Алжир шаары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Алжир шаары''' - (ар. Аль-Жазаир) - Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын борбору. Алжир вилайетинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Алжир булуңунун батыш жээгинде, Атлас тоо системасындагы Телль-Атлас кырка тоосундагы Журжур тоосунун капталында жайгашкан. Калкы 2,0 млн (2005; Чоң Алжир агломерациясында 5,5 млн). Жер ортолук деңиздеги порт (жылына 23-29 о жүк ташылат). Эл аралык аэропорт Алжир- өлкөнүн ири өнөр жай жана маданий борбору. Машина куруу, тамак-аш (шарап, май), текстиль, химия, нефть ажыратуу өнөр жайы иштейт. Метрополитен, университет, улуттук китепкана, архив (1971), музей (алгачкы коомдун тарыхы жана этнографиясы), театр, ботаникалык бак бар. Кинематографиянын улуттук борборунда 1985-жылдан театралдык фестивалдары өткөрүлүп турат. 10-кылымда Икозиум тургун жайынын калдыгынын ордунда негизделген. 1830-1962-ж. Франция ээлигинин административдик борбору болгон. Касба-чеби (Бүткүлдүйнөлүк мурастын тизмесине кирген) мунаралуу (1323). Чоң мечит (1096) мунаралары менен сакталган.
 
[[Категория:География]]
[[Категория:Алжир]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:ГеографияАлжир]]
[[Категория:Африканын борбор шаарлары]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Алжир_шаары" булагынан алынды