Вьетнам: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
1-сап:
{{Мамлекет
|Кыргызча аталышы=Вьетнам СоциалистикСоциалисттик Республикасы
|Расмий аталышы =Cộng Hòa Xã Hội Chủ Nghĩa Việt Nam
|Кыскача аталышы =Вьетнам
6-сап:
|Негизделген=
|Герб=Coat of arms of Vietnam.svg
|Желек=Flag of Vietnam.svg
|Гимндин аталышы=Tiến Quân Ca {{lang|vi|Ðộc lập, tự do, hạnh phúc}} <br /> (Урааны)
|Аудио=
48-сап:
|Штрих коду =
}}
'''Bьeтнам''' - ([вьетнам[Вьетнам тилиндетили|Вьетн.]] Việt Nam;), расмийРасмий аталышы '''Вьетнам Социалисттик Республикасы (ВСР)''',([[Вьетнам тили|Вьетн.]] Cộng Hòa Xã Hội Chủ Nghĩa Việt Nam) — ([[Тьы-ном]] 共和社會主義越南 конг хоа са хой чю нгиа вьет нам) — Түштүк-Чыгыш Азияда, жана Индокытай жарым аралдарынан орун алган өлкө. Вьeтнамдын аймагы кууш тилке түрүндө (жазылыгы түндүгүндө 600 км, борбордук бөлүгүндө 50 км, түштүгүндө 375 км) жарым аралдын чыгышын жээктей меридиан багытында 1750 км аралыкта созулуп жатат. Түндүгүнөн Кытай, батышынан Лаос жана Камбожа менен чектешип, чыгышынан Түштүк Кытай деңизи жана анын булуңу Бакбо (Тонкин), түштүк-батышынан Сиам булуңу чулгап турат. Аянты 329,3 миң км2. Калкы 90,5 млн (2011). Борбору Ханой шаары. Расмий тили вьетнам тили. Административдик-аймактык жактан 59 провинцияга, өзгөчө округка жана борборго баш ийген 5 шаарга; алар 8 экономикалык районго биригет (к. таблица). тарыхый-географиялык. жактан 3кө Түндүк (Бакбо), Борбордук (Чунгбо) жана Түштүк (Намбо) болуп бөлүнөт. Вьeтнам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) (1977), Эл аралык валюта фондунун (1956), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1956), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2007), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1975) мүчөсү. Акча бирдиги донг.
Экономикалык райондору (2006)
Экономикалык
67-сап:
Хонгха дельтасы (Кы- 14812,5 16276,9 Ханой
зыл дарыясынын дельтасы)
==Тарыхы.==
 
Вьeтнамдагы эң эзелки мамлекеттик бирикме – Ванланг – байыркы вьетнам уруулар союзунун базасында калыптанган. Ванлангдын б. з. ч. 1 миң жылдыкта эле жашагандыгы белгилүү. Кийинчерээк анын ордун Аулак жана Намвьет мамлекеттери алмаштырып, б. з. 2-кылымында аларды кытайлар басып алган. Кытай башкаруучуларына каршы боштондук күрөштүн натыйжасында 10-кылымда көз каранды эмес Дайковьет мамлекети орноп, 11-13-кылымда ал борбордошкон күчтүү Дайвьет (1069-жылдан ушундай аталган) империясына айланган. 13-кылымда Дайвьет моңголдордун үч жолку жортуулунун мизин кайтарган. 15-кылымдын башында Кытайдын басып алуу аракетин талкалап, 1427-ж. кытай баскынчыларын өлкөдөн кууп чыккан. 1471-ж. Дайвьет өзүнө коңшу Тьямпа мамлекетин кошкон. 16-кылымдан тартып Индокытайга европалык соодагерлер келе баштаган. Вьeтнам мамлекетинин аймагы 18-кылымдын аягында негизинен азыркы чегинде калыптанган. 1804-ж. Нгуен династиясы бүткүл империяны борбордоштуруп, өлкө Вьетнам аталган. 19-кылымдын 50-80-жылдары Франция тарабынан Вьeтнамды колониялоо башталып, 1884-жылдан толук колониясына айланган. Франция Вьeтнамга Лаос менен Камбожаны кошуп, Француз Индикытайы деп атаган. 