Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
1 281-сап:
– Ok.ru/islamonlinekgz
– Facebook.com/islamonlinekg
 
== Ислам ортолуктун дини. ==
 
ИСЛАМ – ОРТОЛУКТУН ДИНИ
 
Ислам дини – ортолук жолдогу дин. Абдулла ибн Амр, родыяллаху анху, айтты:
«Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, колуна эки китеп кармап бизге чыкты да: «Силер билесиңерби булар эмне китептер экендигин?» – деп сурады. Биз айттык: «Жок, о Алланын элчиси, бизге кабар бер». Ошондо ал оң колундагы Китеп тууралуу мындай деп айтты: «Бул ааламдардын Раббисинен (түшүрүлгөн) Китеп. Мында Бейишке кирүүчүлөрдүн ысымдары, аталарынын ысымдары жана урууларынын аттары – алардын бүт баары жазылган. Алардын саны эч качан көбөйбөйт да, азайбайт». Андан соң сол колундагы Китеп тууралуу мындай деп айтты: «Бул ааламдардын Раббисинен (түшүрүлгөн) Китеп. Мында Тозокко кирүүчүлөрдүн ысымдары, аталарынын ысымдары жана урууларынын аттары – алардын бүт баары жазылган. Алардын саны эч качан көбөйбөйт да, азайбайт». Ошондо сахабалар сурашты: «О Алланын элчиси! Эгерде бардыгы (алдын ала) жазылган болсо, анда иш-аракеттердин эмне пайдасы бар?». Ал айтты: «Чектен ашпай тууралыкты кармангыла, а эгер кыла албасаңар, анда (ортолукка) жакындаганга аракет кылгыла*(саддидуу уа коорибуу). Чындыгында, Бейишке кирүүчү адам (мурда) кандай гана иш кылбасын акырында Бейишке кирүүчүлөрдүн иштерин кылат. Ал эми Тозокко кирүүчү адам (мурда) кандай гана иш кылбасын акырында Тозокко кирүүчүлөрдүн иштерин кылат». Андан соң Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, колдору менен ишарат кылып, аларды кайтарып жиберди* да айтты: «Раббиңер кулдарынын (тагдырын) чечип койду – бир бөлүгү Бейишке кирет, бир бөлүгү Тозокко кирет». (Сунан ат-Тирмизи)
 
«... аларды кайтарып жиберди*...» – Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, аларды кайып ааламына кайтарып жиберген.
 
Бүткүл жашообуздун тагдыр кылынгандыгын көрсөткөн бул хадисте Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, бизге эки дүйнөдө бактылуулукка жеткире турган жолду көрсөттү, атап айтканда – диндеги кеп-сөздөр менен иш-аракеттердин тууралыгын кармануу жана ошондой эле ибадатта жана жалпы эле динибизде ортолукту кармануу. Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, бизди ар кандай чектен ашуучулуктардан тыйган, анткени «саддидуу уа коорибуу» деген сөздүн мааниси диний иш-аракеттерде «бардык нерселер боюнча чектен ашуучулукка жол бербестен жана аларды кемитпестен ортолукту кармануу» менен ортолук жолдо болууну билдирет. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз жетпеген ишти аткарам деп аракет кылуу туура эмес, анткени мунун артын сөзсүз бошоңдоо коштоп, адам мурдагы кылып жүргөнүнөн да азыраак кыла баштайт же болбосо таптакыр эле таштап коюшу мүмкүн.
 
Алла Таала айтты:
«Мүмкүнчүлүгүңөр жетишинче Аллага таквачылык кылгыла ». Тагабун сүрөөсү (64:16)
 
Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Эгерде силерге бир нерсеге буйрук берсем, анда алардан мүмкүнчүлүгүңөр жеткендерди гана аткаргыла». (Сахих аль-Бухари)
 
«Чындыгында, бул дин бекем. Ошондуктан, ага акырындык, жумшактык менен киришкин жана Аллага ибадат кылууну өзүңө өзүң жаман көрсөтүп албагын. Чындыгында, мингич унаасын аябаган адам көпкө узабай аны зыянга учуратып алат». (Шуъабуль Ийман лил-Байхаки)
 
Анас ибн Малик, родыяллаху анхунун, риваятынан: Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтчу:
«Өзүңөргө өзүңөр катуулук кылбагыла, антсеңер Алла да силерге катуулук кылып койот». (Абу Дауд)
 
Кимде-ким өзүнө да, башкаларга да мүмкүнчүлүгү жетпеген диний иштерди милдеттендирсе, анда ал адам Алланын динине жана Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа салламдын, Сүннөтүнө каршы иш кылган болот.
 
Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам айтты:
«Аша чапкандар (аль-мутанаттиъун) зыянга учурады!» – деп үч жолу кайталады». (Сахих Муслим)
«Аль-мутанаттиъун» – эч бир муктаждык жок эле тереңдегендер жана катуулук кылгандар.
 
Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«О адамдар! Диндеги аша чабуучулуктан сак болгула. Чындыгында, диндеги аша чабуучулук силерден мурунку өткөндөрдү да зыянга учураткан». (Сунан ибн Мааджах)
 
Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, диний ишенимдеги жана башка диний иштердеги аша чабуучулуктан алыс болууга буйруган. Анткени мына ушул сапат мурдагы диний коомдорду зыянга учураткан.
 
Диндеги аша чабуучулуктан улам пайда болгон кыйынчылыктар адамдар үчүн оорчулуктарды жаратып, аларды динден алыстоого алып келет. Анткени мындай кадамга баруу адамдан көптөгөн кыйынчылыктарга чыдоону жана көптөгөн күч-аракеттерди талап кылат.
 
Алла Таала айтты:
«Алла силерге жеңилдикти каалайт, анткени адам (баласы) алсыз жаратылган». Ниса сүрөөсү (4:28)
 
Адам өзүнүн табигый алсыздыгынан улам диндеги аша чабуучулуктун себебинен диний милдеттерди таштап салууга өтүп кетиши ыктымал. Ошондуктан Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн сахабаларына мындай деп насаат кылган:
«Жеңилдеткиле жана оордотпогула, кубандыргыла жана динди жаман көргөзбөгүлө...». (Сахих аль-Бухари)
 
Бул хадистин башка бир риваятында Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Чындыгында, силер оордотуу үчүн эмес, жеңилдетүү үчүн гана жиберилгенсиңер». (Сахих аль-Бухари)
 
Диндеги аша чапкан адамдарда жеке эле өздөрүнүн эмес, башкалардын да адашууларына жана зыянга учуроолоруна себеп болуу коркунучу көбүрөөк. Аша чабуучулук жана чектен ашуучулук динибиздин негизине каршы келет.
 
Биздин дин – ортолуктун жана адилеттүүлүктүн дини. Мына ушул анын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири.
 
Алла Таала айтты:
«Биз силерди адамзатка күбө болууңар үчүн жана (Алланын) элчиси силерге күбө болуусу үчүн ортолуктун (адилеттүүлүктүн) үммөтү кылдык». Бакара сүрөөсү (2:143)
 
Каргышка калган Иблис ыйман келтиргендерди туура жолдон азгыруу үчүн эки жолду колдонот. Бул туурасында Ибн аль-Каййим, рохимахулла, абдан жакшы айткан: «Чындыгында, шайтан, адегенде билинбестен адамдын жүрөгүн аңдып, аны байкап көрөт.
 
