Бенедикт Спиноза: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 83 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q35802 (translate me)
5-сап:
Ошол эле убакта Спиноза амстердамдык еврей жамаатынын мүчөсү болуп кала берген, бирок жамааттын жетекчилери ага ыраазы болушкан эмес. Бир нече эскертүүдөн кийин аны еретик катарында динден четтетишет (1656), бул өтө катуу жаза болгон, анткени мындай учурда еврей жамааттан кууп жиберилген. Спиноза Амстердамды таштап, кыштак жеринде жашап, көз айнектин линзасын жылмалап, эмгек акы таап жашап, жанын багып турат. Бул эмгекке жакшы акы төлөнүп, ага тынч илимий иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берген.
Спинозанын башкы көңүлү философиялык проблемаларды иликтеп-үйрөнүүгө жана иштеп чыгууга багытталган болучу, ал ошондой эле математика маселелерине да кызыккан.<br />
 
== Эмгектери ==
1660-жылы Спиноза Гаагага көчүп келет да, ал жерде өзүнүн башкы эмгектерин жазат, алар: «Кудай, адам жана анын бактысы жөнүндө», «Акыл эсти өркүндөтүү жөнүндө трактат» (бүткөн эмес), «Диний-саясый трактат» (1670), [[Этика|«Этика»]] (1675, өлгөндөн кийин басылып чыккан), «Саясый трактат» (бул да өлгөндөн кийин басылып чыккан).<br />