1930-ж. Нгуен Ай Куоктун (Хо Ши Мин) жетекчилигинде түзүлгөн Инди-Кытай коммунистик партиясы (ИККП; 1930-ж. октябрга чейин Вьeтнам компартиясы аталган) өлкөдөгү улуттук-боштондук кыймылды жетектеген. 1941-45-жылдары Вьeтнамды япондор оккупациялап алган. 1945-ж. май айында азаттык үчүн күрөшкөн бардык куралдуу күчтөр биригип, Вьeтнам элдик армиясы (ВЭА) түзүлгөн. 1945-жылдын августуна чейин ВЭА өлкөнүн көп бөлүгүн бошоткон. Август революциясынын натыйжасында 1945-ж. 2-сентябрда Хо Ши Мин Убактылуу өкмөттүн атынан Вьeтнамдын көз карандысыздык декларациясын жана Вьетнам Демократиялык Республиканын (ВДР) түзүлгөнүн жарыялаган. 1945-ж. француз аскерлери Сайгонду басып алып, өлкөнүн түштүгүндө согуш баштаган. 1946-47-жылдары франциялык аскерлер Вьeтнамдын көп шаарын, деңиз боюндагы жерлери менен түздүктөрүн караткан. 1949-ж. Франция басып алган аймакта Бао-Дай [Вьeтнамдын борбордук бөлүгүнүн француз үстөмдүгүнүн убагындагы Анаманын императору (1926-45); Вьeтнамдагы Август революциясы (1945) убагында тактыдан баш тарткан] башкарган марионеткалык «Вьетнам мамлекети» түзүлгөн. Вьeтнамдагы согушка 1950-жылдан АКШ ачык кийлигише баштаган. 1950–51-жылдан согуш операцияларын жүргүзүүдөгү демилге ВДРге өтүп, душмандан бошотулган аймагы кеңейген. 1954-ж. Дьенбьенфу жанындагы салгылаш француз аскерлеринин жеңилүүсү менен аяктап, Женева келишимдерине (1954) ылайык Франциянын Вьeтнамдагы согушу токтогон. Келишимге ылайык 17-параллелдеги демаркациялык чек боюнча Вьeтнам эки мамлекетке бөлүнгөн. Өлкөнүн түштүгүндө Вьетнам Республикасы (1959-ж. 31декабрында), Түндүгүндө 1959-ж. Хо Ши Мин жетектеген Вьетнам Социалисттик Республикасы түзүлгөн. Келишимдерде өлкөнү тынчтык жол менен бириктирүү максатында эл аралык көзөмөл астында 1956-ж. жалпы эркин шайлоо өткөрүү каралган. Бирок аны АКШнын башкаруучу чөйрөлөрү үзгүлтүккө учуратып, өлкөнү экиге бөлүү үчүн Вьeтнамдын түштүгүндө Нго Динь Зьем башкарган сайгондук режимди түзгөн. 60-жылдардын ортосунан вьетнамдык эки мамлекеттин ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган. 1961-64-жылдары Сайгон режимине АКШнын согуштук жардамы күчөйт. Бирок патриоттук күчтөрдүн куралдуу каршылыгы улам күчөп, марионеткалык режим узакка создуккан кризиске учураган. Нго Динь Зьемдин бийликтен кулашы (1963, ноябрь) режимди кризистен куткарган жок. Андан көп узабай бир катар аскер төңкөрүштөрү болуп, 1965-ж. АКШнын колдоосу менен генерал Нгуен Ван Тхиеу башкарган аскер хунтасы бийликке келет. Сайгон режимин жана Инди-Кытайдагы позициясын сактоого аракеттенген АКШ 1965-ж. мартта Түштүк Вьeтнамга түздөн түз куралдуу кол салган. 1968-ж. АКШ Түштүк Вьeтнамга америкалык экспедициялык корпусту (1968-ж. жазында 500 миң аскер болгон) киргизүү менен бирге ВДРге абадан кол салган. Вьeтнам маселесин чечүү жолдорун табуу максатында 1968-ж. майда Парижде кош тараптуу (АКШ жана ВДР), 1969-ж. январдан төрт тараптуу [(ВДР, Түштүк Вьeтнамды боштондукка чыгаруунун улуттук фронту (ТВБЧУФ)], АКШ жана Сайгон администрациясы) сүйлөшүүлөр башталган. Бирок АКШ аны согуш жолу менен чечүүгө ниеттенген. 