Испания: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
No edit summary
1-сап:
'''Испания''' (Espana), Испания Королдугу (Reino de Espana) – Европанын түштүк-батышындагы өлкө; негизинен Пиреней жарым аралын, ошондой эле Жер Ортолук деңиздеги Балеар жана Питиус, Атлантика океанындагы Канария аралын ээлейт. Түндүгүнөн Биская булуңу, Түндүк-батышынан жана түштүк-батышынан Атлантика океаны, чыгышынан жана түштүгүнөн Жер Ортолук деңиз менен чулганат. Түндүк-чыгышында Пиреней тоолору аркылуу Франция жана Андорра, батышында Португалия, түштүгүндө Гибралтар менен чектешет. Аянты 505,99 миң км<sup>2</sup> (Сеута менен Мелильяны кошкондо – 506,03 миң км<sup>2</sup>). Калкы 44,9 млн (2007). Борбору – Мадрид шаары. Расмий тили – испан тили; автономия областтарында расмий тил укугуна ошондой эле баск (Басктар өлкөсү, Наварра), [[галисия]] (Галисия), каталония (Каталония, Балеар аралдары, Валенсия) тилдери ээ. Акча бирдиги – евро (2002-ж. чейин песета). Администрациялык-аймактык жактан 50 провинцияга ажыраган 17 автономия облуска бөлүнөт (к. таблицаны). Африканын Түндүк жээгиндеги 2 – шаар Сеута жана Мелилья автономия область катары Испанияга түз баш иет.
Испания – БУУнун (1955), Европа советинин (1977), ЕККУнун (1973), НАТОнун (1982), ЭВФтин (1958), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа союзунун (1986) мүчөсү.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Испания" булагынан алынды