Зат алмашуу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
зат алмашуу
1-сап:
'''Зат алмашуу '''- [[организм|организмде]] бардык [[биохимия|биохимиялык]] процесстердин жыйындысы. З.а. [[организм|организмдин]] өсүп-өнүшүн, өзүн-өзү сактоосун жана жаратуусун камсыз кылат. З. а-да организм айлана-чөйрөдөн түрдүү заттарды сиңирип, аларды өзгөртүп өз затына айлантат (ассимиляция процесси). Ушул эле убакта ассимилляцияга тескери диссимиляция процесси жүрүп, организм клеткаларындагы заттар ажырап, анын орду жаңы [[химия|химиялык]] заттар менен толукталат. З. а-да витамин, ауксин, фермент, гормон, фотосинтез, гумордук факторлор чоң роль ойнойт. Жагымсыз шарттар З.а-нун бир калыпта жүрүшүнө тоскоол болуп, организмди жарым жартылай же толук өлүмгө учуратат. [[Жер|Жерде]] жашаган түрдүү [[организм|организмде]]рдегиорганизмдердеги З.а. процесстери бири менен өз ара байланыштуу. Малдын организиминде курчап турган чөйрөдөн тоют менен [[белок|белок,]] [[углеводдор|углевод,]] май, [[витаминдер|витамин,]] [[минералдык туздар|минералдык туз,]] суу, кычкылтекти кабыл алып, акыркы азыктары – көмүр к-сы, суу, аммиак, жана [[мочевина|мочевинаны]] бөлүп чыгарат. Мында ассимиляция жана диссимиляция процесстеринин бири бирине катышы малдардын жашына, [[физиология|физиологиялык]] абалы жана өөрчүү стадиясына жараша болот. [[организм|организмдин]] сырткы чөйрөдөн кабыл алган затына жараша З. а. белок, май, углевод, суу жана минералдык алмашуу болуп бөлүнөт.
 
Белок алмашуу – малдын организимине тоют менен келип, ичеги-карында [[ферменттер|ферменттер,]] ичеги-карын зилинин (пепсин, трипсин) таасиринен пептид жана амин к-тасына ажырайт. Ажыраган заттар канга сиңип, ткандарга тарайт, белокту синтездейт. [[Белок]] акыркы продуктулар – амин к-тасы, аммиак, көмүр кычкыл газ жана сууга ажырап, сыртка бөлүнүп чыгат.
 
Май алмашуу''' '''– малдын организимине келип түшкөн, ткандардагы май, ошондой эле май сымал заттардын [[химия|химиялык]] айланышынын жыйындысы. Майлар (липиддер) негизинен малдын ичегисинде липаза, лецитиназа, коламин – фосфотаза, глицерофосфотаза [[ферменттер|ферменттеринин]] катышуусу менен моноглицерид, глицерин, холестеринге ажырайт да ичегиге сиңет. Майда [[витаминдер]] жана өт к-тасы чоң мааниге ээ.
 
Углевод алмашуу – малдын организминдеги негизги энергия булагы. Углеводду (целлюлоза, гемилцеллюлоза) малдын организми негизинен тоюттан алат. Татаал углеводдор тамак сиңирүү жолдорунда амилаза, мальтоза, сахароза ферменттеринин таасири монсахариддерге (глюкоза, фруктоза, галактоза) ажыратат.
 
Суу жана [[минералдык заттар|минералдык заттардын]] алмашуусу. Суу [[организм|организмде]]гиорганизмдеги бардык [[биохимия|биохимиялык]] процесстерге катышат. Суу организимде [[белок|белок,]] [[углеводдор|углевод]] жана майдын кычкылданышынын акыркы продуктусу катары тынымсыз пайда болуп турат. Ал канга сиңип, бүт орган, ткандарга тарайт. Суу негизинен малдардын терисинде жана [[булчуң системасы|булчуң]]ундабулчуңунда көп болот. Суунун жок болушу малдын [[физиология|физиологиялык]] процессинин бузулушуна жана өлүмгө дуушар кылат. Ал эми өсүмдүктөрдөгү З. а. башка жандуу [[организм|организмдин]] энергия булагы катары жарыктын электромагниттик энергиясын пайдаланып, фитосинтез процессинде түрдүү орг. бирикмелерди [[химия|химиялык]] [[энергия|энергияга]] айландырышы менен айырмаланат. [[Өсүмдүктөр]] сиңирген заттар татаал өзгөрүүлөргө учурап, энергия менен толукталат жана орг. бирикмелер - белок, углевод, майларга айланат. Жашыл өсүмдүктөр [[фотосинтез]] процессинде көмүр кычкыл газына (СО2) ассимиляцияланып углеводдорду пайда кылат. Өсүмдүктөрдөгү З. а. процессин изилдөөнүн жыйынтыгы селекциялык иштерде, агротехникалык ыкмалардын комплексин иштеп чыгууда илимде кеңири колдонулат.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Зат_алмашуу" булагынан алынды