1973-ж. январда Вьeтнамда согушту токтотуу жана тынчтыкты калыбына келтирүү жөнүндөгү Париж келишимине АКШ кол койгон. Ал келишимде АКШнын Түштүк Вьeтнамда аскерлерин кармоодон баш тартышы, ошондой эле Түштүк Вьeтнамда көзөмөлгө алынган эки зонаны [эки администрацияны Түштүк Вьeтнам Респкасынын Убактылуу революциячыл өкмөтү (ТВРУРӨ) жана Сайгон администрациясы)], эки армияны таанууга негизделип, Түштүк Вьeтнам маселесин саясий жол менен чечүү белгиленген. Сайгон администрациясы милдеттенмесин орундатпай, Париж келишимин бузуп, АКШнын жардамы менен армиясын кайрадан куралдандырат. Ал согуш потенциалын күчөтүп, патриот күчтөр бошоткон бардык жерди кайра басып алууга умтулат. 1975-жылдагы жазгы чабуул патриоттордун толук жеңиши менен аяктаган соң Сайгон режими 1975-ж. 30-апрелде кулатылат. Түштүк Вьeтнамдын бүткүл аймагын көзөмөлдөө ТВРУРӨнүн колуна өткөн. 1976-ж. 1-июнда өлкөнүн кайрадан кошулганын жана Вьетнам Социалисттик Республиканын (ВСР) түзүлгөндүгү (борбору Ханой) жарыяланган. 1980-ж. ВСРдин конституциясы кабыл алынган. 90-жылдардан тартып өлкөдө экономиканы либералдаштыруу, саясий системаны реформалоо процесси бир кыйла экономикалык өсүшгөргө алып келген.
==Мамлекеттик түзүлүшү.==
Вьeтнам унитардык мамлекет. Конституциясы 15-апрелде 1992-ж. кабыл алынган. Мамлекеттик жана мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу Улуттук чогулуш, ал 4 жылга шайланат. Мамлекет башчысы президент, аны Улуттук Чогулуш 5 жылга шайлайт. Ал Улуттук коргоо советинин да төрагасы. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт Министрлер Совети ишке ашырат.
==Башкаруучу партия ==
Вьeтнам коммунисттик партиясы өлкөдөгү жалгыз саясий партия болуп саналат.
==Табияты.==
Жээктери негизинен жапыз, кумдуу, начар тилмеленген. Жээк сызыгынын узундугу 2500 кмден ашык. Түндүгүндө Бакбо (Тонкин) булуңу жана андагы Файтсилонг архипелагы, түштүгүндө зор Камау жарым аралында жайгашкан. Кеме токтоого ыңгайлуу бухталар жана булуңдар аз. Эң ыңгайлуу табигый гаваны Камрань булуңу. Жеринин бетинин басымдуу бөлүгүн, негизинен түндүгүн, түндүк-батышын жана ички аймактарын тоолор (негизинен орто бийик жана жапыз) ээлейт. Алар өрөөндөр менен терең тилмеленген. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө бири-бирине жарыш жаткан кыркатоолор жана түштүк-чыгыш багытта созулган тоо массивдеринин тизмеги басымдуулук кылат. Алардын капталдары көбүнчө жантайыңкы. Эң бийик кырка тоосу Хоангльеншон (Фанши чокусу, бийикт. 3143 м), эң узуну Чыонгшон (узундугу 300 кмдей). Түштүк бөлүгүндө тоолору кыры жайпак жазы массивдерден, бөксө тоолордон жана платолордон туруп, узатасынан созулган тилкени түзөт. Алардын басымдуу бийиктиги 500-1500 м, эң бийик жери 3280 м. Эң ирилери Контум, Дарлак, Мнонг бөксөтоолору жана платолору. Жээктеринде түздүктөрдүн эң ирилери, түндүк бөлүгүндө [Хонгха (Кызыл) ж. б. дарыялардын төмөнкү агымдары жана дельталары] жана түштүгүндө (Меконг дарыясынын дельтасы) жайгашкан. Түндүк Вьeтнамдын түндүк-чыгыш бөлүгү тектоникалык жактан Түштүк Кытай платформасына, түштүк-батышы мезозоид бүктөлүү системасына кирет. Вьeтнамдын түндүк бөлүгү кен байлыкка бай жана ар түрдүү; алардын негизгилери: ташкөмүр, темир кен-ташы, коргошун жана цинк, боксит, калай, сейрек жер элементтери. Түштүгүндө таш көмүрдүн, алтындын, молибдендин кендери бар.
