Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
1 637-сап:
 
Даярдаган (Шамсуддин Абдыкалык уулу)
 
== Дават кылуунун адептери ==
 
ДААВАТ КЫЛУУНУН АДЕПТЕРИ
 
Аллах таала бизди даават кылууга милдеттендирди жана анын себеби менен бизди башка адамдардан артык кылды. Даават кылуу – Аллахтын бизге берген чоң нээматы. Аллах таала ыйык Куранда айткан:
«Аллахтын динине чакырган, жакшы иштерди кылган жана “мен мусулманмын” деп айткан адамдан да жакшы сүйлөөчү ким бар?!». (Фуссилат сүрөөсү 33-аят)
 
Аллахга чакыруу – бул өтө чоң жоопкерчилик жана өтө зарылдуу милдет. Аллахтын динине даават кылгандар – алар пайгамбарлардын жолун жолдогондор жана алардын сүннөтүн аткарып ээрчигендер. Аллах таала ыйык Куранда:
«Адамдар Аллахга (актанып) далил кылбоолору үчүн – (Биз аларга) сүйүнчүлөөчү жана коркутуучу элчилерди жибердик»,–дейт. (Ниса сүрөөсү 165-аят)
 
Шарияттын негизинде адамдарды туура жолго багыттап, жамандыктан эскертип жана жакшылыкка чакыруу – бул өтө чоң милдет. Аллах таала ыйык Куранда айткан:
«Айткын: Мына ушул менин жолум. Мен жана мени ээрчигендер далилдердин негизинде Аллахтын (динине) даават кылабыз. Аллах аруу Зат жана мен ширк кылуучулардан эмесмин». (Юсуф сүрөөсү 108-аят)
 
Аллахтын динине чакырган адам бул милдеттин канчалык улуу даражадагы нээмат экендигин билүүсү зарыл. Ал Аллахга чакырууда даават кылуунун эрежелерин сактап, аларды талаптагыдай аткаруусу керек. Мына ушул эң маанилүү талаптардан. Даават кылуу – Аллахтын бизге тартуулаган улуу белеги. Даават кылуунун эрежелеринин бири – адамдарды туура жолго чакырууда алардын абалын эске алуу менен бирге түшүнүктөрүнө жана деңгээлдерине жараша даават кылуу. Ошону менен бирге аларга динди туура жеткирүүгө болгон күч аракетин жумшоо.
 
Даават кылган адам Аллахтан сооп-сыйлыктарды үмүт кылуу менен Анын ыраазылыгы үчүн гана кылуусу зарыл. Ал эми башка ниетте даават кылса, анда ал акыреттеги сооп-cыйлыктардан куру калат. Ошондой эле даават Аллахтын Элчисинин сүннөтүнө ылайык болуш керек. Даават эки шарттын негизинде кылынат – Аллахка болгон ыкластуулук жана Пайгамбардын сүннөтүнө туура келүүсү зарыл. Даават кылган адам ушул эки шарттын негизинде даават кылыш керек. Себеби буларсыз адамдын эч кандай иш-аракети кабыл кылынбайт.
 
Дагы бул нерселерге кошумча, даават кылган адам кулк-мүнөздүү, сабырдуу, токтоо, кичи-пейил болуш керек. Ошондой эле даават кылууда жакшы сыпаттарга ээ болуусу зарыл. Аллах таала ыйык Куранда айткан:
«Раббиңдин ырайымы себептүү сен аларга жумшактык кылдың. Эгерде сен орой жана ташбоор болсоң, алар сенден алыстап кетишмек». (Ааль Имран сүрөөсү 159-аят)
 
Аллахтын динине чакырган адам мамилесинде, жүрүм-турумунда жана ибадатта Аллахтын Элчиси үммөтүнө кандай үлгү болсо, ал дагы башкаларга ошондой үлгү болуш керек. Ыйык Куранда Аллах таала айтат:
«Чындыгында силер үчүн Аллахтын Элчисинде эң жакшы үлгүлөр бар. Аллахтын (сооп-сыйлыгын) үмүт кылгандар, акыретте (Анын ырайымын) каалагандар жана Аллахты көп эстегендер андан үлгү алышат». (Ахзаб сүрөөсү 21-аят)
 
Аллахга чакырган адам үчүн эң коркунучтуу нерсе – анын сүйлөгөн сөзү кылган ишине туура келбей калышы. Ушундай кылганы үчүн Аллахтын каарына дуушар болот. Аллах таала Куранда айтат:
«Эй, ыйман келтиргендер! Эмнеге силер өзүңөр кылбай туруп башкаларды кыл деп айтасыңар. Өзүңөр кылбай туруп башкаларды кыл деп айтканыңар – Аллахтын алдында кандай жек көрөөрлүк иш!». (Соф сүрөөсү 2-3-аяттар)
 
Аллах таала башка бир аятта:
«Адамдарды жакшылыкка чакырып, а бирок өзүңөрдү унутуп каласыңарбы? Силер китепти окуйсуңар го! Акыл жүгүртпөйсүңөрбү?!»,– деп айтат. (Бакара сүрөөсү 44-аят)
 
Даават кылган адамга эң коркунучтуу болгон нерселердин дагы бири – ал орой мүнөздө болуусу жана пайдасыз иштер менен алектенүүсү. Текеберлик, бузукулук, гыйбат кылуу, көралбастык, бир нерсеге баш-оту менен кирип кетүү,чагымчылык кылуу ж.б. ушул сыяктуу жаман сыпаттар дааватка терс таасирин тийгизет.
 
Лукман Хакимдин баласына айткан осуятын Аллах таала ыйык Куранда кабарлайт:
«Жакшылыкка чакыр, жамандыктан тый жана (бул жолдо) сага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл. Мына ушул аткарыш керек болгон Аллахтын буйруктарынан. Адамдарга кекирейбе жана жолдо текеберленип баспа. Чындыгында Аллах таала бардык мактанчаак менен текеберлерди жакшы көрбөйт. Басканда орточо жүргүн жана сүйлөгөндө жай сүйлө. Анткени эң жаман үн – эшектин үнү».(Лукман сүрөөсү 17-19-аяттар)
 
Кыскасын айтканда, Аллахтын динине чакырган адам Аллахтан корксо, акыретте ар бир иш-аракеттерине жооп берерин дайым эстеп жүрсө жана өзүнүн абалын оңдоого аракет кылса, анда ал сөзсүз ийгиликке жетет. Ыйык Куранда Аллах таала айтат:
«Чындыгында, биз мурда дүйнөдө үй-бүлөбүз менен жашап жатканда Аллахтын азабынан коркчу элек. Анан Аллах бизге (хидаят берип) ырайым кылды жана бизди заардуу азаптан сактады». (Тур сүрөөсү 26-27-аяттар)
 
Оо, Аллах! Баарыбызга хидаятта жүрүүбүз үчүн ийгилик бер! Бизди туура жолго сал! Баарыбызды Өз мээримиңе бөлөп, күнөөлөрүбүздү кечир!
 
Санжарбек Тыныбек уулу
_________________
© ИсламОнлайнKG
– Ok.ru/islamonlinekgz
– Facebook.com/islamonlinekg
 
⭕⭕⭕⭕⭕