Гепатит: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
13-сап:
}}
 
'''Гепатит''' ({{lang-el|ἡπατῖτις}} {{lang-el2|ἥπαρ}} — Боор) — Боордун түрдүү этиологиядан пайда болуп, катуу кармаган жана өнөкөт сезгенүү ооруларынын жалпы аты; боордун түрдүүчө дарылоону талап кылуучу сезгениши. Ал пайда кылган себебине жараша впрустук Гепатит биринчилик (вирустуу гепатит) жана экинчилик болуп айырмаланат. Анын катуу кармаган (вирустуу гепатит) жана өнөкөт түрү бар. Боор катуу сезгенгенде алгач адамдын тамак ичкиси келбей, эти ысып, алы кетип, муундары, оң кабыргаларынын асты салмактанып ооруйт. Кийинчерээк оорунун негизги белгиси сарык пайда болот. Боордун өнөкөт оорусу көбүнчө катуу сезгенүү уларып, өнөкөткө айлануудан жана жугуштуу (бруцеллёз, кургак учук ж. б.), мите (эхинококк, описторхоз ж. б.) ооруларынан, уулануудан, кээ бир дарыларды туура эмес ичүүдөн пайда болот. Сезгенүү процесси көпкө созулганда, боор клеткалары өлүп, бириктиргич ткандар өсүп, циррозго алып келет. Боор ишинин бузулушуна жараша оорулуу адамдын боору, көкбоору чоңоёт, эти ысып, териси саргая баштайт. Гепатит жылдап созулат. Мындай оорулууну ооруканада дарылайт, каттоого алынат. Анын алдын алуу үчүн жугуштуу ооруларды туура дарылоо, уулануудан сактануу жана туура тамактануу чоң мааниге ээ.<ref>[[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4</ref>
==Медицина сунуштайт ==
 
Гепатиттерди дарылоо үчүн заманбап илим тарабынан интерферонду – дене тарабынан ага кандайдыр бир инфекция киргендигине карата жооп катары бөлүнүп чыгарыла турган заттарды пайдаланууну сунуштайт.
Интерферондун өздөрү вирусту өлтүрбөйт, ал болгону орто аралык чынжырча гана болуп саналат. Алар денеге вирустун дал ушул түрүн, инфекциянын тибинин өзүнүн кодун чечүүгө, анын алсыз жерлерин, иммундук системге аны өлтүрө турган ферментти иштеп чыгууга жардам берүү үчүн түшүнүүгө жардамдашат.
Интерферондор менен дарылоо аргасыз чара болуп саналат, азыркы медицинанын колунда башка натыйжалуу дарылар жок.
Пегилирленген интерферонду вируска каршы каражат болгон рибоверин менен бирге колдонушат. Дал ушундай комбинация бүткүл дүйнө жүзүндө В, С гепатиттерин дарылоонун айрым бир стандарты катары кабыл алынган.
Тилекке каршы, интерферон менен жалпы кабыл алынган дарылоо абдан уулуу жана адам денеси үчүн абдан оор келип, 1 нече миллион сомго чейин болуп кымбатка турат. Анын колдонулушу жок дегенде жарым жылга эсептелгени менен, 85 пайыз учурда бейтаптар мындай дарылоону алгачкы 2-4 ай гана чыдап көтөрө алышат. Ошондуктан гепатиттерди натыйжалуу дарылоонун мындай көйгөй маселеси абдан актуалдуу болуп саналат.
==Гепатитти аныктоо==
Бул талдоо сапаттык деп аталат, ал денедеги вирустун бар экендигин көрсөтүп турат. Эгерде вирус денеден табылган болсо, экинчиси жасалат – сандык жыйынтыкты көрсөтө турган талдоо (кандын 1 миллилитринде канча вирус камтылып турат).
==Сакайтуу жолдору==
Сыртынан сыйпаган учурда йод вируска каршы күчтүү натыйжага ээ экендигин билишет. Бирок аны кантип денеге коопсуз киргизүүгө болот? Биринчилерден болуп йоддун агрессивдүү сапаттарын, ал ар түрдүү ооруларды дарылоо үчүн жеткиликтүү болуп калышы үчүн кантип нейтралдаштыруу керектигин В.О.Мохнач түшүнгөн. Окумуштуу йоддун уулуу таасирин картошка крахмалынын – «көк йоддун» жардамы менен нейтралдаштырган. 10 миңден ашык сынап көрүү жолу менен ал йоддун бардык боёлгон бирикмелери микробго, вирустарга жана грибокторго каршы аракеттерге ээ экендигин жана ушул эле маалда уулуулугу азая тургандыгын аныктаган. Бирок «көк йоддогу» йоддун дозасы гепатиттер вирустарына толук түрдө таасир этүүсү абдан эле аз.
Тамактануунун Казак академиясынын вице-президенти, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор, биология илимдеринин доктору Юрий Синявский Мохначтын ачылышын улантып, йоддун крахмал менен болгон биригүүсүндөгү камтылышынын 300 жана андан көп эсеге чейин жогорулоосуна жетишкен. Мында ал йоддун коопсуздугун сактай алган, анысы менен НаноЙОДду жараткан, ал гепатиттердин каалагандай вирустарына каршы жана вирустар эле эмес, бардык мите курттар жана чоочун бактерияларга каршы активдүүлүктү жогорулата алган, башкача айтканда денени, биринчи кезекте ичегилерди (иммунитеттин 90), башкысы биздин боорубузду толугу менен стерилизация кылат, андан кийин иммунитет иштей баштайт жана биздин денебиз тазарып калат.<ref>Дарылоонун аталган ыкмасы Орусияда, Ефрей автономиялуу облусундагы «Лекарь» клиникасында колдонулат. Бишкекте «ГепатоБорбордо» (ЦАДМИР) Москва көч., 225 (2-төрөт үйүнүн короосунда) колдонулат.
Дарылоо дистанциялык түрдө жүргүзүлөт.</ref>
==Түрлөрү==
Гепатиттин A, E, B, C, D, G деген түрлөрү бар. Ооруну жугузуучу башкы булак болуп гепатит менен ооруган адам эсептелет. B, D, C, G түрлөрү жыныстык катнаш, энеден түйүлдүккө өтүү жана кан аркылуу (шприцтен, гепатит менен ооруган адамдын жакшы жуулбай кан калып калган сакал алгычы менен тиш щёткасынан, стоматологияда, тату салонунда кан менен булганган аспаптан) жугат. A, E түрлөрүнүн жугуу жолдору окшошуп кетет. Кыргызстанда A түрүнөн жабыркагандар көп.
==Дагы караңыз==
* [[Гепатит А]]
* [[Гепатит Е]]
* [[Гепатит В]]
* [[Гепатит С]]
==Эскертүүлөр==
{{Эскертүүлөр}}
==Шилтемелер==
 
[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Ден соолук]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гепатит" булагынан алынды