==Климаты.==
Муссондук, субэкватордук, түштүгү ысык, түндүгү кышында муздак; нымдуу муссон соккон мезгилде жаан-чачын эң көп жаайт. Өлкөнүн басымдуу бөлүгү үчүн эң нымдуу жайкы түштүк-батыш же түштүк-чыгыш муссону, эң кургакчыл кышкы түндүк-чыгыш муссону болуп саналат. Жапыз жайгашкан аймактарында эң суук айынын орточо температурасы түндүгүндө 15°Сден (январь), түштүгүндө 25,8°Сге чейин (декабрь), эң жылуу айыныкы (түндүгүндө июнь, июль, түштүгүндө апрель) 28-29°С. Кышында түндүгүндө 1500 м бийиктиктен жогору үшүк жүрөт. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 1500-2000 мм, айрым жерлеринде (негизинен тоолордо) 3000 ммден ашык. Өлкөнүн бүт аймагында (чыгыш жээк тилкесинин Зинь тумшугунан Бакбо булуңуна чейинки аралыгынан тышкары) жылдык жаан-чачындын 80%ке жакыны май октябрь, чыгыш жээк тилкесинде август-январь айларына туура келет. Жайдын 2-жарымында жана күзүндө Вьeтнамдын түндүгүндө тайфун болуп турат. Дарыя тармагы жыш, алардын бардыгы Түштүк Кытай деңизинин алабына кирет. Босоголуу. Муссондук жамгырдын сезонунда дарыяларынын деңгээли кескин (10 мге, кээде анданда бийик) көтөрүлүп, чыгымы он эсеге чейин көбөйөт. Түндүктүн жана түштүктүн дарыялары бүт, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү тоолордун батыш капталдарынан башталган дарыялары июнь октябрь, өлкөнүн борбордук бөлүгүнүн чыгыш тоо капталдарынын дарыялары сентябрь-декабрь айларында ташкындайт. Дарыяларынын сугатта жана жергиликтүү жүктү ташууда мааниси зор. Негизги дарыялары: түндүгүндө Хонгха (Кызыл; Вьeтнамдын чегиндеги узундугу 475 км) жана анын ири куймасы Да (Кара); түштүгүндө Меконг (В-га төмөнкү агымы, 220 кмдей бөлүгү гана тиешелүү).
Тоонун латерит топурактары үстөмдүк кылат; жээк тилкесине жана жапыз тоолоруна кызылсары латерит, дарыя дельталарына аллювий, Меконг дарыясынын дельтасынын сырткы чет-жакаларына жана жээктин башка жерлерине саздашкан шор топурактары мүнөздүү. Жеринин бетинин 1/3ине жакынын тропиктик жана субтропиктик токойлор ээлейт. Токоюнун басымдуу бөлүгү экинчи жолу өсүп чыккандар. Тоо этектеринде жана төмөнкү алкактарында дайыма жашыл тропик токою басымдуу. Түндүгүндө 600700 мден жогору, түштүгүндө 1000-2000 м бийиктикте тропиктиктеринде токоюна субтропик жана мелүүн климаттуу алкактарга мүнөздүү дарактар (эмен, бук, каштан, кызылкарагайдын түрлөрү) аралаш өсөт. Түштүгүндө жалаң кызылкарагайлуу токойлор кездешет. Бамбук кеңири таралган. Түштүк-батыштын бөксөтоолоруна жана платолоруна сейрек саванна токою жана саванна мүнөздүү. Жээк түздүктөрүндө маданий өсүмдүктөр басымдуу, пальма, бамбук өсөт. Түздүктөрдүн кыйла бөлүгүн, айрыкча түштүгүн саз өсүмдүктөрү, деңиз суусу киргенде суу астында калган тилкени мангр токою ээлейт.
