Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
1 568-сап:
ИСЛАМ ОНЛАЙН KG
Макаланын автору: Турдалиев Бекболот
 
== Бул дүйнө сыноо майданы ==
 
БУЛ ДҮЙНӨ – СЫНОО МАЙДАНЫ
 
Чындыгында бул дүйнө жашоосу – адамдар сыналуучу жай. Бул жашоодо кайсы гана адам болбосун сөзсүз сыналат, андан соң ал Аллахка кайтат. Аллах Таала бул туурасында мындай деп айткан:
«Күнөө жасагандарды күнөөсүнө жараша жазалоо үчүн жана сооп иш жасагандарды сыйлоо үчүн...». (Нажм сүрөөсү, 31-аят)
 
Ал эми башка аятта Аллах Таала айтты:
«Ар бир жан өлүм даамын татуучу. (Ошого чейин) Биз силерди сөзсүз түрдө жакшылык жана жамандык менен сынайбыз жана Бизге кайтарыласыңар». (Анбия сүрөөсү, 35-аят)
 
Демек, бул жашоодогу сыноо кээде жакшы жашоо менен болсо, кээде кыйынчылык менен болот. Ошондой эле адам кээде ден-соолугу чың болсо, кээде ооруга чалдыгат, кээде бай болсо, кээде кедейликке кабылат.
 
Ал эми момун адам бул сыноонун эки түрүнө тең кабылат. Бирде бакубатчылыкта жашаса, бирде кыйынчылык тартат. Момун адам сыноонун кайсыл түрүнө кабылбасын, ал дайым жакшылыкка гана жетет. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) өзүнүн хадисинде мындай дейт:
«Момундун абалы таң калычтуу! Аллах Таала ага эмнени гана тагдыр кылбасын, ал үчүн жакшылык болот».
 
Бул Хадистеги «эмнени гана» деген сөз сыноонун бардык түрүн өзүнө камтыйт. Ошондуктан момун адамга кандай сыноо келбесин, ал үчүн жакшылык гана боло берет. Анткени Аллах Таала аны кыйынчылык, жокчулук, ооруу жана башка ушул сыяктуу сыноолор менен сынаса, ал сабыр кылып, сыноонун бул түрүнөн сабырдуулардын сообундай соопторго жетет. Ал эми Аллах Таала аны жакшылык, жакшы жашоо, чың ден-соолук, байлык менен сынай турган болсо, анда ал сыноонун бул түрүнөн да Аллахка шүгүр кылып, шугүр кылуучулардын сообундар соопторго жетет. Буга Пайгамбарыбыздын бул хадиси далил болот:
«Момундун абалы таң калыштуу! Анын бардык абалы ал үчүн жакшы, бул нерсе момунга гана берилген. Эгер ага жакшылык жетсе шүгүр кылат, бул ал үчүн жакшы. Ал эми кыйынчылык тартса сабыр кылат, бул дагы ал үчүн жакшы».
 
Момун адамдын башына кыйынчылык түшсө сабыр кылып, сабырдуулардын сообун алат. Ал эми кененчилик учурунда да шүгүр кылып, шүгүр кылгандардын сообун алат. Натыйжада, момун адам бирде сабыр, бирде шүгүр кылуу менен сыноолордун бардык түрүн башынан өткөрөт.
 
Аллах Таала Курани каримде төрт жерде: «Албетте мында сабырдуу, шүгүр кылуучу адамдар үчүн аят-белгилер бар»,– деди. Аллах Таала бул жерде эки улуу даражаны “кыйынчылыкка сабыр кылууну жана нээматка шүгүр кылууну” эскерди.
 
Ар бир мусулман пенде билиши керек, Аллах Таала кээ бир адамдардын мал-мүлкүнө, ден-соолугуна, соодасына, балдарына жана башка нээматтарга береке берсе, Аллах булардан ыраазы болуп, жакшы көргөнү үчүн берип жатканына далил болбойт. Ошондой эле кээ бир адамдарга ырыскысы аз берилип, жашоосунда ар кандай кыйынчылыктарды тартып жатса, Аллах булардан ыраазы эместигинен улам ушундай абалга келип олтурушат деп түшүнүү да туура эмес. Себеби кээ бир адамдар ушундай түшүнүшөт.
 
Аллах Таала Куранда бул түшүнүк туура эмес экендигин мындайча баяндайт:
«Раббиси адамды (байлык менен) сынап, ага берешендик кылса жана нээмат берсе «Раббим мени урматтады» дейт. Ал эми аны (кедейчилик менен) сынап, ырыскысын чектеп берсе, «Раббим мени кордоду» дейт».
 
Аллах Таала бул түшүнүктү жойгон абалда аяттын уландысында “Жок!” деди, тагыраак айтканда, бул иш силер ойлогондой эмес, силер түшүнгөндөй эмес деп баса белгиледи.
 
Демек, Аллах Таала кимге байлык, чын ден-соолук, көп перзенттерди жана башка нээматтарды берген болсо, бул нерселер Аллах Таала алардан ыраазы экендигин билдирбейт. Ошондой эле кимден бул нээматтарды алып койсо, Аллах аны жаман көрөт деген түшүнүк келип чыгуусу туура эмес. Балким экөөсү тең сыналып жаткандыр. Аллах Таала бирин мал-мүлк, чың ден-соолук жана башка жакшылыктар менен сынап жатат. Ал эми экинчисин болсо кедейчилик, ооруу жана башка ушул сыяктуу кыйынчылыктар менен сыноодо.
 
Ошондуктан аалымдар ортосунда “Аллах Таалага ал экөөсүнүн кимиси сүйүктүү? Шүгүр кылган байбы же сабыр кылган кедейби?” деген маселеде ар кандай ой-пикирлер айтылган.
 
Чындыгында ал экөөнүн жакшысы – Аллах Таалага такыба болгону. Эгерде алар Аллахка такыбачылыкта бирдей болсо, анда алардын сооптору да бирдей болот. Анткени Аллах алардын бирөөсүн байлык менен сынады, ал адам Ага шүгүр кылды. Ал эми экинчисин кедейчилик менен сынады, ал адам сабыр кылды. Натыйжада, экөөсү тең сыноодо шариат талап кылгандай ибадатты ишке ашырып, ийгиликке жетишти. Бирөөсү шүгүр кылгандардын катарында ийгиликке жетсе, экинчиси сабыр кылгандардын катарында ийгиликке жетти.
 
Баарыбыздын бара турган жайыбыз бир. Ошондуктан Аллах Таала аятты: «Силер Бизге кайтасыңар» деген сөз менен бүтүрдү. Тагыраак айтканда, силер бул дүйнөдө сыналасыңар, андан соң Аллахка гана кайтасыңар. Жакшылыктарды кылгандарга сообун берет, күнөө иш кылгандарды азаптайт.
 
Мусулман бир тууган! Аллах Таалага такыбачылык кыл! Келген сыноолор жакшылык менен же кыйынчылык менен болсо да сабыр кылып, ийгиликке жетүү үчүн бул дүйнөдө нафсиңе каршы күрөш. Шериги жок жалгыз Аллах Өзү ийгилик берүүчү.
 
Орозокул уулу Асылбек
_________________
© ИсламОнлайнKG
– Ok.ru/islamonlinekgz
– Facebook.com/islamonlinekg