'''Нарын (тамак)Наарын/нарын''' - улуттук сый тамак, эт. Бышкан эт майда тууралып же куш тил, бөрү тил, жапырак, уй тил сымал бөртүлүп, үстүнө чык куюлат. Кесме кошулбайт. НарынНаарын илгертен эле кыргыз, казак, өзбек, монголуйгур жана башка элдердин сый тамагы болгон. НарынНаарын жөнүндөгү маалыматтар («Манас» эпосунда: «туу байталдан сойдуруп, туурап нарын койдуруп» жана башка) анын байыркы тамактардан экендигин айгинелейт. Кесме кошулган нарыннаарын Кыргызстанда "бешбармак", Өзбекстанда/Уйгурстанда - "нарын/нерин" деп аталат.