Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
742-сап:
тууралуу терең илим алуу ар бирибиздин
парзыбыз.
 
== Аллах таала менен болгон адеп. ==
 
Алла Таала менен болгон адеп
Алла Таала бүткүл ааламдын жана андагы
бардык макулуктардын жалгыз, теңдеши жок
Раббысы. Алла Таала жалгыз. Ал эч кимге
жана эч нерсеге муктаж эмес, Тескерисинче,
жаралгандын баары Ага муктаж. Ал өзү
төрөлгөн эмес. Ал төрөгөн да төрөткөн да
эмес. Ага эч ким теңдеш боло албайт. Демек,
Алла Таала менен Анын пенделеринин
ортосунда ылайыктуу адеп болууга тийиш.
Ошондуктан биз - пенделерден төмөнкү
адептер талап кылынат :
1. Мусулман пенденин Алла Таалага чын
дилинен берилип ибадат кылуусу.
ﻗﺎﻝ ﺗﻌﺎﻟﻰ : ﴿ﻭَﻣَﺎ ﺃُﻣِﺮُﻭﺍ ﺇِﻟَّﺎ ﻟِﻴَﻌْﺒُﺪُﻭﺍ ﺍﻟﻠَّﻪَ ﻣُﺨْﻠِﺼِﻴﻦَ ﻟَﻪُ ﺍﻟﺪِّﻳﻦَ ﺣُﻨَﻔَﺎﺀَ ﻭَﻳُﻘِﻴﻤُﻮﺍ
ﺍﻟﺼَّﻠَﺎﺓَ ﻭَﻳُﺆْﺗُﻮﺍ ﺍﻟﺰَّﻛَﺎﺓَ ﻭَﺫَﻟِﻚَ ﺩِﻳﻦُ ﺍﻟْﻘَﻴِّﻤَﺔِ﴾ ‏(ﺍﻟﺒﻴﻨﺔ : 5 ‏)
Алла Таала айтты: « Алар жалгыз Аллага
чын ыкластан (жүрөктөн) берилип, туура
динде болгон (Исламдан кыйшайбаган)
абалда ибадат кылууга, намазды толук
аткарууга жана зекетти берүүгө
буюрулушкан эле . Мына ушул гана Туура
Дин».
(Баййина : 5)
2. Мусулман пенденин Алла Тааланын
буйруктарын аткарып, кайтарган нерселеринен
тыйылуусу.
ﻗﺎﻝ ﺍﻟﻠﻪ ﺗﻌﺎﻟﻰ ﻭﺍﺻﻔﺎً ﻋﺒﺎﺩﻩ ﺍﻟﻤﺆﻣﻨﻴﻦ : ﴿ﻭَﻗَﺎﻟُﻮﺍ ﺳَﻤِﻌْﻨَﺎ ﻭَﺃَﻃَﻌْﻨَﺎ ﻏُﻔْﺮَﺍﻧَﻚَ
ﺭَﺑَّﻨَﺎ ﻭَﺇِﻟَﻴْﻚَ ﺍﻟْﻤَﺼِﻴﺮُ﴾ ‏( ﺍﻟﺒﻘﺮﺓ : 285 ‏)
Алла Таала ыймандуу пенделерин сыпаттап
мындай деген: « Уктук да моюн сундук. Оо,
биздин Раббыбыз! Күнөөлөрүбүздү
кечиришиңди сурайбыз жана Өзүңө гана
кайтабыз» - деп айтышты ».
(Бакара: 285)
3. Пенденин Алладан коркуп, өзүн төмөн алып,
баш ийүүсү. Өзгөчө намаз учурунда. Анткени,
ал Алла Таала менен пенденин ортосундагы
байланыш.
ﻗﺎﻝ ﺗﻌﺎﻟﻰ : ﴿ﻗَﺪْ ﺃَﻓْﻠَﺢَ ﺍﻟْﻤُﺆْﻣِﻨُﻮﻥَ ﺍﻟَّﺬِﻳﻦَ ﻫُﻢْ ﻓِﻲ ﺻَﻠَﺎﺗِﻬِﻢْ ﺧَﺎﺷِﻌُﻮﻥَ﴾
‏( ﺍﻟﻤﺆﻣﻨﻮﻥ : 2-1 ‏)
Алла Таала айтты: «Чынында эле,
ыймандуулар ийгиликке жетишти . Алар
намаздарында коркуу (жана үмүт менен)
турушат ». (Момундар:1-2)
4. Алла Тааланын берген неъматтарына
(жакшылыктарына) шүгүр кылуу.
