Гималай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Гималай''' - (санскрит тилинде «хималайя» кар турагы) – Жер шарындагы эң бийик тоо системасы. Тибет тайпак тоосу (түндүктө) менен Инд-Ганг түздүгүнүн (түштүгүндө) аралыгында, [[Индия]], [(Непал]], [[Кытай]], [[Пакистан]], [[Бутан|Бутандын]] аймагында. Узундугу 2400 кмден ашык, туурасы 350 кмге чейин. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 6000 м, эң бийик жери 8848 м Жомолунгма (Эверест) чокусу. Бийиктиги 8000 мден ашкан дагы 11 чоку бар. Борбордук Азиянын тоолуу чөлү менен Түштүк Азиянын тропиктик ландшафттарынын ортосундагы орографиялык, климаттык жана флоралык чек болуп эсептелет. Бирок, Гималайда Инд, Cатлеж, Карнали, Арун дарыясынын антецеденттик өтмө капчыгайлары болгондуктан, Инди океанынын алабын Борбордук Азия туюк облусунан бөлүп турган суу бөлгүч Гималай аркылуу эмес, анын түндүгүндөгү Кара-Корум, Трансгималай тоолору аркылуу өтөт. Гималай Инд-Ганг түздүгүнөн 3 баскыч болуп тик көтөрүлөт. Гималайдын 1-баскычы болгон Cивалик кырка тоосу көптөгөн дарыялардын терең капчыгайлары менен тилмеленген; деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 900–1200 м; жазылыгы батышында 120 км, чыгышында 5–10 кмге чейин кууштайт. Бул кырка тоо кийинки баскычтан тоо аралык айрым өрөөндөр дундар тизмеги (Кашмир ж. б.) менен бөлүнгөн. Дундарды мурда көлдөр ээлеп жаткан. Экинчи баскычын Кичи (Жапыз) Гималай түзөт; ал орточо бийиктиги 3000–4000 м, чокулары 6000 мге жеткен тоо массивдеринен жана кырка тоолордон (Пир-Панжал, Дхаоладхар, Махабхарат ж. б.) турат. Тоолору өтө тилмеленген, Түштүк капталдары тик, түндүгү салыштырмалуу жантайыңкы. Кийинки баскычтан тоо аралык тектоникалык ойдуңдар жана байыркы мөңгүлөрдөн пайда болгон чуңкурдуктар (Катманду, Сринагар ж. б.) аркылуу бөлүнөт. Үчүнчү баскычын Чоң (Бийик) Гималай же Башкы Гималай кырка тоосу түзөт; анын жазылыгы 50–90 км. Түндүк-батышта Нангапарбат массивинен (бийиктиги 8126 м) башталат, Чоң Гималайдын бул бөлүгү эң жазы (300 кмден ашык), чет жакалары бийик, алардын аралыгынан бийик тайпак тоолор (Деосаи, Рушпу ж. б.) орун алган. Сатлеж дарыясынын өрөөнүнөн түштүк-чыгышты карап Чоң Гималай мөңгүлүү өтө бийик тоо массивдерин, чокуларды пайда кылат. Тиста дарыясынан чыгышты карай Чоң Гималай кыйла жапыстайт.
 
==Геологиялык структурасы==
Гималайдын геологиялык структурасына бири-бирине жарыш жаткан айрым тектоникалык зоналар мүнөздүү; алар: Гималайдын Түштүк этеги аркылуу созулуп жаткан Инд-Ганг тектоникалык ийилүүсү; Кичи жана Чоң Гималайды камтыган метаморфизмге дуушарланган кембрийге чейинки комплекс; Башкы Гималайдын түндүк капталын, Кашмир ойдуңунун бир бөлүгүн, Инд жана Брахмапутра дарыясынын башатын камтыган кембрийге чейинки, палеозой, мезозой комплекстери (Тибет Гималайы); жаракаларды жээктей жаткан ийилүүлөрдү камтыган бор-палеоген комплекси («Инд флиши»); альп геосинклиналдык комплекси (бор-палеоген). Бул зоналар ири тектоникалык жаракалар менен бөлүнгөн. Көпчүлүк илимпоздордун пикири боюнча Гималай Тетис геосинклиналынын чегинде пайда болгон альп бүктөлүшүнө кирет. Жез, алтын, хромит, сапфир, Гималайдын түндүк этегиндеги ийилүүлөрдө нефть, газ кендери бар.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гималай" булагынан алынды