Ош уезди: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
32-сап:
Шаардын административдик башкаруусү уезд башчысына, орус армиясынын [[офицер]]ине жүктөөлгөн. Ош уезди жана [[Ош шаары]]ны [[Фергана облусу]] [[аскер]] [[губернатор]]у дайындаган [[офицер]]лер башкарган. Ош уезди башчысы бир эле убакта төмөнкүдөй функцияларды аткарган: [[Шаар башкармасы|шаар башчысы]], [[полиция]] башчысы, земский башчысы, [[Шаар башкармасы|шаар башкармалыгы]], [[салык]] төрагасы, [[оорукана]] комитети, уезд жана шаардык коомдук саламаттык комитети, [[казына]]ны ай сайын ревизиялоо, [[Түрмөлөр|түрмө]] бөлүмдөрунө төрагалык кылуучу директор жана башкалар. [[1912]] жылга келип шаардын [[өкмөт]]түк мекемелери көп тармактуу, ар түрдүү жана структуралык так бөлүнгөн болгон. Бул уезд башчысы жана анын жардамчысы, алар бир эле убакта Ош уездин жана [[Ош шаары]]н башкарган, орус армиясынын [[офицер]]лери (тиешелүүлүгүнө жараша [[полковник]] жана [[подполковник]]), уезддик [[врач]]тар жана жер өлчөгүч, шаардык архитектор, участкалык жана [[полиция]] сакчылары, [[Түрмөлөр|түрмөнүн]] башчысы, мировой [[судья]]лар болду.
 
Бара-бара Ошко ар кандай [[адис]]тер жана чиновниктер келе баштады: Топорнин С.А. - 10-[[Түркстан]] аткыч батальондун (Ош [[гарнизон]]унун орус [[аскер]]леринин) зардалы, Попов, И.И. - уезд жер өлчөгүчү, Томашевский Ж.Т. - курулуш башкармалыгынын инженери, Кондратьев Н.Н.- Ош [[Аскердик медицина|аскер ооруканасынын]] биринчи башчысы, Глушков П.Я. - уезд [[ветеринария]]лык [[врач]]и, Орлов В.Ф [[орус-тузем мектептери|орус-тузем мектеп]] башчысы, Яссинский А. И. - улук медициналык [[фельдшер]], Приходько Б. Ф - Ош [[токойчулук]]тардын [[токой]] корукчусу, Ларионов. П. - Ош уезди башчысынын жардамчысы. [[Шаар башкармасы|Шаар башкармалыгынын]] [[депутат]]тары жана талапкерлери ар кандай убакта: Романенко А.Ф., Артемьев, Олифин Л.И. Попов, А.Г., Гречкин Н.А. жана көптөгөн башкалар болгон. Шаардагы тартипти [[полиция]]чылар: Чикунов А.И., Муштин А.Н., Шпилевский А., Грехов Н., Марков В., Рыбальченко Ф.Г. жана башкалар сактаган. Ушул жерден россиялык окумуштуулардун: [[Федченко Алексей Павлович|Федченко А.П.]] ([[1871]]), [[Ошанин Василий Федорович|Ошанин В.Ф.]] ([[1876]]-[[1878]]), [[Мушкетов, Иван Васильевич|Мушкетов И.В.]] ([[1874]]-[[1877]]), [[Северцев Николай Алексеевич|Северцов Н.А.]] ([[1865]]-[[1867]], [[1877]]-[[1878]]), Иванов Д.А. [[Грумм-Гржимайло, Григорий Ефимович|Грумм-Гржимайло]] ([[1884]]-[[1887]]), Громбчевский Б.Л. ([[1889]]-[[1892]]), [[Костенко Л.Ф.|Костенко Л.Ф.]] ([[1876]]-[[1878]]), Зайцев В.Н., [[Корженевский Николай Леопольдович|Корженевский Н.Л.]] ([[1903]]-[[1928]]) жана башкалардын [[Орто Азия]] жана [[Памир]] [[аймак]]тарды [[изилдөө]] боюнча көптөгөн илимий экспедициялары башталган. Шаардык чарбаны шаардык [[депутат]]тар катышуусу менен уезд башчысы башкарган. Шаардын кирешелери[[киреше]]лери 30 800 руб.
 
[[Падышалык Россиянын Кыргызстандагы колониялык саясаты|Падышалык администрациядан]] тышкары, ошондой эле жергиликтүү өкүлдөрүнөн турган тузем [[администрация]]сы иш жүргүзгөн.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ош_уезди" булагынан алынды