Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
418-сап:
(Аль-Бухари: 10/130, 131; Муслим: 220; ат-
Тирмизи: 2448)
 
== Диндин негизи Аллахты таануу. ==
 
ДИНДИН НЕГИЗИ -
АЛЛАХТЫ ТААНУУ.
ЭГЕР УШУЛ СИЗДЕ
БЕКЕМ БОЛСО СИЗ
БЕКЕМ БОЛОСУЗ
(ШЕЙХ АБДУРРАЗАК
АЛЬ-БАДР "ФИКХ
АЛЬ-АСМАА АЛЬ-
ХУСНАА")
 
Бардык жакшы иштер, солих амалдар илимге
негизделет. Илим – жашооңдогу бүтүн
жакшылыктын башаты .
Илимсиз адам ибадат кылган сайын Аллахка
жакындабай, тескерисинче Аллахтан алыстай
берет.
Ар бир нерсенин негизи бар. Диндин негизи
- Аллахты таануу , Алланын көркөм
ысымдарын, улуу сыпаттарын (асма хусна ва
сыфат ъулья) билүү.
Адамдын ушул фундаменти бекем болсо
калган ибадаттары бекем болот(фундамент
бекем болсо үстүндөгү дубал жарака кетсе да
имарат кулабайт, бузулган жерди кайра оңдоп
коюш жеңилболот). Ушул фундамент алсыз
болсо адам харам иштерге жеңил кирип,
парздарды аткаруу ага оор болот(фундамен
алсыз болсо дубалынын бир тарабы эле сынса
имарат толугу менен тез аранын ичинде
урайт).
“Ким жакшыраак? Өзүнүн имаратын Аллаhтан
коркуунун жана ыраазычылыгынын үстүнө
курган адамбы, же болбосо, кулап-көчүп
бараткан жардын кырына куруп, анысы
менен бирге өзү да Тозок отуна кулаган
адамбы?! Аллаh заалым коомдорду Туура
Жолго баштабайт!” (Куран, ат-Тауба: 109)
Эмнеге сахабаларга Аллахтын буйруктарын
аткаруу, арамдардан тыйылуу, ихсанга жетүү
жеңил эле. Себеби аларга илим берген
Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) өзү
болчу.
Фитна келсе фундаменти бекем адам аны
жеңет , туура эмес пикирди таштап Аллах
ыраазычылыгы үчүн туурараагын алуу ага
жеңил болот. Негизи алсыз адам фитнадан
таасирленип, алсыздап , ыкласын жоготот .
Дене күчтүү,соолуктуу болсо ооруларды бат
жеңет, алсыз, чабал болсо ооруларды жеңе
албай андан да алсыздайт.
Ошол сыңары адамдагы негиз, фундамен
күчтүү болсо Аллах жана Анын Элчисине
(саллаллаху алейхи ва саллам) жүрөгү жана
денеси менен багынуу жеңил болот. Адам
бактылуу болот. Негизи алсыз болсо багынуу
оор болот. Ал эмне негиз дедик? Ал негиз –
Аллахты таануу.
Ошондуктан эң абалкы илим - Аллахты
таануу, Аллахтын 99 ысымы жана алардын
маанилерин үйрөнүү. Себеби адам да, асман-
жер, бул аалам да Аллахтын ысым-
сыпаттарын макулуктары билүүсү үчүн
жаралган! Адамдын жашоодогу максаты
эмне? Албетте Аллахты таануу, Анын көркөм
ысымдарын, улуу сыпаттарын үйрөнүү, жана
ошого жараша жашоо сүрүү.
ИсламЖолу