Эгерде андан бошоңдукту, көңүл коштукту жана жеңилдикке ыктоочулукту байкаса, анда ушуну пайдаланып ага тоскоолдук кыла баштайт жана (Алланын буйруктарын аткаруудан) тосот, аны жалкоолук, көңүл коштук жана бошоңдук менен бузуп, жалган түшүнүктөргө, кыялданууларга жол ачып, акыры адамды (Алланын) буйруктарын таштоого да алып келиши мүмкүн.
А эгер адамдан баамчылдыкты, аракетчилдикти, чечкиндүүлүктү, кажыбас кайраттуулукту байкаса жана ага каршы башка эч бир жол таппаса, анда ал аны ашыкча иш-аракеттерди кылууга түртөт жана «сага бул жетишсиз, сенин жөндөмүң мындан да жогору, сен (Аллага ибадат кылууда) башкалардан ашып түшүшүң керек, башкалар эс алса да, сен эс албагын, башкалар ооз ачса да, сен орозоңду уланта бергин, башкалар бошоңдосо да, сен иш-аракетиңди уланта бергин. Эгерде алардын бири бетин үч жолу жууса, анда сен жети жолу жуугун, а эгер алар намазга даарат алышса, анда сен гусул алгын» деген сыяктуу чектен ашуучулук жана аша чабуучулук менен адаштырат. Ошентип (Иблис) аны аша чабуучулукка жана туура жолдун чегинен чыгууга түртөт дагы, биринчи адамды туура жолго жакындатпастан (ибадатка) кайдыгер мамиле кылууга азгырат.
 
Эки учурда тең анын максаты – адамды туура жолдон чыгаруу. Биринчисинде туура жолго жакындоого мүмкүнчүлүк бербөө, ал эми экинчисинде болсо туура жолдун чегинен чыгарып жиберүү. Көпчүлүк адамдар ушул эки ыкманын бири менен адаштырылган. Мындан сактануунун бир гана жолу бар, ал – терең илим, ыйман, шайтандын азгырыгына каршы туруктуулук жана орто жолду кармануу». («Аль-Вабиль ас-Сайиб»)
 
Ислам ортолуктун дини, бирок көпчүлүк адамдар мындан адашкан. Муну кармангандар аз, ал эми каршылык кылгандар көп. Бул биздин Пайгамбарыбыз, соллаллаху алейхи уа салламдын жана анын сахабаларынын карманган жолу. Бул туурасында Хасан аль-Басри, рохимахуллахи, мындай деп айткан: «Андан башка илах жок болгон Аллага ант, Сүннөт бул – аша чабуучулук менен таштап салуунун ортосу. Сүннөт жолунда сабырдуулук кылгыла, Алла силерге ырайым кылсын! Чындыгында, Сүннөт ээлери адамдардын арасында буга чейин да аз болгон, мындан кийин да аз болот. Алар бузукуларга кошулуп бузукулукка кирип кетишкен эмес жана (динге) бидъат киргизгендер менен бидъат кылышкан эмес. Алар Раббисине жолукканга чейин Сүннөт жолунда сабырдуулук кылышкан. Силер да ушундай болгула». («Игаасату аль-Лахфаан»)
 
Алла Тааладан бизди ушул эки чектен ашуучулуктан сактоосун сурайбыз – диндеги аша чабуучулуктан жана Сүннөттү таштап салуудан!
 
Жана ошондой эле Иблис Алланын кулдарын туура жолдон кантип азгыраары туурасында шейх Вахид Абдус-Салам Баали өзүнүн «Адамдын жиндерден жана шайтандан коргонуусу» деген китебинде эң жакшы айтып өткөн:
«Шайтан адамды биринчи орундагы иштерди таштатып экинчи орундагы иштер менен алек кылат. Ал аны экинчи орундагы жакшы иштерди кылууга үндөйт, кызыктырат жана ал ишти ага артык кылып көргөзөт да негизги диний иштерден алаксытат. Адамдардын көпчүлүгү муну түшүнүшпөйт. Эгерде адам жакшылыкты кылууга түрткү берүүчү себептерди өзүнөн байкаса, анда ал муну Аллага моюн сунуу жана Ага жакындатуучу иш деп түшүнөт. Бул ишке түрткөн ой шайтандан деп эч оюна да келбейт. Тескерисинче, шайтан адамды жакшылыкты кылууга үндөбөйт деп ойлойт. Ал муну «жакшы иш жана бул ой Алладан гана» деп ойлойт. Бул адам себеби бар үзүрлүү адам. Анткени шайтан жакшылыктын жетимиш эшигине үндөө аркылуу адамды бир жамандыктын эшигине түртөөрүн же болбосо жакшылыктын жетимиш эшигинен да артык болгон чоң жакшылык иштен куру калтыраарын бул адам билген жок.
 
