Убакыт алкагы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Убакыт аралыгынын эки негизги түшүнүктөрү бар: * '''Географиялык убакыт аралыгы''' — жердин бети..."
(Айырма жок)

1 февраль 2016, саат 11:16 учурдагы нуска

Убакыт аралыгынын эки негизги түшүнүктөрү бар:

  • Географиялык убакыт аралыгы — жердин бетинин туурасы 15°ка туура келген шарттуу тилкеси (ортолук меридианга караганда ± 7,5°ка)

Гринвич меридианы - убакыт аралыгынын орточо нөлдүк меридианы болуп эсептелинет.

  • Административдик убакыт аралыгы — атайын бир мыйзамдарга ылайык белгилүү бир убакыт бекитилген жер бетинин аймактары. Бул түшүнүккө дагы датанын дал келиши деген түшүнүк да кирет. Мында, эгер, UTC−10:00 жана UTC+14:00 убакыт аралыктары аларда күндүн бирдей убактысы болгондугуна карабай ар кандай деп эсептелинет.

Убакыт аралыктарынын түзүлүүсү (time zones) бир жагынан Жердин өз огунда айланышын эске алуу менен, экинчи жагынан аймактардын (убактылуу зоналар) жергиликтүү бирдей күн убактын айырмалары бир саатка калдыксыз бөлүүнгөндөй кылып аныктоосу менен байланыштуу. Жыйынтыгында 24 административдик убакыт аралыктары болуусу жана алардын ар бири географиялык убакыт аралыктарына аздыр-көптүр дал келиши керек деп чечилген. Эсептөө чекити болуп Гринвич меридианы алынган. Себеби ал нөлдүк меридиан, нөлдүк убакыт аралыгынын ортосу. Азыркы кезде убакыт координацияланган дүйнөлүк убакыт боюнча орнотулат (UTC), ал убакыт Гринвич убакытынын ордуна киргизилген (GMT). UTC шкаласы атом убактысынын бирдей калыпта орнотулган убакытка (TAI) жана таянат, жөнөкөй адамдарга колдонууга ылайыкташтырылган. Убакыт аралыктары Жер шарынын оң (чыгышка карай) жана терс (батышка карай) деп нөлдүк меридианга карата түшүндүрүлөт. Жайкы убакытка которгон аймактарга UTCтин жайкы убакытка которулбайт.

Убакыттын чектөөнүн себептери

Азыркы убакыт аралыгынын заманбап системасынын негизин дүйнөлүк убакытты координциалоо болуп эсептелинет. Андан баардык аралыктардын убактысы түзүлгөн. Жердин узактыгынын ар бир градусуна (же минутасына) карай бөлбөө үчүн Жер бети 24 убакыт аралыкка бөлүнгөн. Бир аралыктан экинчи аралыкка өтүүдө мүнөт жана секунда өзгөрүлбөйт, болгону сааттын мааниси өзгөрөт. Бүткүл дүйнөлдүк убакыттан сааттары гана айырмаланбастан, мүнөттүк көрсөткүчү да 30 же 45 мүнөткө өзгөргөн өлкөлөр бар.

Жайкы убакыт

Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот.

Декреттик убакыт

Декреттик убакыт — СССРде 1930—1931-жылдары киргизтлген убакытты «алкактык убакытка дагы бир саат» деген система боюнча эсептөө тартиби.