Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
1 411-сап:
_______________
ИсламОнлайнKG
Макаланын автору: Турдалиев Бекболот
 
== Ырыскынын ачкычтары ==
 
ЫРЫСКЫНЫН АЧКЫЧТАРЫ
 
Алла Таала бардык макулуктарды жаратып, алардын өлчөмүн белгиледи жана ааламды жаратаардан 50 миң жыл мурда алардын ырыскысын бөлүштүрдү. Алла Таала тагдыр кылган нерсе сөзсүз болуп өтөт. Ал кимге кааласа жана кимге тагдыр кылса ага ырыскы берет жана макулуктардын эч кимиси муну өзгөртө албайт.
 
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, аялы Умму Хабиба төмөндөгүдөй дуа кылганда:
“О Алла! Менин күйөөм Алланын Элчисинин, атам Абу Суфйандын жана биртууганым Муъавиянын өмүрүн узартып (мени кубандыр)”,- Пайгамбар мындай деп айткан: “Сен тагдыр кылынган мөөнөттү, эсептелген күндөрдү жана бөлүштүрүлгөн ырыскыны сурадың. Алла Таала белгиленген мөөнөттү алдыга да, артка да жылдырбайт. Сен Алладан көр азабынан жана тозок отунан сакташты сурасаң жакшы болмок”. Сахих Муслим
 
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул хадисте адамдын жашоо мөөнөтүнө тиешелүү болгон жалпы ырыскыны Алла Таала Өзүнүн эрки менен тагдыр кылаарын жана муну эч ким өзгөртө албастыгын айтып түшүндүрдү. Бул болсо биздин жашообуздагы Алланын кулдарынын тандап алуу эркиндиги болбогон кубулуштарга кирет. Булар Ирадатуль Каунияга тиешелүү болгон төмөнкү кубулуштар – төрөлүү жана өлүү, оору жана ден-соолук жана бардык табигый кубулуштар.
 
Бирок, адамдын бул жашоосунда ырыскыны көбөйтө турган себептер бар экендигин Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге айтып кеткен. Куран менен Сүннөттө келген ушул ырыскынын ачкычтары аркылуу мусулман адам өзүнүн Раббисинен ырыскысынын кеңейишин сурайт. Бул болсо адамдын өз эрки менен кыла турган иш-аракеттери, бирок буларды Алла Таала Өзүнүн чексиз билиминин негизинде жана адамдын тандап алуу эркиндигине жараша алдын ала тагдыр кылган. Булардын бардыгы Ирадатуль Шаръияга тиешелүү болгон, тандап алуу эркиндигине ээ болгон адамдын иш-аракеттери, бул болсо ырыскынын жекече жагына таандык болуп эсептелет. Бул жерде Кудайдын кулу өзүнүн ырыскысынын кеңдигине жана берекелүүлүгүнө, же тескерисинче ырыскысынын аздыгына жана берекесинин жоктугуна таасир эте алат. Асман менен жердин Раббиси
 
Өзүнүн мээрими жана фазилети менен бизге ушул ырыскынын ачкычтарын тартуулаган.
 
1) Алардын эң улуусу жана эң биринчиси – бардык кылган күнөөлөргө истигфар жана тооба кылуу.
 
Алла Таала айтты:
"Раббиңерден кечирим сурап, андан соң Ага тооба кылсаңар силерге белгилүү бир мөөнөнөткө чейн эң сонун жакшылыктарды берет жана ар бир фазилет ээсине кылган жакшылыктарынын сообун берет. А эгер бурулуп кетсеңер Улуу Кыйамат Күнү силерге азап жетишинен корком". Худ сүрөөсү, 3-аят.
 
“Мен айттым: “Раббиңерден кечирим сурагыла, чындыгында Ал Кечирүүчү. Ал силерге нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат жана мал-мүлк, балдарыңарды көбөйтүп, силерге бактарды жана дарыяларды берет”. Нух сүрөөсү, 10-12-аят.
 
Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Кимде-ким ар дайым истигфар кылып жүрсө, Алла аны бардык кыйынчылыктардан чыгарат, бардык тынчсыздануулардан куткарат жана анын ырыскысын ал күтпөгөн жактан берет”. Абу Дауд, Ибн Маажа, Байхакый, Табарани, Канзил Имаал
“Чындыгында Алланын кулу өзүнүн кылган күнөөсү үчүн ырыскысынан куру калат”. Муснад Имам Ахмад.
 
Хасан аль-Басрийге бир киши келип, кургакчылык болуп жатат деп арызданды. Хасан аль-Басрий: “Өзүңдүн күнөөлөрүңө Алладан кечирим сура!”,- деп жооп берди. Экинчи бир адам келип, жакырчылыгына арызданганда, Хасан аль-Басрий: “Өзүңдүн күнөөлөрүңө Алладан кечирим сура!”,- деп жооп берди. Үчүнчү бир киши келип Хасан аль-Басрийге: “Мен үчүн дуа кыл, Алла мага бала берсин”,- дегенде, Хасан аль-Басрий ага да: “Өзүңдүн күнөөлөрүңө Алладан кечирим сура!”,- деп жооп берди.
 
Күнөөлөр күнөөкөр адамды жана күнөө кылып жаткан адамды ырыскысынан куру калтырат.
 
2) Такыбалык.
 
Алла Таала айтты:
“Ким Алладан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет”. Талак сүрөөсү, 2,3-аят.
 
“Эгерде айылдын жашоочулары ыйман келтирип жана такыбачылык кылышса, анда Биз аларга асман менен жердин берекесин ачмакпыз”. Аъраф сүрөөсү, 96-аят.
 
Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам:
“Эй адамдар! Такыбачылыкты Алла менен соодалашсаңар, анда Алла силерге соодалашпастан ырыскы берет”, - деп айтып, андан кийин төмөнкү аяттарды окуду:
 
“Ким Алладан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет”. Талак сүрөөсү, 2,3-аят. Ат-Табарани филь Кабиир.
 
3) Ырыскынын себептерин кармануу менен Алла Таалага таваккуль кылуу.
 
Алла Таала айтты:
“Ким Алладан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет. Ким Аллага таваккуль кылса, Ал (Алла) ага жетиштүү. Чындыгында Алла Өз ишин аягына чыгарат. Алла ар бир нерсенин өлчөмүн белгилеп койгон”. Талак сүрөөсү, 2,3-аят.
 
Бул аят жөнүндө Мухаммад пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Абу Зар, радыяллаху анхуга, кайрылып мындай деп айткан:
“О Абу Зар! Эгерде бардык адамдар ушул аятты колдоно билгенде, бул аларга (дүнйө жашоосунда) жетиштүү болмок”. Аль-Хаким.
 
Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Эгерде силер чыныгы таваккуль менен Аллага таваккуль кылсаңар анда Алла силерге кушка ырыскы бергендей ырыскы берет эле – куш эртең менен курсагы ач учуп чыгат, кечинде курсагы ток кайтып келет”. Тирмизи.
 
4) Алла Таалага ибадат кылуу.
 
Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, хадис кудсиде (ыйык хадис) айтты:
“Чындыгында Алла Таала айтты: “Эй Адам баласы! Өзүңдү Мага ибадат кылууга арнагын – Мен сенин жүрөгүңдү байлыкка толтуруп, жакырчылыктан куткарам, а эгер өзүңдү Мага (ибадат кылууга) арнабасаң, анда Мен сенин колдоруңду иш менен алек кылам жана сени жакырчылыктан куткарбайм”. Ахмад, Тирмизи, Насаи, ибн Мажжа, ибн Хиббан.
 
5) Хаж менен Умрага баруу.
 
Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Хаж менен Умрага баргыла, чындыгында алар жакырчылык менен күнөөлөрдөн көөрүк темирди ширендилерден тазалагандай тазартат”. Ахмад, Тирмизи, Насаи, ибн Хазим, ибн Хиббан.
 
6) Ата-энелерди сыйлоо жана тууганчылык байланыштарды кармоо.
 
