Тайлак баатыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
3-сап:
'''Тайлак Рыскул уулу''' (болжол менен 1796 Нарын дайрасынын боюндагы Каргалык деген жер, азыркы Акталаа жана Тогузтороо райондорунун чеги - 1838, Куртка) – XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү. Нарын кыргыздарынын Кокондун эзүүсүнѳ каршы күрүшүнүн 1-этабы 1832-ж. Тайлак батыр жана бир тууганы [[Атантай|Атантайдын]] жетекчилиги менен башталып, бирок ийгиликсиз аяктаган. Кокондун 7 миң аскери аз кыргыз колун жеңип алып, элди салык төлөөгө мажбурлаган. Нарын кыргыздарынын Коконго каршы күрѳшүнүн 2-этабы Мадали хандын Тайлак баатырды туткундоо үчүн Арап башында турган аскер (500 сарбаз) жиберүүдѳн башталган. Тайлак баатыр сарбаздарды Тогузтородогу Бычан жайлоосунда тосуп алып, салгылашта жеңип чыккан. Тайлак баатырдын күрѳшүнүн 3-этабы XIX кылымдын 30-жылдарынын аягына тура келет. Мадали хан Түркстан тараптагы казактын Эдиге тѳрѳсү менен келишип, аны көп кошуун менен жабдып, Тайлак баатырга каршы аттанышкан. Эдиге Таласты чаап, Ѳтмѳктү ашып, Суусамырга келет. Тайлак батыр Акталаадагы басыз, чоро урууларынан кол жыйнап, Эдиге менен Суусамырдын Дубанкечүү деген жеринде беттешет. Бул урушта да Тайлак баатыр жеңип чыккан. XIX кылымдын 20-жылдарында Тайлак баатыр жетектеген кыргыз уруулары Чыгыш Түркстандын иштерине да аралаша башташкан. Ушул мезгилдерде Кашкарды башкарып келген кожолордун укум-тукумдарынын Жааңгер кожо Кытай баскынчыларына каршы чечкиндүү аракеттерди баштаган. Бирок анын биринчи жортуулу ийгиликсиз аяктап, ал кыргыздар арасында баш калкалоого аргасыз болгон. Тайлак баатыр менен [[Атантай]] [[Жааңгер кожо|Жааңгердин]] кыймылына колдоо көрсөткөн. Анткени алар кытай баскынчыларын кыргыз аймактарына ѳткѳрбѳѳнү көздөшкөн. Кытайдын Синьцзяндагы башкаруучусу Жааңгерди колдогон кыргыздарды талкалап, жетекчилерин кармап келүү үчүн 1825-ж. Баян Бату генерал баштаган 500 кишиден турган аскерин Нарын тарапка жѳнѳткѳн. Алар Тайлак баатыр жокто анын айылын курчоого алып, талап-тоноп, жүздѳй адамды өлтүрүшкөн. Бул кабарды уккан Тайлак баатыр коңшу айылдардан шашылыш кол курап, душманды куугунтукка алып, Арпа менен Нарындын ортосундагы Ойнокжар капчыгайында камоого алып, алардын баарын кырып таштаган. Тайлак баатыр 1838-жылы кокондук тыңчысы ууландырып ѳлтүргѳн. Андан кийин Кокон ханы жортуул жасап, Нарын кыргыздарын кайра каратып, Тайлак баатыр бузган кокондук Куртка сепилин калыбына келтирип, бийлигин чыңаган. Тайлак баатырдын эстелиги Нарын шаарында орнотулган.
 
]
== Колдонулган адабияттар ==
[http://bizdin.kg/books/item/24-short_hist_enscl Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003]
[[Category:Кыргыз тарыхы]]
[[Category:Инсандар]]