Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
51-сап:
 
Урматтуу туугандар, бир жакшы кабар. Жалпы мусулмандар [[Мухаммед пайгамбар|Мухаммед пайгамбардын]] {{Салават}}) ысмы угулганда же чыкканда "Салаллоху алейхи ва саллам (Кыргызчасы: Ага Алахтын саламы жана салам дубасы болсун) деп ""Салават" айтуусу керек эле, себеби антпеген мусулманга каргыш болот делген. Ушул маселеде мусулман элдер муну кыскартып "САВ" же "с.а.в." деп жазып жүрүшөт. Мен казак Уикисинен момундай; ({{Салават}}) калыпты көчүрүп алдым, мында салаваттын арапчасы жазылган. Эми мындан баштап сиздерге пайгамбарыбыздын({{Салават}}) аты учураган жерге {{[[Салават]]}} деген калыпты кошуп коёжүрүүнү сунуштайм. --[[Колдонуучу:Kgbek|Kgbek]] ([[Колдонуучунун баарлашуулары:Kgbek|talk]]) 06:21, 29 март 2013 (UTC)
 
== Таухид деген эмне? ==
 
- Таухид деген эмне?
Таухид - Алланын жалгыздыгын
таануу, Ага ибадат кылууда эч кимди
шерик кылбоо.
- Акыйда деген эмне?
“Акыйда” сөзү “байлоо” деген
маанини берет. Аллага болгон
ишенимди ( жүрөктү) Ага (шексиз)
байлоо деп түшүнсөк болот.
Аллага болгон ишенимди төмөнкү 6
шарт бекемдейт:
• Анын жалгыздыгына ишенүү;
• Периштелерине ишенүү;
• Ыйык китептерине ишенүү;
• Пайгамбарларына ишенүү;
• Кыямат күнүнө ишенүү;
• Жакшылык жамандык Аллахтан деп
билүү;
- Адамдар Аллахка болгон ибадатында
качан шерик кошо башташкан?
Адамдар Алла Таала пенделерди
жараткандан тартып туура динде
болуп келишкен. Эч кимиси Аллага
сыйынууда шерик кошкон эмес.
Кийин Нух пайгамбардын доорунда
өтүп кеткен соолих адамдарды
Алланын ортосундагы ортомчубуз
деген сокур ишеним пайда боло
баштаган. Мына ошондон тартып,
адамдар сыйынууда Аллахка шерик
кыла башташкан.
Алла Таала Ыйык Куранда мындай
дейт: “Адамдар (мурда) бир (динди
гана кармаган) үммөт болгон.Анан
Аллах, (Бейиштен) сүйүнчүлүү кабар
берүүчү жана (Тозоктон) эскертүүчү
пайгамбарларды жиберген”. (Бакара:
213)
Алла Таала Кудсий хадисте мына бул
маанини айтат:
“Кулдарымдын бардыгын хунафа
(Жалгыз Аллага сыйынган) кылып
жараттым. Кийин шайтандар келип,
алар менен күрөшүп дининен
адаштырды. Мен адал кылганды
(шайтан) аларга арам кылды. Мен
буйрук кылбаган нерсени
аткарышып, Мага шерик кошууга
аларды буйруду”. (Муслим:63)
Ибн Аббас ( Алла ыраазы болсун):
“Адам (алейхи салам) менен Нух
пайгамбардын (алейхи салам)
ортосунда он кылым өткөндөрдүн
бардыгы Исламды карманышкан.
(Хааким мустадрак, 54-6)
- Туура акыйданын булагын кайдан
алабыз?
Туура акыйда бир гана вахийден
алынат.Тактап айтканда :
1- Алланын китеби Курандан;
2- Пайгамбардын (алейхи салам)
сүннөтүнөн;
Буга далил: Алла Таала Ыйык Куранда
мына мындай деген:
“Эгер Аллах менен Анын пайгамбары
бир ишти өкүм кылса, эч бир момун
эркек, же момун аялга өз иштеринде
ыктыяр калбайт. Кимде-ким (өзү
билемдик кылып) Аллах жана
пайгамбарына баш ийбесе,демек ал
анык адашыптыр! (Ахзаб:36)
Пайгамбар (алейхи салам): “Эй,
адамдар! Мен силерге эки нерсени,
Алланы китеби (Куран) жана менин
сүннөтүмдү калтырдым.Эгер аны
кармансаңар,эч убакта
адашпайсыңар.”,-дейт. (Байхакий,
114-б)
Дагы бир хадисте: “Ким сүннөтүмдөн
баш тартса ал менден эмес”,-деген.
(Бухарий: 5062)