Бабур атындагы Ош Мамлекеттик Академиялык өзбек музыкалуу драма театры: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
19-сап:
'''Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалык драма театры''' алгач (1919-жылдан) өз демилгелүү драма ийрими болуп, 1932-ж. профессионал музыкалуу драма театры катары Ош шаарында уюшулган. Театр 1929–34-ж. А. Орозбековдун, 1934–92-ж. С. М. Кировдун ысмын алып жүргөн, 1992-жылдан Бабурдун атында. Театр концерт программасы менен бирге драма жана музыкалык драма спектаклдерин коёт. 1934-ж. концерттик программа менен Москва, Ленинград шаарында гастролдо болгон. Койгон белгилүү спектаклдери: К. Яшен, «Эки коммунист» (1933); Г. Зафари, «Халима» (1933); К. Гоцци, «Турандот каныша», Н. Гоголь «Текшерүүчү» (1934); Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна» (1936); Хамза, «Бай жана батрак» (1939), «Майсаранын жоруктары» (1941); И. Акрамов, «Адолат» (1950, 1975); Г. Гулам, «Ташбалта ашык» (1960, 1974); К. Маликов, «Бийик жерде» (1960); К. Жантөшев, «Тоо бүркүтү» (1965), Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу» (1966); А. Рахмат, «Абдулла Набиев» (1967); Ш. Рашидов, «Кубаттуу толкун» (1969); А. Абдугафуров, «Ач көздүк» (1972); Т. Абдумомунов, «Ашырбай» (1974); Н. Байтемиров, «Уркуя» (1977) ж. б. Алгачкы артисттери: Рахмонберди Мадазимов, Бекназар Назаров, Уринбой Рахмонов, [[Тарак, Абдулла Файзулла|Абдулла тарок Файзуллаев]], Журахон Рахмонов, Разия Муминова, Лайлихан Маидова ж. б. Режиссёрлору: Ф.Я. Литвинская, С. Юлдашев, Э. Мурадов, С. Умаров, сүрөтчүсү Т. Сафаров, дирижёру Т. Арифхожаев. Театрда Кыргыз ССР эл артисти [[Салиева, Турсунхан|Турсунхон Солиева]], Кыргыз ССР эмгек сиңирген артисттери Ж. Рахмонов, Х. Хасанов, Т. Урунова ж. б. иштеген.
 
== Театрдын негиздөөчүлоорунегиздөөчүлөрү ==
# [[Мадазимов Рахмонберди|Рахмонберди Мадазимов]] ( [[1914]] жылдан)
# Бекназар Назаров