==Калкы.==
2009-жылдагы эл каттоо боюнча негизинен вьеттер (85,7%), тайлар (1.9), тхайлар (1,8), мыонгдор (1.5), кхмерлер (1,5), ж. б. улут өкүлдөрү жашашат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 273 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 69,7, жаш, аялдарыныкы 74,9. 1999-жылдагы каттоо боюнча элинин 9,3% будда, 6,7% католик, хоа-хоа 1,5%, протемстанттар 0,5%, атеисттер жана жергиликтүү анимистикалык ишенимди туткандар 80,8% түзгөн. Шаар калкы 30%. Ири шаарлары: Хошимин, Хайфон, Ханой, Дананг, Хюэ ж. б.
==Экономикасы.==
==Тарыхы.==
Вьeтнамдагы эң эзелки мамлекеттик бирикме – Ванланг – байыркы вьетнам уруулар союзунун базасында калыптанган. Ванлангдын б. з. ч. 1 миң жылдыкта эле жашагандыгы белгилүү. Кийинчерээк анын ордун Аулак жана Намвьет мамлекеттери алмаштырып, б. з. 2-кылымында аларды кытайлар басып алган. Кытай башкаруучуларына каршы боштондук күрөштүн натыйжасында 10-кылымда көз каранды эмес Дайковьет мамлекети орноп, 11-13-кылымда ал борбордошкон күчтүү Дайвьет (1069-жылдан ушундай аталган) империясына айланган. 13-кылымда Дайвьет моңголдордун үч жолку жортуулунун мизин кайтарган. 15-кылымдын башында Кытайдын басып алуу аракетин талкалап, 1427-ж. кытай баскынчыларын өлкөдөн кууп чыккан. 1471-ж. Дайвьет өзүнө коңшу Тьямпа мамлекетин кошкон. 16-кылымдан тартып Индокытайга европалык соодагерлер келе баштаган. Вьeтнам мамлекетинин аймагы 18-кылымдын аягында негизинен азыркы чегинде калыптанган. 1804-ж. Нгуен династиясы бүткүл империяны борбордоштуруп, өлкө Вьетнам аталган. 19-кылымдын 50-80-жылдары Франция тарабынан Вьeтнамды колониялоо башталып, 1884-жылдан толук колониясына айланган. Франция Вьeтнамга Лаос менен Камбожаны кошуп, Француз Индикытайы деп атаган. 1930-ж. Нгуен Ай Куоктун (Хо Ши Мин) жетекчилигинде түзүлгөн Инди-Кытай коммунистик партиясы (ИККП; 1930-ж. октябрга чейин Вьeтнам компартиясы аталган) өлкөдөгү улуттук-боштондук кыймылды жетектеген. 1941-45-жылдары Вьeтнамды япондор оккупациялап алган. 1945-ж. май айында азаттык үчүн күрөшкөн бардык куралдуу күчтөр биригип, Вьeтнам элдик армиясы (ВЭА) түзүлгөн. 1945-жылдын августуна чейин ВЭА өлкөнүн көп бөлүгүн бошоткон. Август революциясынын натыйжасында 1945-ж. 2-сентябрда Хо Ши Мин Убактылуу өкмөттүн атынан Вьeтнамдын көз карандысыздык декларациясын жана Вьетнам Демократиялык Республиканын (ВДР) түзүлгөнүн жарыялаган. 1945-ж. француз аскерлери Сайгонду басып алып, өлкөнүн түштүгүндө согуш баштаган. 1946-47-жылдары франциялык аскерлер Вьeтнамдын көп шаарын, деңиз боюндагы жерлери менен түздүктөрүн караткан. 1949-ж. Франция басып алган аймакта Бао-Дай [Вьeтнамдын борбордук бөлүгүнүн француз үстөмдүгүнүн убагындагы Анаманын императору (1926-45); Вьeтнамдагы Август революциясы (1945) убагында тактыдан баш тарткан] башкарган марионеткалык «Вьетнам мамлекети» түзүлгөн. Вьeтнамдагы согушка 1950-жылдан АКШ ачык кийлигише баштаган. 1950–51-жылдан согуш операцияларын жүргүзүүдөгү демилге ВДРге өтүп, душмандан бошотулган аймагы кеңейген. 