Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
874-сап:
кечирет. Албетте, Ал - Кечиримдүү,
Ырайымдуу ».(Зумар: 53)
 
== Аллах таалага ыйман келтирүү. ==
 
1. Аллах таалага ыйман келтирүү
Аллах Таалага ыйман келтирүү
(ишенүү) ыймандын эң биринчи
негизи болуп эсептелет. Аллах
Тааладан башка бардык нерселер
аалам деп аталат.
Бул ааламдардын бардыгын Аллах
Таала жараткан. Биз Аллах Тааланын
бар экенине далилдерди инсаният
ааламынан да, айбанат ааламынан
да, өсүмдүктөр ааламынан да таба
алабыз.
Инсаният ааламындагы далилдер
Аллах Таала айтты:
«Жана (Аллахтын кудуретинин
далилдери) өзүңөрдө. Карабайсыңарбы,
эми?!» (Зарият: 21)
Урматтуу бурадар, сен качандыр бир
мезгилде өзүң жөнүндө ойлоп көрдүң
беле? Маселен, таң азанда ойгонуп,
күзгүнүн алдына келгенде эмнени
көрөсүң? Албетте, адегенде эле
жүзүңдү көрөсүң. Эми,сен жүз
түзүлүшүндөгү кылдат тартип менен
жайгашкан мүчөлөрүңө бир назар
сал. Эки кулак, эки көз, ооз, мурун...
Алар өтө ажайып чеберчиликте
жайгашкан, туурабы? Кош, ким
сенин жүзүңдөгү мүчөлөрдү ушундай
сонун чеберчиликте жайгаштырды?
Албетте, Ал - ар бир нерсени эң
сонун жараткан жаратуучу Аллах!
Сен кулагың менен ар түрдүү
добуштарды, Курани Карим
тилаватын, намазга чакырган
азандын добушун, куштардьш
жагымдуу сайраганын жана акындын
мукамдуу ырын угасың. Кош, сага бул
угуу нээматын ким берди? Сенин
денеңде Аллах Тааланын кудуретине
жана улуулугуна далил боло турган
нерселер көп. Алардын бири -
жүрөгүң. Өзүңдүн муштумуңдай бир
бөлүк эт болгон сенин жүрөгүң эч
токтобостон согуп, денендин бардык
мүчөлөрүнө кан жиберип турат. Ал
сен энеңдин жатынында ымыркай
болуп жаралган күндөн эле сого
баштаган. Ошондон бери күнү-түнү
токтобой иштейт. Аны ким жараткан
деп ойлойсуң? Ушундай чьңалуу
менен, токтобой иштегенге жараган
куч-кудуретти (энергияны) ага ким
берген? Албетге, бардык нерсени эң
сонун жараткан жаратуучу Аллах!
Биз денебиздеги бул мүчөлөрдү Аллах
Таала тарабынан берилген чоң
нээмат экенин ар дайым эскерип
жүрүшүбүз жана аларды Аллах Таала
буюрган (ибадат) нерселерге гана
пайдаланышыбыз зарыл.
Аллах Таала айтты:
«Айт (эй, Мухаммад) Ал силерди
жараткан жана силерге кулак, көз жана
жүрөк берген. Өтө эле аз шүгүр
кыласыңар»