Ал эми муну болсо Алла пендесинин жүрөгүнө салган нур аркылуу гана билүү мүмкүн. Буга жетишүүнүн себеби – Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа салламдын, гана жолун ээрчүүдө жана Алла жакшы көргөн жана ыраазы болгон, адамга пайда берген Алланын алдындагы иштердин даражаларын айырмалап билүүдө. Муну Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа салламдын, мураскорлору гана биле алышат. Көпчүлүк адамдар мындан кабары жок жана мындай нерсе алардын оюна да келбейт. Алла Таала Өзү каалаган кулдарына ырайымдуулук кылат». («Викоятуль- Инсан мин аль-джинни уа аль-шайтон»)
 
Абдулла Ибн Масъуд, родыяллаху анху, айтты:
«Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, бизге (колу менен) түз сызык чийип, андан соң: «Бул Алланын жолу»,– деди. Андан кийин (ошол сызыктан) оң жакка, сол жакка сызыктарды чийип: «Ал эми бул жолдордун ар биринде аларга чакырган шайтандар отурат»,– деди. Андан соң аятты окуду: «Бул – Менин туура жолум. Аны ээрчигиле жана башка жолдорду ээрчибегиле...». (Муснад Ахмад; Анъам сүрөөсү (6:153)
 
Мужахид айтты: «… башка жолдорду ээрчибегиле…», – дегендин мааниси – бидъат менен шубхат». (Тафсир ат-Табари, аль-Анъам 6:153)
 
Акыр Замандын алды болгон ушул күндөрдө пайгамбарыбыз Мухаммад, соллаллаху алейхи уа салламдын, айткан бул насааты өзгөчө мааниге ээ болууда. Акыр Замандын кичине белгилеринин көбү болуп бүттү жана Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, айтып кеткен фитналар ачыкка чыгып, динибиздин негизине коркунуч туудурууда. Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Адамдарга ушундай заман келет, ошол убакта муъмин адамдын жүрөгү сууда туз эригендей эрийт. Андан сурашты: «Эмнеге андай болот?!». Ал айтты: «Күнөө иштин болуп жатканын көрүп туруп, бирок аны токтото албагандыгынан болот». (Канзуль Уъммал)
 
«Ислам туткалары биринин артынан бири урайт. Ар бир тутка ураган сайын адамдар кийинкисин кармоого жанталашат. Алардан биринчи болуп (Шарият) өкүмү урайт, эң акыркысы намаз болот». (Муснад Ахмад)
 
«Менин жаным Анын колунда болгон Зат менен ант! Алла Таала ... бузуку Куран карыларын жибермейинче Кыямат болбойт. Алардын келбети монахтардын келбетине окшош болот, бирок жүрөктөрү өлүмтүктөн да сасык болот, алардын каалоолору ар түрдүү, мына ошондо Алла Таала аларга бозоргон, караңгы фитналардын (эшигин) ачат жана алар анда адашып жүрүшөт...». («Мажмаъ аз-Заваид уа Манбаъ аль-Фаваид»)
 
«... андан соң Куран окуган адамдар пайда болуп, алар айтышат: «(Куранды) бизден жакшы окуган ким бар?! (Илимди) бизден жакшы түшүнгөн ким бар?! (Динди) бизден жакшы билген ким бар?!». Андан кийин Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, сахабаларынан сурады: «Мына ушул адамдарда жакшылык барбы?». Алар айтышты: «Алла жана Анын элчиси жакшы билет». Ал айтты: «Алар силер (сыяктуу эле) бул үммөттөн болот жана алар Тозок отуна отун болушат». (Сахих ат-Таргиб уа ат-Тархиб)
 
«Чындыгында, адамдарга жалганчы жылдар келет. Ал кезде жалганчыга ишенип, чындыкты сүйлөгөн адамды жалганчы дешет; кыянатчыга аманат иш тапшырылып, аманатка бекем адамды кыянатчы дешет жана ошол кезде ар-Рувайбида сүйлөп калат». Сурашты: «О Алланын элчиси, ар-Рувайбида деген эмне?». Ал айтты: «Ал жалпы коомчулук иштери жөнүндө сүйлөгөн эч бир нерсеге татыксыз адам». (Ас-Сильсила ас-Сахиха)
 
Бул адамдар Ислам тууралуу терең түшүнүгү болбогон жана өз каалоолорун гана ээрчиген адамдар.
 
