Иллюстрация: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
 
1-сап:
'''Иллюстрация '''(латынча illustratio – көрсөтмөлүү кылып сүрөттөө, сүрөттөр жазуу) – негизинен көркөм графикада текстти көркөм түшүндүрүүчү, кээ бир учурда толуктап туруучу көркөм өнөрдүн бир түрү. Адабий чыгарманын маанилүү өзгөчөлүктөрү менен мазмунунун шартталышын аныктап, газета, журнал, китепти көркөм кооздоодо тикеден-тике катышы И-нын өзгөчө касиеттерине кирет. Өткөн замандын көрүнүктүү сүрөткерлери (мисалы, Г. Гольбейн-кичүүсү, А. Дюрер, П. Рубенс, Э. Делакруа, А. Менцель, [[Репин, Илья Ефимович|И. Репин]]) И. менен иштөөгө көп көңүл бурушкан. XIX кылымдагы орус реалисттик китептик И-нын ири чеберлеринен болуп А. А. Агин, К. А. Трутовский, П. М. Боклевский, П. П. Соколов жана башка эсептелет. Сов. И. XIX кылымдын И-сынын мыкты традицияларын өзүнө негиз кылып алуу менен жана өнүгүү жолунун биринчи жылдары эстетикалык жактан чектелген жана формализмден турган, революция болор алдындагы И-нын «Көркөм  искусство дүйнөсү» деп аталган чөйрөсүн туруктуулук менен жеңип чыгып, азыр бийик идеялык жана көркөм деңгээлге жетишти. Өз милдетин адабий баяндоонун түйүндүү учурларын терең жана толук көркөм ачып берүүдөн көрүшкөн Кукрыникстер, Д. А. Шмаринов, В. А. Фаворский, Е. А. Кибрик, Н. А. Жуков жана башка көптөгөн сүрөтчүлөр азыркы жана классикалык адабияттын мыкты чыгармаларына эң сонун И-дарды жаратышкан. Көркөм графикадагы ушул эле түрдө жооп берген кээ бир чыгармалар да И. аталат.
 
==Колдонулган адабияттар==