Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
321-сап:
Ал эми Аллах – бардык нерселерден
Беймуктаж.
 
== Ла илаха илла Аллах келимесин ыклас менен айтуу. ==
 
ЛЯ ИЛЯХА
ИЛЛЯЛЛАХУ ТАУХИД
КЕЛИМЕСИН ЫКЛАС
МЕНЕН АЙТУУНУН
ПАЗИЛЕТИ
 
ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛААХУ
КЕЛИМЕСИН ЫКЛАС МЕНЕН
АЙТКАН КИШИНИН БАРДЫК
КҮНӨӨЛӨРҮ КЕЧИРИЛЕТ
Абдуллах ибн Амр ибн аль-Ас риваят кылган
Пайгамбардын ﷺ хадисинде мындай делет:
“Акыр Кыямат күнү бардык калайык-калктын
алдында үммөтүмөн бир кишини чакырышып,
күнөөлөрү жазылган токсон тогуз китепти
алдында жайып коюшат. Ар бир китептин
чоңдугун көз камтый албайт. Кийин андан
«Булардан бир нерсеси танасыңбы?»- деп
суралат. Жооп берет «Жок, о, Раббим!». Андан
«Сениң бир үзүрүң же сооптуу амалың барбы?»
деп сурашат. Коркконунан өзүн жоготуп «Жок»
деп жооп берет. Ага «Жок. Бизде сениң бир
сооптуу амалың сакталган. Сага бүгүн
зулумдук кылынбайт» деп айтылып, анын
алдына «Ля иляха илляЛлаху» күбөлүк-
келмеси жазылган баракчаны алып чыгышат .
Анда ал «О, Раббим! Мындай китептердин
алдында бул кичинекей баракча эмне болуп
калыптыр?» деп айтат. «Бүгүн сага зулумдук
кылынбайт» деп ага айтылып, Таразанын бир
жагына китептирди, экинчи жагына баракчаны
коюшат. Ошондо китептер жеңил, баракча оор
болуп чыга келет!”
(ат-Тирмизи: 2641; Ибн Маджа: 4300; Ахмад:
4/213; Аль-Хаким 1/5; сахих хадис).
ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХУ
КЕЛИМЕСИ - ЭҢ ЖАКШЫ ЗИКР
ЖАНА ЭҢ ЖАКШЫ ДУА
Абу Саид аль-Худрий риваят кылат,
Пайгамбар ﷺа айтты:
“Муса айтты « О, Раббим! Сени зикр кылганга,
сага дуа кылганга мага бир нерсе үйрөт ».
Айтты «Эй, Муса! Ля иляха илляЛлаху деп
айткын». Айтты «О, Раббим! Бардык
пенделериң бул нерсени айтат го». Айтты «Эй,
Муса! Эгер жети кабат асман, Менден
тышкары бардык анын жашоочулары жана
жети кабат жер Таразанын бир жагына, ал эми
Ля иляха илляЛллаху келимеси Таразанын
экинчи жагына коюлса - Ля иляха илляЛллаху
оордук кылып кетет»”
(Ибн Хиббан: 2324; аль-Хаким хадисти сахих
деди: 1/528)
ЛАА ИЛАХА ИЛЛА-ЛЛАХУ
КЕЛИМЕСИНИНЕ АНЫК ЫЙМАН
КЕЛТИРГЕН КИШИ БЕЙИШКЕ
СУРАКСЫЗ КИРЕТ
КОШУМЧА ОКУУ: ТАУХИД КАНЧАЛЫК
КҮЧТҮҮ БОЛСО
Ибн Аббас риваят кылат Пайгамбар ﷺ айтты:
“Мага үммөттөр көргөзүлдү. Жанында он
чакты адамы бар пайгамбар көрдүм. Жанында
бир-эки кишиси бар пайгамбар көрдүм.
Жанында эч ким жок пайгамбарды көрдүм.
Бир кезде алдымда кара түмөн эл пайда
болду. Алар менин үммөтүм экен деп
ойлодум. Бирок мага айтылды «Бул Муса жана
анын коому». Дагы карасам башка кара түмөн
элди көрдүм. Мага айтылды « Сениң үммөтүң
ушул. Анын ичинен жетимиш миңи Бейишке
сураксыз, азапсыз кирет »”.
Анан ал (Пайгамбар ﷺ ) турду да үйүнө кирип
кетти. Ал эми адамдар болсо бул жетимиш
миң адам тууралуу талкуулоого киришишти.
Кээ бирлер «Алар сахабалар» дешсе, кээ
бирлери «Алар Исламда төрөлүп, эч ширк
кылышпаган адамдар» деп ж.б.у.с. сөздөрдү
айтышты. Качан Аллахтын Элчиси ﷺ аларга
чыгып, алар (сүйлөшүп жаткан сөздөрү
жөнүндө) ага кабар бергенде, айтты:
« Алар өзүлөрүнө дем салдырууну (ар-рукя)
суранышпайт, шыпаа үчүн денесин от менен
күйгүзүүнү (аль-кай) суранышпайт, жаман
ырым-жырымдарга (татоййур) ишенишпейт
жана Раббилерине тобокел кылышат». Ушул
жерде Уккаша ибн Михсон деген сахаба тура
калып «Аллах мени алардан кылсын деп мага
дуа кылыңызчы» дейт. Пайгамбар ﷺ айтты
«Сен алардансың». Дагы бир киши туруп
«Аллах мени алардан кылсын деп мага да дуа
кылыңызчы» дейт. Пайгамбар ﷺ айтты
«Уккаша сенден биринчи болду».
(Аль-Бухари: 10/130, 131; Муслим: 220; ат-
Тирмизи: 2448)