1954-ж. Дьенбьенфу жанындагы салгылаш француз аскерлеринин жеңилүүсү менен аяктап, Женева келишимдерине (1954) ылайык Франциянын Вьeтнамдагы согушу токтогон. Келишимге ылайык 17-параллелдеги демаркациялык чек боюнча Вьeтнам эки мамлекетке бөлүнгөн. Өлкөнүн түштүгүндө Вьетнам Республикасы (1959-ж. 31декабрында), Түндүгүндө 1959-ж. Хо Ши Мин жетектеген Вьетнам Социалисттик Республикасы түзүлгөн. Келишимдерде өлкөнү тынчтык жол менен бириктирүү максатында эл аралык көзөмөл астында 1956-ж. жалпы эркин шайлоо өткөрүү каралган. Бирок аны АКШнын башкаруучу чөйрөлөрү үзгүлтүккө учуратып, өлкөнү экиге бөлүү үчүн Вьeтнамдын түштүгүндө Нго Динь Зьем башкарган сайгондук режимди түзгөн. 60-жылдардын ортосунан вьетнамдык эки мамлекеттин ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган. 1961-64-жылдары Сайгон режимине АКШнын согуштук жардамы күчөйт. Бирок патриоттук күчтөрдүн куралдуу каршылыгы улам күчөп, марионеткалык режим узакка создуккан кризиске учураган. Нго Динь Зьемдин бийликтен кулашы (1963, ноябрь) режимди кризистен куткарган жок. Андан көп узабай бир катар аскер төңкөрүштөрү болуп, 1965-ж. АКШнын колдоосу менен генерал Нгуен Ван Тхиеу башкарган аскер хунтасы бийликке келет. Сайгон режимин жана Инди-Кытайдагы позициясын сактоого аракеттенген АКШ 1965-ж. мартта Түштүк Вьeтнамга түздөн түз куралдуу кол салган. 1968-ж. АКШ Түштүк Вьeтнамга америкалык экспедициялык корпусту (1968-ж. жазында 500 миң аскер болгон) киргизүү менен бирге ВДРге абадан кол салган. Вьeтнам маселесин чечүү жолдорун табуу максатында 1968-ж. майда Парижде кош тараптуу (АКШ жана ВДР), 1969-ж. январдан төрт тараптуу [(ВДР, Түштүк Вьeтнамды боштондукка чыгаруунун улуттук фронту (ТВБЧУФ)], АКШ жана Сайгон администрациясы) сүйлөшүүлөр башталган. Бирок АКШ аны согуш жолу менен чечүүгө ниеттенген. 1973-ж. январда Вьeтнамда согушту токтотуу жана тынчтыкты калыбына келтирүү жөнүндөгү Париж келишимине АКШ кол койгон. Ал келишимде АКШнын Түштүк Вьeтнамда аскерлерин кармоодон баш тартышы, ошондой эле Түштүк Вьeтнамда көзөмөлгө алынган эки зонаны [эки администрацияны Түштүк Вьeтнам Респкасынын Убактылуу революциячыл өкмөтү (ТВРУРӨ) жана Сайгон администрациясы)], эки армияны таанууга негизделип, Түштүк Вьeтнам маселесин саясий жол менен чечүү белгиленген. Сайгон администрациясы милдеттенмесин орундатпай, Париж келишимин бузуп, АКШнын жардамы менен армиясын кайрадан куралдандырат. Ал согуш потенциалын күчөтүп, патриот күчтөр бошоткон бардык жерди кайра басып алууга умтулат. 1975-жылдагы жазгы чабуул патриоттордун толук жеңиши менен аяктаган соң Сайгон режими 1975-ж. 30-апрелде кулатылат. Түштүк Вьeтнамдын бүткүл аймагын көзөмөлдөө ТВРУРӨнүн колуна өткөн. 1976-ж. 1-июнда өлкөнүн кайрадан кошулганын жана Вьетнам Социалисттик Республиканын (ВСР) түзүлгөндүгү (борбору Ханой) жарыяланган. 1980-ж. ВСРдин конституциясы кабыл алынган. 90-жылдардан тартып өлкөдө экономиканы либералдаштыруу, саясий системаны реформалоо процесси бир кыйла экономикалык өсүшгөргө алып келген.
