Эне-Сай кыргыз кагандыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
''''''Калың текст'''
'''Эне-Сай кыргыз кагандыгы''' (VII-VIII)
[[<ref>Файл:Энесайлык кыргыздар|frameless|none|авта мекен тарыхы</ref>]]
''''''Эне-Сай кыргыз кагандыгы''' (VII-VIII)
Жалпы маалыматтар. III-VI кк. [[Кыргыздар|кыргыздардын]] саясий тарыхында көз каранды эместик үчүн күрөшү туруктуу болгон. Б.з. IV к. тартып кыргыздар Саян тоосунун түндүгүндөгү Эне-Сайдын ортоңку агымындагы (Миң-Өзөн ойдуңу) жерлерди байырлап тургандыгын билебиз V к. аягында кыргыз уруулары бирикмесинин ордуна Эне-Сай Кыргыз кагандыгы түзүлгөн. Бул кагандык кайсы жылдары ким тарабынан курулгандыгы жөнүндө так маалымат жок. Кыргыз кагандыгы [[Борбордук Азия|Борбордук Азиянын]] көчмөндөрүнүн көбүнөн элдин саны, аскеринин күчү, байлыгы, уюшулушу жагынан артта болгон. Ошол себептен 554-555-жж. аларды Түрк кагандыгын уюштурган Бумын өлгөндөн кийин анын ордун баскан иниси Мухан каганга баш ийишкен. Эне-Сайлык кыргыздар чет элдик эзүүдөн кутулуш үчүн күч топ-тойт, бирок аракет ийгиликсиз аяктаган. Кыргыздар салык катары өздөрү жасаган «албарс миздүү куралдарды» берип турушкан. Мындай жоо-жарактардын наркы, сапаты түрктөргө мурдатан белгилүү болгон, анткени аларды кыргыздар такай түрктөргө соодалап, сатып келишкен. Ошентип Миң-Өзөн ойдуну Түрк кагандыгы үчүн темир эритип, жоо-жарак жасай турган базага айланат.
Биздин замандын VI к. түштүк Сибирде Эне-Сай кыргыздарынын мамлекети – Саян Алтай аймагындагы биринчи малекеттик түзүлүштөрүнүн бири болгон. Түштүк Сибирь кыргыздарынын жайгашкан негизги аймагы Орто Эне-Сай бассейнинен Саян тоо кыркаларынан түндүккө карай кеткен Минусин ойдуңунун ээн талааларын түзгөн. Эне-Сайлык кыргыздардын мамлекетинин негизги мезгили башкы тарыхый доорго –алгачкы түрк мезгилине (б. з. VI-X к башталышы) – Түштүк Сибирдин, Алтайдын жана Орто Азиянын кеңири мейкиндеринде азыркы түрк тилинде сүйлөгөн элдердин – кыргыз, казак, тува, алтай. жана башкалардын ата-бабаларынын түзүлүшүнүн жана консолидациясынын башталышына негиз салуучу этникалык бирикменин түзүлүш дооруна кирет. Эне-Сай кыргыздарынын биригиши байыркы түрк мезгилинин үч тарыхый-маданий областтардын бирөөнөн түзүлгөн. Алгачкы түрк мезгилиндеги урууларынын этникалык айырмачылыктарына түрлүү территориялык зоналарда жайланышканына, аралыктары эбегейсиз ыраак болгонуна карабастан, комплекстүү жалпы белгилери окшош болгон. Бул болсо, куралдарынын, ат жабдыктарынын, үй турмушунун окшоштугу, кооздук буюмдарынын окшоштугу жана алгачкы түрк маданиятынын жалпы окшоштугу – руникалык жазма болгон.
Line 12 ⟶ 14:
Түрктөр күтүп отурбай союздаштарга биринчи болуп кол салып, аларды жалгыздап талкалоону чечишти. Жогоруда келтирилген тексттен талаа гегемону учүн баарынан чон коркунучтуу душман алыскы кытайлар жана түргөштөр эмес, кыргыздар болгондуктан биринчи чабуулду ошолордон баштаган. 709-ж. түрктөрдүн кошууну Энесайдин баш жагынан кечип өтүп, кыргыздарга союздаш чик жана аз урууларын талкалап, Туваны ээлешкен да, аны кыргыздарга чабуул коюу үчүн плацдармага айландырышкан.
