордун диалектилеринен орто крым татар адабий тили калыптана баштаган. Деңиз боюнда жашаган калкта огуз тилинин тийгизген таасири чоң. Ал эми жарым аралдын калган бөлүгүндө кыпчактар негизги ролду ээлешкен. Бүгүнкү крым татар тили коомдук функцияны толук канааттандырат.
 
Жарым аралды түрк тилдүү уруулар б.з. 7-к. (хазарлар, болгарлар жана башкалар), андан соң печенектер, 10-к. кыпчактар өздөштүрө башташкан. 12-к. Алтын Ордонун курамына кирет. Мамлекеттин калкынын негизин кыпчак тилдүү уруулар түзгөн. 1443-ж. Крым хандыгы негизделип, 1477-ж. 1778-ж. чейин Осмон империясына вассалдык көз каранды абалда болгон. 1778-ж. орустар басып алгандан соң, жарым аралга славян, грек, еврей, кавказ улутундагылар көчүп келе баштаган. 1921-ж. Крым Автономиялуу республикасы негизделип, 1944-ж. жоюлган. Депортацияга кабылган крым татарлары учурда өз тарыхый мекенине көчүп барышууда. Крым татар жана кыргыздардын этностук-маданий алакаларын уруу-урук, жер-суу, эн тамга аталыштарындагы, элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүндөгү жалпылыктар чагылдыра алат. Крым татарларынын курамында «бүйүк кыргыз» (чоң кыргыз), «кичиг кыргыз» (кичүү кыргыз) аттуу уруулар бар. «Кыргыз», «казак-кыргыз» эн тамгалары жөнүндө таанымал аалым [[Акчокраклы Осман|А.Акчокраклы]] өз мезгилинде жазгандыгы белгилүү. Маалыматтар бул аймакта «кыргыз» топонимдери да кездешерин баяндайт. Илимде кыргыздардын этностук жүзүнүн, тилинин калыптанышында ногой-кыпчак (ногайлы) доорунун ролу жөнүндө иликтөөлөр белгилүү.
 
==Колдонулган адабияттар==
 
*[[Каратаев, Олжобай Кубатбекович|О.Каратаев]], [[Эралиев, Салайдин Нуралиевич|С.Эралиев]]. [[Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк]]. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
[[Категория:Этнография]]