Алла Таала айтты:
“Мага, андан соң ата-энеңе шүгүр кыл, (анткени) Мага гана кайтасыңар!”. Лукман сүрөөсү, 14-аят
 
“Силердин Раббиңер жарыя кылды: “Эгерде (Мен берген неъматтарга) шүгүр кылсаңар, анда Мен силерге (андан дагы) көбөйтөмүн”. Ибрагим сүрөөсү, 7-аят.
 
Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Кимди анын өмүрүнүн узарышы жана ырыскысынын көбөйүшү кубандырса, анда ал ата-энесин сыйласын жана тууганчылык байланыштарды үзбөй кармасын”. Ахмад
 
“Кимди анын ырыскысынын көбөйүшү жана өмүрүнүн узарышы кубандырса, анда ал тууганчылык байланыштарды үзбөй кармасын”. Ахмад
 
7) Алла жолунда садака кылуу.
 
Алла Таала айтты:
“Айткын: “Чындыгында, Раббим Өзү каалаган кулдарына ырыскыларын кеңейтет жана кимге кааласа тарытат. Эмнени садака кылсаңар, анын ордун толтуруп берет, жана Ал эң жакшы ырыскы берүүчү”. Саба сүрөөсү, 39-аят.
 
“Эй ыйман келтиргендер! Соода, достук, шафаъат болбой турган (Кыямат) Күн келгенге чейин Биз берген ырыскыдан садака кылгыла”. Бакара сүрөөсү, 254-аят.
 
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Алла Таала айтты: “Эй адам баласы! Садака кылсаң, Мен сага (ырыскыңды көбөйтүп) берем!...”. (Жакшылык иштерге садака кылсаң, Алла сенин ырыскыңды көбөйтүп, сарптаганыңдын ордун толтурат). Бухари,Муслим.
 
Асма бинт Абу Бакр ас-Сыддык, радыяллаху анха, айтты:
“Алланын элчиси мага айтты: “Чаначыңдын оозун байлаба, эгер байласаң, анда Алла сеникин байлайт”. Бухари, Муслим.
 
Хадистин башка риваятында Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан:
“Садака кылгын жана эсептебегин, антсең сеники да эсептелип (чектелип) калат; катпагын, антсең Алла сага (буйрулган ырыскыны) катып коёт”. Муслим
 
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Ооруңарды садака менен дарылагыла”. Сахих аль-Жамиъ.
 
8) Алсыздарга жана колунда жокторго садака кылуу.
 
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Силер араңардагы алсыздарыңардын (берекеси менен) гана жеңишке жана ырыскыга жетишип жатасыңар”. Бухари, Ахмад, ас-Сагиир ли-Табараани.
 
9) Алланын Шариатын кармануу.
 
Алла Таала айтты:
“Эгерде, алар Тооратты, Инжилди жана аларга Раббисинен түшүрүлгөн (Куранды) карманышса, анда алар үстүлөрүндөгү жана бут алдыларындагы (ырыскыдан) тамактанышмак. Аларда орточо үммөт бар, бирок алардын көпчүлүгүнүн кылган иштери жаман”. Маида сүрөөсү, 66-аят.
 
10) Дуа кылуу.
 
Алла Таала айтты:
“Зарыккандын дуасына (Алладан башка) ким жооп берет жана жамандыкты ким кайтарат?!”. Намль сүрөөсү, 62-аят.
 
“Айткын: “О Алла! Бардык мүлктүн падышасы! Сен мүлктү кимге кааласаң бересиң жана кимден кааласаң тартып аласың. Кимди кааласаң ардактуу кыласың жана кимди кааласаң кор кыласың. Бардык жакшылык Сенин колуңда. Чындыгында Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң. Түндү күндүзгө алмаштырасың, күндүздү түнгө алмаштырасың. Өлүүдөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарасың жана кимге кааласаң эсепсиз ырыскы бересиң”. Ааль Имран сүрөөсү, 26,27-аят.
Алланын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп дуа кылган:
“О Алла! Жакырчылыктан, жетишпестиктен, маскара болуудан коргоо сурайм; зулумдуктан жана зулумдук кылуудан коргоо сурайм”. Абу Дауд, Хаким.
 