Кыргыздар Тувадан Эне-Сайга капчыгай аркылуу кеткен башкы жолду бийик кыр менен тосуп коюшкан (анын калдыктары ушул убакка чейин сакталып калган). Мындан эч кандай армия өгө алмак эмес. Барсбек Саяндагы башкы маанилүү ашууларды да ээлеп, толук коопсуздукту камсыз кылдым деп ойлоп, союздаштарынын жардамын күтүл калган. Бирок түргөштөр да, кытайлар да кыргыздарды колдоп чыгышкан жок. Алар Барсбек жөнүндө ойлошпой, өз чектерин коргоо менен гана чектелишкен. Айласы түгөнгөн Барсбек күчтүү Түрк кагандыгы менен беттешүүдө жападан жалгыз калып, саясий багытын өзгөртүүнү чечет. 710-ж. күзүнөн кечиктирбей ал Тань империясына жана түргөштөрдүн мамлекетине, Тибетке элчиликтерди жиберет. Кыргыздардын күчтүү болшар уруусунан чыккан Эрен Улуг элчиликке башчылык кылган. Тажрыйбалуу дилломат кыргыздардын чет өлкөлөргө жиберилген төрт элчилигине катышкан. Ал бул үчүн Барсбек тарабынан өзгөчө белгиленген. Албетте, кыргыз каганы Эрен-Улугдун элчилиги жөнүндө Кыгайды кабардар кылган эмес, бирок ал тууралуу маалыматтар көчмөндөрдүл арасында атайылап эле кенири таркатылган. Калыбы, бул түрктөрдү коркутуу үчүн эмес көбүнчө Кытайдын жана түргөштөрдүн согуш аракеттерин активдештирүү үчун жасалган болуу керек, Бирок кеч болул калган эле. Эрен-Улуг белгисиз себептер менен бөтөн жерде өлгөн. Тибет Барсбекке союздаш болул калган жок. Кытайлар менен түргөштөр жортуулга чыгышлады, түрктөр болсо аракеттерин ыкчамдатты.
Түрк колбашчылары жан аябаган кадамды жасоону, Саян кырка тоолорундагы кыргыздар коргоп турган жолдорду айланып өтүп, кышкы ызгаарга карабай кыйын жол менен өтүүнү чечишти. Бул жортуулга түрктөрдун келечектеги каганы Билге жана анын баатыр бир тууганы Күлтегин катышкан, бирок ага иш жүзүндө кары жана тажрыйбалуу Тон-йокук башчылык кылган. Ал жергиликтүү элден чыккынчыны издеп табат. Жол көрсөткүч өзүнүн шоруна түрктөрдүн аскерлерин бийик тоолордогу жашыруун жалгыз аяк жол менен Миң-Өзөн ойдуңуна алып барууга макул болгон. Албетте кыш күрөөдө Саян тоосу аркылуу өтүү чоң эрдикти талап кылган. Түрктөрдүн ойлогону ордунан чыкты. 710-711-жж. кышында алардын аскерлери кыргыздарды күтүлбөгөн жерден каптап киришти. Биринчи салгылашуу түн ичинде болду. Тон-йокукка арналган жазууда жортуулдун кыйынчылыгын мындайча сүрөттөлөт: "Биз кыргыздарга уйкуда жатканда кол салдык... жолду найзалар менен салдык" деп белгилеген байыркы түрктөрдүн руна сымал жазуусу бар эстелигинде. Кыргыздардын негизги күчтөрү талкаланган болучу. Барсбек аман калган колун Суңга токоюна (азыркы Тувада) топтоп, өжөрлүк менен каршылык көрсөттү. Айыгышкан катуу салгылашуу бир жумага созулду. Мында Күлтегин үстөмдүк кылды. Кыргыздар толук кыйратылды. Барсбек бетме-бет салгылашууда курман болду. Анын сөөгүн кыргыздардын байыркы салты боюнча сый менен коюуга да мүмкүн болбоду. Мунун өзү Алтын-Көлдөгү эпитафияда белгиленген болучу. Уруулаштары баатыр кагандын урматына адам боюнан бийик чоң жалпак ташты орнотушту, кыргыздар анын курман болушуна байланыштуу азасын кыргыз жазуусу менен билдиришкен. Суңганын алдындагы салгылашууда кыргыздардын жеңилиши, калыбы анын мамлекетин эң олуттуу кесепеттерге алып келген окшойт. Анкени, ошондон кийинки кырк жылдан ашуун убакыттын ичинде кыргыздар Борбордук Азиядагы согуш аракеттерине катышкан эмес. Мамлекеттин башына кыргыздардан аким коюлганына карабастан, ал Түрк кагандыгы кулаганга чейин иш жүзүндө ага көз каранды болуп турган.
 
 
== Колдонулган адабияттар ==