Мусулман пенде Алла Тааланын берген сан -
жеткис жакшылыктарына тил менен мактап,
денеси менен ибадат кылып Ага шүгүр кылат.
ﻗﺎﻝ ﺗﻌﺎﻟﻰ : ﴿ﻭَﻣَﺎ ﺑِﻜُﻢْ ﻣِﻦْ ﻧِﻌْﻤَﺔٍ ﻓَﻤِﻦَ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﺛُﻢَّ ﺇِﺫَﺍ ﻣَﺴَّﻜُﻢُ ﺍﻟﻀُّﺮُّ ﻓَﺈِﻟَﻴْﻪِ
ﺗَﺠْﺄَﺭُﻭﻥَ﴾ ‏(ﺍﻟﻨﺤﻞ 53: ‏)
Алла Таала айтты: «Силерде болгон
(көрүнгөн жана көрүнбөгөн) неъматтардын
(жакшылыктардын) бардыгы Жалгыз
Алла Taaладан. Ошондой эле, качан
силерге (бирээр) балээ келсе да, жалгыз
Ага гана үнүңөрдү бийик көтөрүп
жалбарасыңар».
(Нахл : 53)
5. Бардык нерселер Алла Тааланын алдын -
ала белгилөөсү жана тагдыры боюнча
болооруна моюн сунуп, ага ыраазы болуу.
Анткени, адам баласы жана ал ээ болгон
нерселердин бардыгы Алла Тааланын мүлкү
болгондуктан аларды каалаганындай
жумшайт.
Мына ошондуктан мусулман адам берилген
жакшылыктарга шүгүр кылып,
кыйынчылыктарга сабыр кылат.
ﻗَﺎﻝَ ﺭَﺳُﻮﻝُ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﺻَﻠَّﻰ ﺍﻟﻠَّﻪُ ﻋَﻠَﻴْﻪِ ﻭَﺳَﻠَّﻢَ : ‏«ﻋَﺠَﺒًﺎ ﻟِﺄَﻣْﺮِ ﺍﻟْﻤُﺆْﻣِﻦِ ﺇِﻥَّ ﺃَﻣْﺮَﻩُ ﻛُﻠَّﻪُ
ﺧَﻴْﺮٌ ﻭَﻟَﻴْﺲَ ﺫَﺍﻙَ ﻟِﺄَﺣَﺪٍ ﺇِﻟَّﺎ ﻟِﻠْﻤُﺆْﻣِﻦِ ﺇِﻥْ ﺃَﺻَﺎﺑَﺘْﻪُ ﺳَﺮَّﺍﺀُ ﺷَﻜَﺮَ ﻓَﻜَﺎﻥَ ﺧَﻴْﺮًﺍ ﻟَﻪُ ﻭَﺇِﻥْ
ﺃَﺻَﺎﺑَﺘْﻪُ ﺿَﺮَّﺍﺀُ ﺻَﺒَﺮَ ﻓَﻜَﺎﻥَ ﺧَﻴْﺮًﺍ ﻟَﻪُ ‏» } ﻣﺴﻠﻢ : {2999
Алланын элчиси ( ага Алланын салават-
саламдары болсун ) айтты: «Муъминдин иш
(тер)и таң калыштуу, чындыгында анын
бардык абалы жакшы бул бир гана
муъминге. Эгер ага кубаныч жетсе, шүгүр
кылат бул ал үчүн жакшы, а эгер ага зыян
жетсе, сабыр кылат ага бул да
жакшы ». (Муслим: 2999)
6. Алла Тааладан уялуу.
Пенде менен Алла Тааланын ортосундагы
уялуу төмөнкүчө болот: Алла Таала пенденин
Ага (Аллага) каршы болуусун жана Ага
күнөөкөр болуусун көрүү коркунучу астында
пенде Алла Тааладан уялат.
