Ош уезди: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
28-сап:
 
== [[Тарых]]ы ==
[[Кокон хандыгы]] [[Орусия империясы]]га кошулуудон кийин [[Фергана облусу]] түзүлдү жана [[1876]] жылы анын курамына кирген Ош уезди негизделген. Ош уезди борбору [[Ош шаары]] менен [[Фергана облусу]] курамында [[Түркстан генерал-губернаторлугу|Түркстан генерал-губернаторунун]] 6 февраль [[1876]] жылдагы буйругу менен түзүлгөн. Ош уезди, борбору [[Ош шаары]] менен 25 253 чакырым калкы 59 760 адам, алардын ичинен [[Ош шаары]]нда [[1881]] ж. болгону 3 950 адам 1049 түтүн жашаган, [[1912]] жылы болсо 45 миңден жогору, ошондой эле болжол менен 900 орус. Ош уезди жана [[Ош шаары]]нда калктын саны өсүшү [[Фергана облусу]]нун [[администрация]]сынын маалыматы боюнча жакшы байкалат, [[1897]] жылы Ош уездинде 161 640 киши, анын ичинде [[Ош шаары]]нда 34 157 адам жашаган. 1 январь [[1910]] жылы Ош уездинде 193 382 адам жашаган. Ош уездине 6 [[болуштук]] жана 50 [[Аксакалдар бийлиги|аксакалдык]] болгон.
 
Шаардын административдик башкаруусү уезд башчысына, орус армиясынын [[офицер]]ине жүктөөлгөн. Ош уезди жана [[Ош шаары]]ны [[Фергана облусу]] [[аскер]] [[губернатор]]у дайындаган [[офицер]]лер башкарган. Ош уезди башчысы бир эле убакта төмөнкүдөй функцияларды аткарган: [[Шаар башкармасы|шаар башчысы]], [[полиция]] башчысы, земский башчысы, [[Шаар башкармасы|шаар башкармалыгы]], [[салык]] төрагасы, [[оорукана]] комитети, уезд жана шаардык коомдук саламаттык комитети, [[казына]]ны ай сайын ревизиялоо, [[Түрмөлөр|түрмө]] бөлүмдөрунө төрагалык кылуучу директор жана башкалар. [[1912]] жылга келип шаардын [[өкмөт]]түк мекемелери көп тармактуу, ар түрдүү жана структуралык так бөлүнгөн болгон. Бул уезд башчысы жана анын жардамчысы, алар бир эле убакта Ош уездин жана [[Ош шаары]]н башкарган, орус армиясынын [[офицер]]лери (тиешелүүлүгүнө жараша [[полковник]] жана [[подполковник]]), уезддик [[врач]]тар жана жер өлчөгүч, шаардык архитектор, участкалык жана [[полиция]] сакчылары, [[Түрмөлөр|түрмөнүн]] башчысы, мировой [[судья]]лар болду.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ош_уезди" булагынан алынды