Катар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
21-сап:
Катардын музыкалык-бий маданияты араб, перс, инди, африка жана башка элдердин салттуу үлгүлөрүн жана жанрларын камтыйт. Бедуиндердин ар тармактуу ыр жанрлары бар. Салттык перс-араб музыкалык аспаптарын – най флейтасы, канун цитрасы, уд лютнясы жана башка колдонушат. Жергиликтүү калктын салттуу ыр, бийлери да бар.
[[Категория:Мамлекеттер арип боюнча]]
==Борбор шаары Доха==
Доха шаарындагы аэропортко келип түшкөндө эле бул мамлекетте көп жумуштарды чет элдиктер жасаарын түшүнүүгө болот. Аэропортто паспорт көзөмөлүндө отурганы да, сатуучусу да, пол жууганы да,Аэропорт алдында Тойота Камри унаасын айдаган таксисттери да чет элдиктер. Бул жакка дүйнөнүн бардык жагынан келип иштешет. Эӊ көп мигрант жиберген өлкөлөр Пакистан, Индия, Филиппин, Непал. Ошондой эле Европадан, Америкадан атайын чакырылган жогорку билимдүү адистер катарлыктардын керегине жарап келет. Катарды «бренд» катары таанытууда, шаарларды заманбап стилде куруп чыгууда чет элдик долбоорчулардын, инженерлердин жана күрөк кармаган кара жумушчулардын эмгеги чоӊ. Жерге жана байлыкка ээ арабдар болсо селдесин оронуп, теспесин кармап алып үстүртөн текшерүү менен гана алек. Алар мээни жана акчасын иштетип, чет элдиктердин колу менен чоӊ жумуш аткарышат.
Таӊ калтырганы Доха шаарында эл ташыган метронун, автобустун жокжоктугу. Андыктан туристтер аэропорттон түшкөн соӊ такси кызматын пайдаланууга туура келет. 1 долларга 3-4 литр бензин куюп алганга мүмкүн болгон өлкөдө такси кызматы арзан эмес. Таксист 25 риал сураса, демек, соодалашып 15-20 риал менен керектүү жерге жетүүгө мүмкүн. Ал эми соодалашуунун эӊ жогорку чегин базарда көрүүгө болот. Туристтерге бааны асмандатып, 20 риал турган буюмду 40 риалга сата алышат. Жемин жедирбөөгө аракет кылган туристтер, албетте, аларга жага бербейт. Кызыгы, базарда кайыр сурагандарды көрө албайсыӊ. Бирок ырдап, жанына бош идиш коюп койгондор жолугуп турат.
Кечки Доха өтө кооз көрүнөт. Кечке жуук сууну жээктеп чуркагандарды, балдарын ойнотконго чыккан үй-бүлөлөрдү, сейилдеген жаштарды көрүүгө болот. Араб улутундагылар дароо байкалат, алардын эркектери да, аялдары да толук бойдон жамынып жүрүшөт. Суу жээгиндеги аллеяда уюлдук телефонду кубаттай турган жайлар, машыга турган жайлар жана отургучтар жайгашкан. Шаар ичинде күндүзү да, түнкүсүн да жалгыз жүрүү кооптуу эмес. Себеби мыйзам катуу иштеген өлкөдө камерасы жок эле жарандардын коопсуздугу сакталат.
==Өнүгүү жолу==
Арабия жарым аралынын түндүк-чыгышындагы Катар жарым аралында жайгашкан бул өлкө түштүгүнөн Сауд Арабиясы менен чектешет. Нефть иштеткенге чейин бермет чогулткан жарды мамлекет менен азыркы Катардын айырмасы чоӊ. Учурда бул мамлекет табигый газдын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлейт. Табигый газ менен нефть экспорттоодо да алдыӊкы мамлекеттердин катарында турат. Өлкөнү башкарып, өнүгүү жолуна салгандар кезинде Европанын беделдүү жогорку окуу жайларын бүткөн муундун өкүлдөрү. Алар элди эгемендүүлүгүнө 50 жыл толо электе таанылгыс кылып өзгөрттү. Эми эгемендүүлүгүнө 100 жыл толсо жери таанылгыс болуп өзгөрчүдөй. Себеби катарлыктар башка араб өлкөлөрүндөй эле көк тиреген мунараларды тургузууга өтүштү.
==Спорт==
Катар мамлекетинде көп сандагы стадиондор курулуп, оӊдолуп жатат. Эл аралык футбол федерациясынын талабы боюнча катарлыктар 7 шаарда 12 стадионду даярдап, эл аралык стандартка тууралашы керек. Мунун шылтоосу менен Катар шаарларды байланыштырган унаа жолдорун куруп, шаарлардын ичинде коомдук транспорт жүрүп калат.
Негизи эле Катар акырындык менен спорттук өлкөгө айланууну максат кылат. Бул жакта теннис, бокс, крикет сыяктуу спорт түрлөрүнөн ири мелдештер уюштурулат. Мамлекет Олимпиада оюндарына 1984-жылдан бери катышып келет жана бүгүнкү күндө эсебинде 4 коло медаль бар. 12 кабат келген Олимпиада комитетинин имаратында кызматкерлер көбөйүп, кийинки оюндарда алтын менен күмүш медалдарды алуу аракети жүрүп жатат.
==Кызыктуу маалыматтар==
* Катарда жарандык алуу үчүн араб болуп төрөлүүдөн башка жол жок;
* Жол чырактарда дайыма жашыл күйүп турат, жөө жүргүнчү кызыл жарыкты өзү күйгүзүп, анан жолду кесип өтөт;
* Бул өлкөдө Сауд Арабиясы менен такталбаган аймактары болгону менен, чек ара чырлары дээрлик жок;
* Колунда бар арабдар таза кандуу аргымак, төө багып, жарыштыргандан тышкары кымбат баалуу суперкар, гелендваген унааларына ээлик кылышат;
* Бензин арзан болгондуктан, 100 чакырымга канча литр бензин сарпталарын деле билишпейт;
* Өлкөнүн дээрлик бардык аймагы таштуу чөл, деӊиз деӊгээлинен эӊ бийик турган жери 40 метрди түзөт.
* Акча бирдиги – Риал (1 риал 20 сомго барабар)
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Катар" булагынан алынды