Difference between revisions of "Олжобай Каратаев"

м
no edit summary
Tags: Мобилдик оңдоо Mobile web edit
м
'''Каратаев, Олжобай Кубатбекович''' ({{lang-en|''Oljobay Karatayev''}}); 1963-жылдын 23-августунда туулган - заманбап [[кыргыз]] тарыхчысы жана этнографы, тарых илимдеринин доктору (2003), профессор (2008).
 
Азыркы [[Кыргызстан|Кыргызстандагы]] [[тарых]], [[түркология]], [[ономастика]] жана [[этнография]], Чыгыш элдеринин тарыхы, маданияты тармагында иштеген адистердин бири. [[Кыргыз]] жана [[түрк]] эн тамгалары боюнча ири адис. Кыргыздардын уруулук курамы, этномаданий, этносаясий тарыхы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Кыргыздардын этностук тарыхы, этногенези, кыргыздардан бөлүнүп чыккан бүгүнкү этностук азчылыктар боюнча эмгектердин автору. Диссертациялык ишти (илимдин кандидаттык диссертациясы) тарых илиминде эң биринчи болуп [[Кыргыз тили|кыргыз тилинде]] жазып, коргогон (1994). Энциклопедиялык маанидеги жарык көргөн эмгектердин автору. Учурда [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] тарыхы боюнча жазылып жана изилденип жаткан ири илимий Проектердин катышуучусу, Редакторлук Кеңештердин мүчөсү.
 
==Кыскача өмүр таржымакалы==