==Экономикасы.==
Вьeтнам өнөр-жайы өнүккөн агрардык өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 251,8 млрд доллар (АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 3 миң доллардай туура келет (2005). Ички дүң продукциясында айыл жана токой чарбасыны үлүшү 36,6%, өнөр-жайыныкы 20,9%. Нефть, ташкөмүр, апатит, хромит, темир кен-ташы, калай, вольфрам казылып алынат. 2004-ж. 46 млрд кВт.с электрэнергиясы өндүрүлгөн. Кара жана түстүү металлургия, металл иштетүү жана машина куруу, химия өнөр-жайлары өнүккөн. Курулуш материалдарын чыгарат. Жыгач иштетүүчү жана целлюлоза-кагаз, каучук иштетүү ишканалары, жеңил жана тамак-аш (күрүч актоо, кант, чай, кофе ж. б.) өнөр-жайлары бар.
Айыл чарбасында жердин 26% иштетилет, кээ бир райондордо жылына 2-3 жолу түшүм алынат. Шалы (негизги азык-түлүк продуктусу), батат, жүгөрү, пахта, жут, кант тростниги, чай ж. б. өстүрүлөт. Каучук плантациясы бар. Жашылча-жемиш өстүрүлөт. Бодо мал, чочко багылат. Балык кармалат.
Темир жолунун узундугу 2,6 миң км; (анын ичинде 2169 км кууш колеялуу) авто жолунуку 126 миң км; ички суу жолунун узундугу 17,7 миң км. Деңиз соода флотунун тоннажы 1170,6 миң бр.-рег. о, 2005). Жалпы куур транспортунда узундугу 851 км (анын ичинде 3 кми нефть кууру, 642 кми газдыкы). Ири порттору: Хошимин, Хайфон, Дананг, Хонгтай, Камфа. Нефть, ташкөмүр, күрүч, каучук, балык жана деңиз продуктуларын экспорттойт. Негизги соода шериктештери: Япония, Сингапур, Корея Республикасы, Австралия, Германия, АКШ, Улуу Британия, Кытай, Гонконг, Таиланд.
==Маданияты.==
Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндө билим берүү системасы эки түрдүү түзүлгөн. ВДР болуп жарыялангандан кийин 1945-ж. элге билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган декрет кабыл алынган. 1956-жылдагы реформага жараша 3 баскычтан турган бирдиктүү 10 жылдык мектеп түзүлгөн. Кийин сабатсыздык жоюлуп, өлкө 1976-жылдан 8 жылдык милдеттүү окууга өткөн. Жалпы билим берүүнүн толук курсу 10 жыл. Орто мектеп 7 жылдык. Жалпы билим берүүчү 12 жылдык мектеп өлкөнүн түштүгүндө сакталган. Бирок аларда окуунун мазмуну жана идеялык багыты өзгөртүлгөн. Өлкө бириккенден кийин мектептердин бирдиктүү программасы түзүлүп, Түндүк менен Түштүк үчүн бирдей жаңы окуу китептери чыгарылып, Түшгүктө мугалимдер кайра даярдала баштаган. Жогорку окуу жайларынын саны өскөн. Ханой университетинин (1918-ж. негизделген) базасында 1954-жылдан медициналык-фармацевтика, ад-т, педагогика, айыл чарба, токой чарба институттары ачылган. Бул университетте кийин 1955-ж. химиялык, физилдөө-математикалык, биологиялык. жана коомдук илимий факультеттери менен кайра уюшулган.
