Курмангазы Сагырбай уулу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
уикификация
1-сап:
'''Курмангазы Сагырбай уулу''' (1823, Жаңакала аймапы, Жидели конушу, азыр [[Батыш Казакстан облусу]] — 1889, [[Россия]], [[Астрахань облусу]], «Шайтан батага» конушу; сөөгү Астрахань облусунун [[Володар районундагырайону]]ндагы Алтын-Жар айылына коюлган) — [[казактар (калкы)|казактын]] [[күүчү]]-композитору[[композитор]]у, домбрачысы[[домбрачы]]сы. Алгачкы устаты Узак күүчү болгон, кийин атактуу домбрачылар Байжума, Баламайсан, Есжан, Шеркештен таалим алып, өнөрүн өркүндөткөн. Курмангазынын бүткүл өмүрү жана чыгармачылыгы казак жерин даңктоого жана адилетсиздик менен зордук-зомбулукка каршы күрөшкө арналган. Курмангазы 70тен ашык күүнүн автору: «Акбай», «Аксак кийик», «Көбүк чачкан», «Түрмөдөн качкан», «Адай», «Сары Арка», «Кызыл кайың», «Балбыраун», «Кайран энем», «Бал каймак», «Терс какмай» ж. б. Кийин күүлөрүнүн көбү жыйналып, нотага жазылган жана казак эл аспаптар жана симфониялык оркестрлер үчүн иштелип чыккан. Казактын айрым композиторлору Курмангазынын чыгармаларын өздөрүнүн [[опера]], [[хор]], [[симфония]], камералык музыкасына пайдаланган (мисалы, А. Жубановдун «Курмангазы» операсы, Е. Брусиловскийдин «Курмангазы» симфониясы). Казак эл аспаптар оркестри жана Алматы мамлекеттик консерваториясы Курмангазынын ысмында.
[[Категория:Инсандар]]
==Колдонулган адабияттар==