ﻗَﺎﻝَ ﺭَﺳُﻮﻝُ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﺻَﻠَّﻰ ﺍﻟﻠَّﻪُ ﻋَﻠَﻴْﻪِ ﻭَﺳَﻠَّﻢَ ﺫَﺍﺕَ ﻳَﻮْﻡٍ : ‏« ﺍﺳْﺘَﺤْﻴُﻮﺍ ﻣِﻦْ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﻋَﺰَّ
ﻭَﺟَﻞَّ ﺣَﻖَّ ﺍﻟْﺤَﻴَﺎﺀِ ﻗَﺎﻝَ ﻗُﻠْﻨَﺎ ﻳَﺎ ﺭَﺳُﻮﻝَ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﺇِﻧَّﺎ ﻧَﺴْﺘَﺤِﻲ ﻭَﺍﻟْﺤَﻤْﺪُ ﻟِﻠَّﻪِ ﻗَﺎﻝَ ﻟَﻴْﺲَ
ﺫَﻟِﻚَ ﻭَﻟَﻜِﻦْ ﻣَﻦْ ﺍﺳْﺘَﺤَﻰ ﻣِﻦْ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﺣَﻖَّ ﺍﻟْﺤَﻴَﺎﺀِ ﻓَﻠْﻴَﺤْﻔَﻆْ ﺍﻟﺮَّﺃْﺱَ ﻭَﻣَﺎ ﺣَﻮَﻯ
ﻭَﻟْﻴَﺤْﻔَﻆْ ﺍﻟْﺒَﻄْﻦَ ﻭَﻣَﺎ ﻭَﻋَﻰ ﻭَﻟْﻴَﺬْﻛُﺮْ ﺍﻟْﻤَﻮْﺕَ ﻭَﺍﻟْﺒِﻠَﻰ ﻭَﻣَﻦْ ﺃَﺭَﺍﺩَ ﺍﻟْﺂﺧِﺮَﺓَ ﺗَﺮَﻙَ
ﺯِﻳﻨَﺔَ ﺍﻟﺪُّﻧْﻴَﺎ ﻓَﻤَﻦْ ﻓَﻌَﻞَ ﺫَﻟِﻚَ ﻓَﻘَﺪْ ﺍﺳْﺘَﺤْﻴَﺎ ﻣِﻦْ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﻋَﺰَّ ﻭَﺟَﻞَّ ﺣَﻖَّ
ﺍﻟْﺤَﻴَﺎﺀِ ‏» } ﺭﻭﺍﻩ ﺍﻟﺘﺮﻣﻴﺬﻱ : {2548
Күндөрдүн биринде Алланын элчиси ( ага
Алланын салават-саламдары болсун )
айтты: «Алла Тааладан чыныгы уялуу
менен уялгыла»! Айтышты: Оо, Алланын
пайгамбары Аллага шүгүрлөр болсун!
Албетте, биз уялабыз. Айтты: «Чыныгы
уялуу башты жана анда жайгашкан
мүчөлөрдү (тил, көз, кулак ж.б.у.с.
нерселерди) арамдан сактоо, курсакты
(арам жегенден) жана анын
айланасындагы мүчөлөрдү (күнөө ишке
иштетүүдөн) сактоо, өлүмдү жана
кабырда (мүрзөдө) чирип калган сөөккө
айланууну эстөө. Кимде - ким, Акыретти
кааласа, анда ал бул дүйнө кооздугун
таштайт (берилбейт). Кимде - ким, мына
ушулардын баарын аткарса, анда ал Алла
Тааладан чыныгы уялуу менен уялыптыр ».
(Тирмизий:
2548)
7. Алла Тааланын ырайымынан үмүт үзбөө.
Мусулман киши канчалык чоң күнөө кылбасын
Алла Тааланын ырайымынан үмүт үзбөстөн,
Анын ырайымын жана кечирүүсүн үмүт кылып
Алла Таалага тообо кылып кайтат.
ﻗﺎﻝ ﺗﻌﺎﻟﻰ : ﴿ﻗُﻞْ ﻳَﺎ ﻋِﺒَﺎﺩِﻱَ ﺍﻟَّﺬِﻳﻦَ ﺃَﺳْﺮَﻓُﻮﺍ ﻋَﻠَﻰ ﺃَﻧْﻔُﺴِﻬِﻢْ ﻟَﺎ ﺗَﻘْﻨَﻄُﻮﺍ ﻣِﻦْ
ﺭَﺣْﻤَﺔِ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﺇِﻥَّ ﺍﻟﻠَّﻪَ ﻳَﻐْﻔِﺮُ ﺍﻟﺬُّﻧُﻮﺏَ ﺟَﻤِﻴﻌًﺎ ﺇِﻧَّﻪُ ﻫُﻮَ ﺍﻟْﻐَﻔُﻮﺭُ ﺍﻟﺮَّﺣِﻴﻢُ
﴾ ‏( ﺍﻟﺰﻣﺮ 53: ‏)
Алла Таала айтты: «(Оо,Мухаммад) Менин
(түрдүү күнөө - бузукулук кылуу менен) өз
жандарына зулумдук кылган пенделериме
айткын: «Алланын ырайымынан үмүтсүз
болбогула! Албетте, Алла (тообо
кылгандардын [2] ) бардык күнөөлөрүн
кечирет. Албетте, Ал - Кечиримдүү,
Ырайымдуу ».(Зумар: 53)