Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
1 214-сап:
Жакында Москванын «ОРТ» телеканалынын «Вокруг света» көрсөтүүсү Бразилиядагы бир негр провинциясы жөнүндө маалымат берди. Көрсө, алар илгерки кул ээлөөчүлүк доорунда келип калган жүз миңдеген кулдардын тукумдары экен. Өз алдынча провинция болуп, Африканын бир бөлүгү сыяктуу жашап жатышат. Адам экен, жоголуп, житип кетпептир. Ал эми, Кутейба Ибн Муслимдин жүз миңдеп кул ээлеп, Арабияга жиберип турганы чын болсо, азыр Арабиянын бир жеринде кичинекей болсо да түрк провинциясы болушу керек эле го?! Же болбосо, алардын урпактары калышы керек эле-го?! Жанагы китеп автору «мамлюктарчы» деп өз сөзүн (өз пикирин эмес албетте, анткени пикир аларга «жогору жактан» берилет) далилденгенге далбасташы мүмкүн. Биринчиден, мамлюктарды Аббасид халифтери Кутейба өлгөндөн соң аскерий кызматка ала баштаган.
http://www.islamjolu.kg/index.php/makalalar/item/1829-kyrgyzga-islam-kachan-kelgen
 
== Уяттуулук ==
 
Уяттуулук адам баласындагы эң улуу сыпаттардан. Адам уяттуу болуу менен аруу сапаттарга жетет жана көптөгөн жаман сапаттардан арылат. Ислам дининде да уяттуулуктун орду бийик жана ыйманга тийгизген таасири абдан чоң.
 
Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айткандай:
«Уяттуулук адамга жакшылыкты гана алып келет». (Имам аль-Бухари)
 
Абдулла ибну Умар айтты:
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир адамдын жанынан өтүп баратып, анын өз инисин уялгандыгы үчүн урушуп жатканын көрүп калат. Ошондо Алланын Элчиси ага мындай деп айтты: «Аны жөн койгун! Чындыгында, уялуу да ыймандан». (Имам аль-Бухари; Имам Муслим)
 
Ал эми башка хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Ыйман жетимиштен ашуун бөлүктөрдөн турат. Алардын эң жогоркусу – “Лаа илааха иллаллах” келмеси жана эң төмөнкүсү – жолдогу зыяндуу нерсени алып таштоо. Ал эми уяттуулук – ыймандын бөлүктөрүнүн бир бөлүгү». (Имам аль-Бухари; Имам Муслим)
 
Араб тилинде «аль-Хая’у» (уяттуулук) деген сөз «аль-Хаят» (жашоо) жана «аль-Хая» (жамгыр) деген сөздөрдөн алынган. Адамдын жүрөгү канчалык жандуу болгон сайын, анын жашоосу маани-маңызга ээ болот жана бул анын уяттуулугун күчөтөт. А эгер анын уяттуулугу кетсе, бул анын жүрөгү өлгөндүгүнөн жана жашоосу маани-маңызын жоготконунан кабар берет.
 
Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, уяттуулук туурасында мындай деп айткан:
«Кимдин уяттуулугу кетсе, таквалыгы да кетет. Ал эми кимдин таквалыгы кетсе, анын жүрөгү өлдү дегенге барабар».
 
Уяттуулук – адамдагы сыпаттардын эң жакшысы, эң пайдалуусу жана адамды көп жакшылыктарга жеткирет. Алланын пендеси канчалык уяттуу болсо, анда бул сыпат аны жакшылыктарды кылууга, жамандыктардан алыс болууга түрткү болот. Кимде-ким уяттуу болсо, анда бул аны күнөөлөрдөн тыят жана диний милдеттерин аткарууда кайдыгерликтен тосот.
 
Ал эми уятсыз адам канчалык чоң күнөө кылабы, бузукулук кылабы, ал үчүн баары бирдей.
 
Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Алгачкы пайгамбарчылыктан адамдарга жеткен сөз: «Эгерде уялбасаң, анда каалаганыңды кыла бер». (Сахих аль-Бухари)
 
Уятсыз адам кылган күнөөсүнө көңүл бурбайт, аны кылуудан да баш тартпайт. Анткени ал Алладан да, адамдардан да уялбайт.
 
Кээ бир адамдар уятсыздыгынан улам кайсы жерде болбосун, эч көңүл бурбастан күнөө кылышат. Ал эми кээ бирлери кылган күнөөсү аз келгенсип, аны адамдарга айтып мактанат. Ал өз оюнда эң туура кылдым деп ойлойт.
 
