Ош уезди: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
106-сап:
[[1917]] жылдын май айы аягында [[Ош шаары]]нда [[РСДРП]] легалдуу топү түзүүлдү. Ага [[Аношин Александр Григорьевич|А.Г. Аношин]], [[Султанов, Балтакожо|Б.С. Султанов]], К. Кабулджанов, [[Сарымсаков, Мухамед Кадырович|М. Сарымсаков]] кирген. [[1918]] жылдын август айына чейин Оштогу [[большевиктер]] [[партия]]лык уюму 26 адамды гана түзгон. [[Фергана облусу]]нун Кеңештердин 6-[[курултай]]ынан (6-7 декабры [[1917]] жыл) кийин уездарда бийлик Кеңештерге өтду жана [[Ош шаары]]нда бийлик Ош Кеңешине өтүшү жөнүндө жарыяланган.
 
[[Мусулман]] жана [[чайрыкер]] [[депутат]]тардын Ош уезди Кеңеши чечүүчү добуш укугу менен өзүнүн үч өкүлүн: [[Султанов, Балтакожо|Б.С. Султанов]], У. Касымханова, [[Алиев, Юсуп Али Мухаммед|Ю. Алиевти]] уезд Кеңешине киргизди. Кеңештин чечими менен алар жергиликтүү калк [[депутат]]тары деп таанылды. 17 январь [[1918]] жылы кайтадан шайлоо ишке ашырылат жана [[Султанов, Балтакожо|Б.С. Султанов]] Ош уезди Кеңешин [[большевиктер|большевиктештирүүгө]] катышкан жана ал уезддагы [[пролетариат диктатурасы]] органы болуп калды. Ош уезди Кеңешинын башында [[Аношин Александр Григорьевич|А.Г. Аношин]] ([[Ош шаары]]нын [[большевиктер]] уюмунун биринчи төрагасы) жана анын орун басарлары [[Султанов, Балтакожо|Б.С. Султанов]], [[Алиев, Юсуп Али Мухаммед|Ю. Алиевтер]] турду. [[Султанов, Балтакожо|Б.С. Султанов]] [[Алиев, Юсуп Али Мухаммед|Ю. Алиев]] менен бирге уезддик уюмдар менен өнөржай ишканаларында жумушчулардын көзөмөлдөөсүн киргизүү кыймылынын демилгечилери болгон. Советтештирүү [[процесс]]и 5-өлко Кеңештердин [[курултай]]ында бекитилди, 30 апрель [[1918]] жылы [[Түркстан автономия советтик социалисттик республикасы|Түркстан АССР]] түзүүлгөнү жарыяланды, анын курамына [[Кыргызстан]] Түштүгү да кирди. [[Курултай]]дын ишине Ош уезди Кеңешинын [[делегат]]-[[большевиктер]]и [[Аношин Александр Григорьевич|А.Г. Аношин]], [[Султанов, Балтакожо|Б.С. Султанов]], Л.Н. Гречанинов катышкан. 5 декабрь [[1918]] жылы Ош уезди кеңеши уезд-шаардык [[Революциячыл комитеттер|революцион комитети]] болуп кайра түзүлдү<ref>[http://www.centrasia.ru/person2.php?st=1386111814 <small>Центразия Персоны</small>]</ref>.
 
=== [[Ош уезди]] [[милиция]]сын уюштуруу жана жетектөө ===
124-сап:
 
== Ош уездин жоюу ==
Негизги макала: Орто Азиядагы Улуттук-аймактык такыр бөлүнүшүүбөлүнүү
 
Октябрь [[1924]] жылы улуттук-аймактык чектешүүнүн планы ишке ашты, ар бир улуттук топко өз [[автономия]]сын бөлүү каралган. Чектешүүнүн натыйжасында [[Түркстан автономия советтик социалисттик республикасы|Түркстан АССР]] менен бирге анын административдик бөлүүктөрү жоюлду. Жыйынтыгында мурдагы Ош уездинин аймагында [[Ош облусу]] түзүлгөн, ал [[Кара-Кыргыз автономиялуу областы]]нын ([[РСФСР]]) (азыр - [[Кыргыз Республикасы]]) курамына кирген.
 
== Ош уезди башчылары<ref>[http://www.centrasia.ru/cnt.php <small>Центразия Энциклопедические данные</small>]</ref> ==
Орус падышасы убагында Ош уездин башкарган:
* [[1876]]-[[1888]] жылдары - [[Капитан]] Ионов Михаил Ефремович кийинчалик орус армиясын генерал-майору болгон (ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 115-а. Л.25).
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ош_уезди" булагынан алынды