Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
589-сап:
барчу жол, Ага жеткен соң кандай
жыргалчылыктар күтүп турат (наъиим) ”
 
== Аллахтын бар экенин жаратылыш айтып турат. ==
 
АЛЛАХКА ЫЙМАН
КЕЛТИРҮҮ:
ЖАРАТУУЧУНУН
КУДУРЕТТҮҮЛҮГҮНӨ
АЙБАНАТТАР ЖАНА
ӨСҮМДҮКТӨР
ААЛАМЫНДАГЫ
ДАЛИЛДЕР
 
АЙБАНАТТАР
ААЛАМЫНДАГЫ ДАЛИЛДЕР
Чарба (төрт буттуу) айбандар, куштар, курт-
кумурскалар, балыктар ж.б.у.с.
жаныбарлардан турган кургакта жана сууда
жашоочу айбанаттарда дагы Улук
Жаратуучунун бар экенине, бир экенине жана
кудурет даанышмандыгына далилдер бар.
Маселен, сен эрте менен, күн менен кошо
ойгонгон чымчыктын, булбулдун мукамдуу да,
жагымдуу да сайраганын угасың. Жана сен ал
куштун бутактан бутакка секиргенин, асманда
чарк учканын көрөсүң. Ошол кушту ким
жараткан деп ойлойсуң? Ага ширин тилди,
жагымдуу үндү, канат-куйругундагы кооз-
сонун парды ким берди экен? Дагы ага
асманда учуу жана керек учурда бир жерде
(жерге кулап түшпөй) токтоп турууга куч-
кудуретти ким берген? Ооба ! Ал - бардык
нерсени эң сонун жараткан Аллах!
Эми, өзүң жакшы билген үй айбандарына
назар сал. Алар жайлоодон оттоп, сай-сайдан
суу ичип, биздин үйгө кайтып келет дагы,
жеген ичкенин бизге сүт кылып чыгарып берет!
Субханаллах! Дагы алар бизге жүн берет, биз
алардын этинен да пайдаланабыз. Ошол
айбандарды ким жараткан? Ким аларды бизге
моюн сундуруп, аларда биз үчүн ушунча
пайдаларды жаратып койгон?
...Бал аарыга карабайсыңбы? Ушул
кичинекей, өтө тартиптуу жаныбарга Аллах
Таала канча-канча сырларды катып коюшур!
Анын балын биз үчүн шириндик жана шыпаа
кылып коюптур!
Эй, бурадар! Эгер сен ушул айтылгандардын
бардыгын Аллах Таала жаратканына
канааттануу менен ишенчү болсоң, ичинен
мына бул дубаны кайтала: «Өзүнүн
макулуктарын бизге моюн сундуруп берген
жана аларды бизге пайдалуу кылган Аллахка
мактоолор болсун»!
Аллах Таала айтты: «Акыры, алар
көрүшпөйбү, Биз өз колдорубуз жасаган
нерселерден алар үчүн айбандарды жараттык.
Эми, алар алайбандарга кожоюн. Биз (ал
айбандарды) аларга моюн сундурдук. Минген
унаалары дагы ошолордон жана жегендери
(дагы) ошолордон. Алар үчүн ал(айбанд)арда
пайдалар жана (сүт, каймак, кымыз сыяктуу)
ичимдиктер бар. Шүгүр кылышпайбы
эми ?!» (Куран, Ясин: 71-73)
ӨСҮМДҮК ААЛАМЫНДАГЫ
ДАЛИЛДЕР.
Сен, эй бурадар, өзүң жеп жүргөн тамак-аш
жөнүндө бир ойлоп көрдүң беле? Эң оболу
баба дыйкан жер айдайт, туурабы? Анан
үрөндү чачып, Аллахка тобокел кылып
(тапшырып) жыйым-терим мезгилин күтөт.
Анан Аллах Таала асмандан жамгыр
жаадырат. Арпа, буудай өнүп чыгат.., көгөрөт.
Анан акырындык менен дан байлап, бышып
жетилет. Анан баба дыйкан келип, жыйып-
терип кырманга төгүп жанчып, данын-данга,
саманын саманга ажыратат. Анан данды
тегирменге алып барып, ун кылат.
О, Аллахым! Сен ар нерсени эң сонун
жараткан, Аруу, Таза Кудайсың!
«Жана жер бетинде бири-бирине жакын, бөлүк-
бөлүк жерлер, жүзүмдүктөрдөн турган бактар,
эгиндер жана бутактаган, бутактабаган
курмалар бар. (Алардын бардыгы) бир
(түрлүү) гана суу менен сугарылат жана Биз
алардын кээ бирин кээ бирөөлөрүнөн
(башкача жана) мөмөдө ашыкча кылып
коёбуз. Албетте, мында акылын иштеткен
коом үчүн анык далилдер бар». (Куран, Раъд:
4)
Албетте, таң калычтуу, туурабы? Ар түркүн
дарактар бир турлүүсуу ичет. Тамырлары
азыктанган топурак дагы бир. Эми, өзүң ойлоп
көр: ал дарактардын мөмөлөрү,
жалбырактары, дене түзүлүшү, жыты эмне
үчүн ар кыл болуп калган?! Бул Аллах
тааланын кудурети эмей, эмне? Улук
Жаратуучу Аллах таала бардык
кемчилдиктерден Аруу-Таза!