Липа: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Не правильно напиано
1-сап:
'''Липа''', жөкө дарак (Tilia) – өсүмдүктөрдүн липалар тукумундагы жалбырагы күбүлмө дарактар уруусу. Бийиктиги 15–25 м, айрымдары 40 мгем-ге жетет. Сөңгөгүнүн жоондугу 2–5 мдейм-дей. Жалбырагы көбүнчө тишчелүү, сабакта кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же саргыч, жыттуу. Топ гүлү – калканча же чачы сымал. Мөмөсү – жаңгакча. Липа демейде 150, айрым түрлөрү 500дөн ашык жылга чейин өсөт. Уругунан жана чырпыгынан көбөйөт. Липанын дүйнөдө 50дөй, КМШ өлкөлөрүндө 17 түрү бар. Кеңири таралган түрлөрү – жүрөк сымал липа, европа липасы, амур липасы. [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] атайын өстүрүлөт. Липа кооз болгондуктан, жашылдандырууда колдонулат, балдуу өсүмдүк. Гүлү («липа гүлү») дары каражаты катары, чайга, шарапка жыт берүү үчүн пайдаланылат. Жыгачы буюм жасоодо да пайдаланылат.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Липа" булагынан алынды