Плантация: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Malaysia-tea plantation.jpg|thumb|[[Малайзия|Малайзиядагы]] чай плантациясы]]
'''Плантация''' – 1) техникалык жана маданий өсүмдүктөрдү өстүргөн ири дыйканчылык чарбасы. Анда жалданма жумушчу күчүн жана айыл-чарба техникаларын колдонуп маданий өсүмдүктөр өстүрүлөт, жыйналат, беленделип, сатыкка чыгарылат. Көбүнчө тропик жана субтропиктик аймактарда (кофе, чай, бал камыш, пальма майы, каучук, банан, какао ж. б.), жайылган; 2) айыл-чарба өсүмдүктөрү өстүрүлгөн чон аянт (мисалы, кызылча Плантациясы, чай Плантациясы) ж. б.
 
Плантация ээсин - [[плантатор]] деп аташат.
 
== Тарыхы ==
XIX кылымда өнүккөн [[Европа]] өлкөлөрүнүн [[Азия|Азияда]] жана [[Африка|Африкада]] [[Колония|колонияларынын]] пайда болушу менен плантациялар ачыла баштаган. Плантация ээлери көбүнчө чет өлкөлүктөр болушкан жана алар [[Коом|коомдун]] жогорку катмарындагы адамдары болушса, анда иштеген адамдары төмөнкү катмардан орун алышкан. [[XIX кылым|XIX кылымга]] чейин плантацияда иштегендер кулдар болчу.
 
[[Америка Кошмо Штаттары (АКШ)|АКШ]] өзүнүн ири плантациялары жана көп сандагы товарды өндүрүп чыгарганы менен белгилүү болчу. Кара түстөгү [[Негрлер|негрлерди]] Африкадан алып келишип, көбүнчө түштүк штаттарда иштетишкен жана аларга жаныбарлардай мамиле жасашкан. Пахта, кант тросниги, тамеки жана [[жүгөрү]] плантациялары көп болгон.
[[Категория:Айыл-чарба]]
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Плантация" булагынан алынды