Алла Таала айтты:
«Чындыгында, көпчүлүк (адамдар) өз каалоолорун ээрчип билимсиздиктен башкаларды адаштырышат. Албетте, Раббиң чектен ашкандарды жакшы билет». Анъам сүрөөсү (6:119)
Адамдардын жүрөгүн билген Алла Таала өз каалоолорун ээрчиген жана жүрөктөрүндө рухий оорулары (шубхат) бар кулдарын Өзүнүн жардамысыз калтырат жана өздөрүнүн ушул күнөөлөрүнө жараша аларга диндин туура эмес түшүнүгүн берип койот. Ал эми жүрөктөрүндө жакшылык жана ыхлас бар кулдарын Алла Таала динди түшүнүүчүлөрдөн кылып койот. Алла Таала кимге ыхлас берип, аны динди туура түшүнгөндөрдөн кылса, анда ал адам эки дүйнөдө бактылуулукка жетет. Аалымдардын айтуусу боюнча динди туура түшүнө билүү бул – жакшы тагдырдын белгиси.
 
Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Алла кимге жакшылыкты кааласа, анда аны динди түшүнүүчүлөрдөн кылып койот». (Сахих аль-Бухари)
 
Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, башка хадисинде айтты:
«О адамдар, илим алгыла! Чындыгында, илим окуп-үйрөнүү менен гана келет, ал эми түшүнүү түшүнүүгө болгон аракет менен гана келет. Алла кимге жакшылык кааласа, анда аны динди туура түшүнүүчүлөрдөн кылып койот». (Фатхуль Бари)
 
Диндин негизи, диндин милдеттүү жана негизги түркүктөрү жок болгон коомго даъват кылууда коом көтөрө албай турган, коом даяр эмес экинчи орундагы, талаш-тартыш жана кылдат диний маселелерге үгүттөө адамдардын жана жалпы эле диндин өсүп-өнүгүүсүн зыянга учурата турган фитна. Эреже катары, мындай маселелерге «үгүттөө» ар кандай аша чабуучулуктарга алып келет. Мындай коомдо динге чакыруу Аллага ыйман келтирүүгө, Ага гана сыйынууга, Акырет Күнүнө ыйман келтирүүгө жана башка Ислам динин негиздерине гана үгүттөө болуш керек. Жана ошондой эле адамдар малынып калган чоң күнөөлөрдөн кайтарыш керек, анткени коомдун абалы анын адилеттүүлүгүнөн же күнөөлөргө батканынан көз каранды. Бул жердеги эң маанилүү нерсе – коомдогу биримдик! Биз Пайгамбарыбыз, соллаллаху алейхи уа салламдын, насаатын унутпашыбыз керек:
 
«... ага (динге) акырындык менен киришкин...». (Шуъабуль Ийман лил-Байхаки 3728)
 
«Жеңилдеткиле жана оордотпогула, кубандыргыла жана (динди) жаман көргөзбөгүлө...». (Сахих аль-Бухари 69)
 
Бул хадистин башка бир риваятында Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«... бири-бириңер менен келишкиле, а бирок бөлүнүп-жарылбагыла». (Сахих Муслим 1735)
 
Алла Таала айтты:
«Өздөрүнүн динин секталарга бөлүп-жарышып, ар бири өздөрүндөгү нерселерге кубанышкан мушриктердей болбой, Ага кайрылып, таквачылык кылып, намаз окугула!». Рум сүрөөсү (30: 31-32)
 