11) Намаз окуу.
 
Алла Таала айтты:
“Үй-бүлөөңдү намазга буюр жана намаз окууда сабыр кылгын. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, ырыскыны сага Биз беребиз жана такыбачылыктын акыбети кайтат”. Та Ха сүрөөсү, 132-аят.
 
Ким талаптагыдай намаз окуса, асман менен жердин Раббиси анын ырыскысын көбөйтөт! Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, жокчулук келгенде үй-бүлөөсүн:
“Оо үй-бүлөм! Намазга тургула, намазга тургула!”,- деп намазга үндөгөн. Сабиттин сөзүнөн ибн Аби Хатим риваят кылат.
 
12) Таң эртеден ырыскы издөө.
 
Алланын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“О Алла! Менин үммөтүмдүн таңына береке бер!”. Ахмад, Абу Дауд, Тирмизи, Насаи.
“Эртең мененки уйку ырыскыдан куру калтырат”. Имам Ахмаддын Муснады.
13) Илим издегендерге садака кылуу.
 
Илим издегендерге садака кылуу ырыскыны көбөйтөт, өзгөчө Шариат илимин издегендерге. Анас бин Маликтин риваятынан:
“Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, убагында эки бир тууган болгон. Алардын бирөөсү илим издеп Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип жүргөн, ал эми экинчиси болсо кесипчилик кылган. Кесипчилик кылып жүргөнү илим издеп жүргөн бир тууганынын үстүнөн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, арызданганда, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага мындай деп жооп берген:
“Сен ошонун (берекеси) менен ырыскыланып жатасың!”. Тирмизи, Хаким.
14) Алла Тааланын берген неъматы үчүн шүгүрчүлүк кылуу.
Ырыскыны көбөйтө турган себептердин бири – берилген неъматтарга шүгүр кылуу, анткени, эгерде колдогу неъматтар үчүн Аллага шүгүр кылынса, анда Алла Таала ошол неъматтарды сактап жана Өзүнүн фазилети менен андан да көбөйтүп берет.
 
Алла Таала айтты:
“Силердин Раббиңер жарыя кылды: “Эгерде (Мен берген неъматтарга) шүгүр кылсаңар, анда Мен силерге (андан дагы) көбөйтөмүн”. Ибрагим сүрөөсү, 7-аят.
15) Ишенимдүүлүк.
Алланын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Ишенимдүүлүк ырыскыны өзүнө тартат, кыянатчылык жакырчылыкты тартат”. Канзиль Имааль (5493).
 
Кимде ким Алла Тааланын динин туура жана чын ыклас менен карманса, анда асман менен жердин Раббиси Өзүнүн Ыйык Куранында жана Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, Сүннөтүндө ага эсепсиз ырыскы берип, асман менен жердин берекесин ача турганын убада кылган. Шариатты карманган адам өзүнүн тандап алуу эркиндигинин негизинде ишин жеңилдетип, ырыскысын көбөйтө алат жана Алла Тааланын берекесине ээ болот. Бул жолдо мусулман адам эки дүйнөдө тең ийгиликке жетишет. Бирок адамдын түпкү максаты ушул дүйнөнүн гана убактылуу жыргалчылыктары болсо, анда Алла Таала анын каалаганын берип койот, бирок Акыреттин ырыскысынан куру калат.
 
Алла Таала айтты:
“Кимде-ким бул дүйнө жашоосун жана анын (убактылуу) жыргалчылыгын кааласа анын иш-аракеттеринин (натыйжасын) бул дүйнөдө толугу менен беребиз, жана алар эч нерседен кем болушпайт. Бирок, аларга Акыретте тозок отунан башка эч нерсе жок жана (бул дүйнөдө) жасагандары жана кылган иштери текке кетет”. Худ сүрөөсү, 15,16-аят.
 
٭ ٭ ٭ ٭ ٭ ٭ ٭ ٭ ٭ ٭ ٭ ٭ ٭ ٭
ИСЛАМ ОНЛАЙН KG
Макаланын автору: Турдалиев Бекболот