Уяттуулуктун эң жакшысы жана эң зарылдуусу – ааламдардын Раббисинен жана бардык макулуктардын Жаратуучусунан болгон уялуу.
 
Эй, адам баласы! Билгиниң, уяттуу болуу – бул сени жараткан, сага чексиз неъматтарды тартуулаган жана сени көрүп, билип туруучу Алла Тааланын өкүм-буйругу.
 
Имам Ахмад “аз-Зухд” китебинде риваят кылды:
«Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Мага наасат кыл»,– деп айтканда, ал айтты: «Өз элиңден салих адамдардын биринен кандай уялсаң, Алладан да ошондой уялууңду сага наасат кыламын».
 
Төмөндөгү иш-аракеттер адамдын жүрөгүндө уяттуулукту пайда кылат:
• Алла Тааланы улуктоо;
• Аны жакшы көрүү;
• Аны көрүп, билип турат деген терең ишенимде болуу;
 
Мына ушул үч иш-аракет адамдын жүрөгүндө уялуу сезимин пайда кылат. Качан адамдын жүрөгү Раббисин улуктаса, Аны жакшы көрсө жана Ал ар бир кылган ишин көрүп, билип турат деп ишенсе, анда анын жүрөгү Алладан болгон уялуудан жанданат.
 
Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Алладан талаптагыдай денгээлде уялгыла». Биз айттык: «О, Алланын Элчиси! Албетте, биз уялабыз, Аллага шүгүр». Ошондо ал айтты: «Андай (уялуу) эмес. Алладан талаптагыдай денгээлде уялуу – бул башты жана андагы (мүчөлөрдү күнөөлөрдөн) сактоо; курсакты жана андагы (мүчөлөрдү күнөөлөрдөн) сактоо; өлүмдү жана чирип жок болууну эстөө. Ал эми ким Акыретти кааласа, анда ал дүйнө кооздуктарын таштайт. Мына ушуларды ким аткарса, ал Алладан талаптагыдай денгээлде уялган болот». (Имам Тирмизи)
 
Бул хадисте айтылган төрт иш-аракет өзүнө көп жакшылыктарды камтыган:
 
1. Башты жана андагы мүчөлөрдү күнөөлөрдөн сактоо.
Башты күнөөлөрдөн сактоо деген – бул андагы жайгашкан көздү харамды кароодон сактоо, кулакты арамды угуудан сактоо, тилди күнөөлөрдү сүйлөөдөн сактоо, жүздү күнөөгө бет алуудан сактоо. Эгерде кимде уяттуулук болсо, анда бул сыпат сөзсүз түрдө анын дене-мүчөлөрүн күнөөдөн сактоого түрткү берет.
 
2. Курсакты жана андагы мүчөлөрдү күнөөлөрдөн сактоо.
Курсакты күнөөлөрдөн сактоо деген – бул харам тамакты жегенден сактануу, ич көңдөйүндө жайгашкан жүрөктү жакшы сыпаттарга жетүү аркылуу бузукулуктан, күнөөлөрдөн сактоо жана жыныс мүчөлөрдү зынаадан сактоо.
Кимдин жүрөгү уяттуулукка толгон болсо, анда ал адам өзүнүн баш жана курсак көңдөйүндөгү жайгашкан бардык дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн жана бузукулуктан сактоого шашылат.
 
3. Өлүмдү жана чирип жок болууну эстөө.
Кимде-ким өзүн бул дүйнөдө түбөлүк калбастыгын жана бир күнү башына өлүм келээрин, кабырда денеси чирип жок болоорун жана Кыяматта Алланын алдында бул дүйнөдөгү ар бир кылган иши үчүн жооп берерин эстесе, анда ал күнөө кылуудан уялып, Алла Тааланын жана Анын Элчисинин буйруктарын аткарууга умтулат.
 
4. Дүйнө кооздуктарына азгырылбоо.
Бул дүйнө жашоосу убактылуу гана ырахат жана андагы кооздуктар да чектелүү. Алла Таала бул жашоону адамдарды сынаш үчүн жараткан. Ким бул жашоонун убактылуу кооздуктарына жана күнөөлөргө азгырылбастан Алланын берген неъматтарын Анын жолунда ибадат кылууга жумшаган болсо, анда ал адам руханий жактан да, материалдык жактан да кем болбойт жана Акыретте Алланын ыраазычылыгына жетет.
 
Эрланбек Кушчубек уулу
_________________
© ИсламОнлайнKG
– Ok.ru/islamonlinekgz
– Facebook.com/islamonlinekg