Википедия:Портал:Ислам/Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
1 684-сап:
 
⭕⭕⭕⭕⭕
 
== Ширк коркунучу ==
 
ШИРК ЖАНА АНЫН ЗЫЯНЫ МЕНЕН КОРКУНУЧУ
 
Ширк жана анын зыяны. Эмне үчүн ширкти үйрөнүп, андан кооптонобуз? Эгерде сиз таухидти (биркудайчылыкты) эмне үчүн үйрөнүшүбүз керектигин түшүнүп, эсиңизде сактап алсаңыз, анда эми сизди анын (таухидтин) карама-каршысы болуп саналган ширк (көпкудайчылык) менен таанышууну сунуштайбыз. Ширк – бул бүткүл балээ менен жамандыктын башаты болуп табылат! Дааратсыз намаз болбогондой эле, таухидсиз ибадат болбойт. Намаз окуйм деген адамга дааратты кантип алууну үйрөнүш жетишсиз. Жок, албетте ал дааратты эмне бузаарын кошо билиши керек. Антпесе даараты сынганын билбей намаз окуп жатам деп ойлоп жүрө берет. Бирок намазы кабыл эмес. Ошондой эле Ислам менен жашайм деген киши таухидди үйрөнүп коюсу жетишсиз. Албетте ал таухидди жок кылчу нерсе - ширкти - билиши керек, андан сактанышы керек. Антпесе өзү сезбеген абалда ширк кылып. кантип соопторун "күйгүзүп" жок кылып жибергенин билбей калат. Эмнеге? Себеби:
 
1. ШИРК (КӨПКУДАЙЧЫЛЫК) – ЭҢ УЛУУ ЗУЛУМДУК.
Аллах Таала Куранда айтат: «Лукман өз уулуна насаат кылып: “Эй, уулум! Аллахка шерик кошпогун! Акыйкатта, ширк – өтө чоң зулумдук”, – деди». (Лукман сүрөсү, 13-аят).
 
2. ШИРК (КӨПКУДАЙЧЫЛЫК) – ӨТӨ ООР КҮНӨӨ.
АбдуЛлах ибн Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) жеткизген хадисте, Аллахтын Элчиси ﷺ айткан: «Аллах сени жаратса, ал эми сен Ага шерик кошконуң эң чоң күнөө болот» (Хадис Бухари, Муслим).
 
3. ШИРК – БЕЙИШКЕ КИРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНЫШЫНА ЖАНА АДАМДЫН ТОЗОКТО ТҮБӨЛҮК КАЛУУСУНА СЕБЕП БОЛОТ.
Аллах Таала Куранда айтат: «Акыйкатта, ким Аллахка шерик кошсо, Аллах ага Бейишти тыюу кылат, жана калаар жайы Тозок болот. Заалымдарга жардамчы болбойт» (Маида сүрөсү, 72-аят).
Аллах Таала ошондой эле мындай дейт: «Тозоктогулар Бейиштегилерге: «Аллахтын силерге берген сууларынан жана ырыскыларынан бизге төккүлөчү» – деп кыйкырышат. Алар: «Чындыгында, Аллах Муну каапырларга тыюу салган», – деп жооп беришет» (ААраф сүрөсү, 50-аят).
 
4. ШИРК (КӨПКУДАЙЧЫЛЫК) ӨТӨ ТЕРЕҢ АДАШУУЧУЛУК.
Аллах Таала Куранда айтат: «Ал эми ким Аллахка шерик кошсо, ал терең адашууга түштү» (Ниса сүрөсү, 116-аят).
 
5. ШИРК ЖАСОО АСМАНДАН КУЛАП ТҮШКӨН МЕНЕН БАРАБАР.
Аллах Таала айтат: «Ким Аллахка шерик кошсо, ал асмандан кулап, аны куштар чеңгелдеп алып кеткен, же болбосо шамал алыс жерге учуруп кеткен сыяктуу» (Хаж сүрөсү, 31-аят).
 
6. ШИРК ЖАСАГАН АДАМ, ООР КҮНӨӨ, ЗОР КЫЛМЫШ ЖАСООДО
Аллах Таала Куранда айтат: «Ким Аллахка шерик келтирсе, ал өтө чоң күнөө жасады!» (Ниса сүрөсү ,48 аят).
 
7. ШИРК КЫЛЫП ӨЛГӨН АДАМДЫ АЛЛАХ КЕЧИРБЕЙТ
Аллах Таала айтат: «Акыйкатта, Аллах Өзүнө шерик кошконду кечирбейт, бирок андан башка кичине күнөөлөрдү кимге кааласа кечирет» (Ниса сүрөсү, 48,116-аяттар).
 
8. ШИРК КЫЛУУ, АДАМДЫН АЛСЫЗДЫГЫ МЕНЕН АКЫЛСЫЗДЫГЫНАН КАБАР БЕРЕТ.
Аллах Таала мындай дейт: «Биз Тозок үчүн көптөгөн жиндер менен адамдарды жараттык. Алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен түшүнүшпөйт; алардын көздөрү бар, аны менен көрүшпөйт жана алардын кулактары бар, аны менен угушпайт. Алар мал сыяктуу, бирок андан да адашуучу. Мына ошолор кайдыгер (наадандар)» (Аараф сүрөсү, 179-аят).
 
Биз ширк жана анын жамандыгынан, Аллахтын каары жана Анын оор азабынан Андан коргоо тилейбиз! Аллахтан кечирим жана эки дүйнө бактылуулугун сурайбыз.