Мамырбай ажы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Replaced content with "
==Колдонулган адабият== ==Интернеттик шилтемелер== Category:Кыргызстан
Category:Инсандар

м Reverted edits by 91.192.66.191 (talk) to last revision by ChoRusBot
1-сап:
'''Мамырбай Тайлак уулу''' (1870, Ысык-Көлдүн тескейи, [[Ак-Коргон]] конушу –1933-жылы азыркы [[Жети-Өгүз]] району, [[Каба]] айылы) – агартуучу, ишкана ээси, саякатчы. [[Бугу]] уруусунун белек уругунан. Ата-энесинен эрте ажырап, 12 жашынан бай туугандарына жалданып иштеп, жан баккан. 20-кылымдын башында [[Кара-Кол]] шаарындагы орус, татар ишкана ээлерине жалданып, алардан устатчылыкты, соодагерчиликти үйрөнүп, бай соода үйлөрүнүн агенти болуп иштеген. Акырындык менен өзүнүн дүкөндөрүн ачып, аларда жүн, тери, кийизден жасалган буюмдарды саттырган. [[П.А.Столыпиндин]] жер саясатынын убагында ал бир туугандары, үй-бүлөсү менен Жети-Өгүз капчыгайынын [[Бөйрөк]] деген жерине отурукташып, тегирмен куруп, дүкөн ачып, мал, дыйканчылык чарбаларын түзгөн. Көчмөн мекендештери менен бирдикте жайлоодогу жайыттарга чейин жол чабышып, дайраларга көпүрө салышкан.
1912-жылы [[Мекеге]] зыяратка баруучу Ысык-Көлдүк кыргыздардын тобуна кошулуп, Казан, [[Астрахань]], [[Кавказ]], [[Кара деңиз]], [[Жер Ортолук,]] [[Кызыл деңиз ]]аркылуу Сауд Арабстанына саякат жасаган. Кайтып келгенден кийин, 1913-жылы Бөйрөктө чырактык [[Кодоңтай]] ажы менен бирдикте мектеп медресе ачкан. Анын өзгөчөлүгү мектепте балдар менен кыздар чогуу окуган. Бул мектепте белгилүү фольклор жыйноочу [[Ыбырайым Абдрахманов]] мугалимдик кылган. 1916-жылы үркүндө эл менен чогуу Кытайга качып, 1917-жылы жерине кайтып келген. Мамырбай ажы карапайым элге дайым каралашкан. Көл кылаасындагы алгачкы агартуучулардан болгон.
Орус, кыргыз достук мамилелеринин өнүгүшүн жактаган, [[прогрессивдүү]] ой-пикирдеги адам болгон. Мамырбай ажы кыргыз элинин тарыхында [[Суусамырдагы]] [[Түркмөн]] болуш, Чүйдөгү [[Бошкой уулу Өзүбек]] жана башка сыяктуу 20-кылымдын башындагы калыптана баштаган улуттук ишкер, бардар адамдардын өкүлүнүн бири. Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгилинде урпактары ага Жетиөгүз капчыгайында [[«Мамырбай ажыга урук-тукумунан алкыш»]] деген жазуусу бар эстелик тургузушту.

==Колдонулган адабият==
“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.

“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”

“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.

“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

==Интернеттик шилтемелер==
[[Category:Кыргызстан]]