Вьeтнам элинин адабияты вьетнам тилинде өнүккөн. Вьeтнамдын байыркы фольклору: Ажыдаар Лактын өкүмдарлыгы, адамдардын теги жана алгачкы окутуучулары; Фу Донг жөнүндөгү баатырдык жомок; Үлүл-чебинин курулушу, ошондой эле каарман эже-сиңдилер Чынг жөнүндөгү мифологиялык уламыштардын жыйындысы (цикл). Ханван тилинде жазылган алгачкы эстеликтерде (10-12-кылым) чечендик өнөр менен кытай адабиятында калыптанган формалар айкалышкан (эски кытай тилинин вьетнамдашкан варианты). Вьeтнам адабияты орто кылымда буддизмдин, кийинчерээк конфуцийчил көз караштын таасиринде өнүккөн. 14-кылымдын аягы - 15-кылымдын 1-жарымында бир катар акындардын чыгармаларында социалдык нааразылык темасы пайда болуп, поэзия вьетнамдардын оозеки тилинде өөрчүйт. Анын бизге жеткен байыркы эстелиги Нгуен Чайдын (13801442) «Эне тилдеги ырлар жыйнагы». 16-17-кылымда ыргактык проза жанрындагы чыгармалар кеңири тараган. Нгуен-Бинь Кхиемдин (14911585) афоризмдик жана ирониялык поэзиясында социалдык адилетсиздик чагылдырылган. 17-кылымдын аягы 18-кылымдын башында тарыхый-эпикалык «Югдун асман китеби» аттуу аңгемеде Вьeтнамдын тарыхый адамдарынын, легендарлуу баатырларынын эрдиктери чагылдырылат. 18-кылымдагы жана 19-кылымдын башындагы Вьeтнам адабиятына Кайра жаралуу доорунун салтына жакындоо жана адамдын ички дүйнөсүнө көңүл буруу мүнөздүү болуп, лирикалык жанр пайда болот. Доан Тхи Дьемдин (1705-48) «Жоокердин даттануусу», Нгуен За Тхиенин (1741-98) «Падышанын ойношунун арызы» аттуу поэмалар жарыяланган. Вьeтнам классикалык адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Нгуен Зунун (1765-1820) «Кыйналган жандын онтоосу» деген поэмасында адамдардын жеке турмушу баяндалат. Француз колониячылары басып киргенден кийин адабият салттуу формада өнүгүп, анда патриоттук мотивдер басымдуулук кылат. 19-кылымдын 2-жарымында колониялык режим орногондон кийин поэзияда сатиралык багыт өөрчүйт. 20-кылымдын башында азыркы прозалык жанрлар: новелла, драма, роман калыптанган. 30-жылдары «Жаңы поэзия» кыймылы башталган. То Хыунун поэзиясы, Хо Ши Миндин «Түрмө күндөлүгү» деген публицистикасы. 20-кылымдын 20-30-жылдарында калыптанган реалисттик багыттын өнүгүшү бардык жанрда [Нгуен Конг Хоандын аңгемелери менен «Акыркы кадам» (1938), Нгуен Хонгдун «Колу туткак аял» деген романдары] айкын көрүнөт. 1945-жылдагы Август революциясынан кийин Вьeтнам адабияты социалисттик реализм багытында өнүккөн. Көркөм-документ жанры да ушул мезгилде өнүгө башгаган. Каршылык көрсөтүү согушу мезгилиндеги (50-жылдардын башында) жаралган повесттер менен романдар [Нгуен Динь Тхинин (1924-ж. т.) «Чабуулу» (1951); Во Хюи Тамдын (1920) «Көмүр бассейни» (1951) ж. б.] коллективдүү каарманды сүрөтөөгө баш койгон. 1957-ж. Вьeтнамда жазуучулар союзу негизделген. Революция тарыхын баяндаган Хюи Тамдын «Шахтёрлор» (1961), Нгуен Хонгдун «Деңиз дарбазасы» (1-2-т., 1961-1973) ж. б. романдарда жаңы каармандардын образы берилген. Поэзияда жаңы коомду куруучулардын лирикалык образдары кеңири сүрөттөлөт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Вьетнам" булагынан алынды