Имам ат-Тирмизинин хадистер жыйнагындагы хадисте Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, биздин жашообуздун тагдыр кылынгандыгын түшүндүрүү менен жашоо-турмушубуздагы туура тандап алуу жолун көрсөттү, ал – кеп-сөздөрдөгү жана иш-аракеттердеги тууралыкты жана ошондой эле диндеги ортолукту кармануу. Бирок илимий таанып-билүү жана иш жүзүнө ашыруу жагынан алганда эң эле оор кыйынчылыкты жараткан нерсе бул – орто жолду илимий көрө билүү жана ал жолду кармана билүү, анткени бул иш-аракет динди терең жана калыс окуп-үйрөнүүдө Иблис менен жана өз каалоолору, нафсиси менен күрөшүүнү билдирет. Ибн аль-Каййим айткандай бир гана «...терең илим, ыйман, шайтандын азгырыгына каршы туруктуулук жана орто жолду кармануу» менен гана биз тандап алуу эркиндигин туура ишке ашыра алабыз. Андай болбосо билимсиздиктен жана өз каалоолорубузду ээрчүүдөн улам биз туура жолдон адашып, натыйжада азыркы күндөгү биз күбө болуп жаткандай «заманбап Ислам» деп Сүннөттү таштоочулуктун жолуна же болбосо аша чабуучулуктун, чектен чыгуучулуктун жолуна түшүп калышыбыз мүмкүн. Буга окшогон кыйынчылыктардын дарысы жана бул фитнадан кутулуунун жолу – терең билим жана динди туура түшүнө билүү. Динди калыс жана терең окуп-үйрөнүү гана динди туура түшүнүүгө жана таквачылыкка алып келет!
 
Туура жолдон адашуунун бирден бир негизги себептери – үстүртөдөн илим алуу жана илимдин сырткы формасы менен алек болуу. Азыркы учурда бул диндеги көйгөйлүү маселелерден.
Алланын элчиси, соллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Менин үммөтүмө ушундай заман келет, ошол учурда сабаттуулар көбөйөт, бирок (динди) түшүнгөндөр аз болот жана (адамдардан) илим кетет». (Аль-Мустадрак 8412)
 
Пайгамбар, соллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат Күнү жакындаганда китептер жана жалпы сабаттуулук кеңири тарайт деп алдын ала айткан:
«Чындыгында, Акыр Замандын белгилеринен – байлык көбөйүп, соода-сатык кеңири тарайт жана Илим негизги болот (илим каражаттары кеңири тарайт)». Сунан ан-Насаи 4468;
 
«Чындыгында, Акыр Замандын белгилеринен – байлык көбөйүп, соода-сатык кеңири тарайт жана калем негизги болот...». (Сунан ан-Насаи аль-Кубро 6048)
 
Ибн аль-Джаузи, рохимахулла, бир топ кылым мурун бул көрүнүш тууралуу жазып кеткен: «Мен көпчүлүк аалымдардын илимдин акыйкатын жана маанисин түшүнбөстөн анын сырткы формасы менен гана алектенгенин көрдүм...
 
Көпчүлүк адамдар ушундай абалда. Илимдин сырткы формасын үйрөнүү – алар үчүн кесип болуп калган. Бул аларды бой көтөрүүчүлүккө жана кем акылдуулукка алып келет.
 
Булар илимдин акыйкатын түшүнүшкөн эмес. Илим бул курулай сөздөр эмес, бул анын акыйкатын түшүнүү. Мына ушул нерсе гана таквачылыкка жана Алладан коркуучулукка алып келет жана адам илим аркылуу гана Алланын ырайымдуулугун көрүп-биле алат...». («Сайд аль-Хатир», 544-бет)
 
Алла Таала айтты:
«О ыйман келтиргендер! Эгерде Алладан корксоңор, анда Ал силерге айырмалап-билүүнү* (фуркан) берет». Анфал сүрөөсү (8:29)
*«Фуркан»-«айырмалап-билүү» – жакшылыкты жамандыктан, чындыкты жалгандан айырмалоо жөндөмү. Ушуну менен гана адам эки дүйнөдө ийгиликке жетишет.
_______________
ИсламОнлайнKG
Макаланын автору: Турдалиев Бекболот