Полот хан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
2-сап:
Болот хан / Пулат хан-орустар ушундай аташкан. (Искак Асан уулу, Искак Молдо, Ыскак молдо Асан уулу) (1844-ж. Маргалаң уезди, Охна кыштагы - 1876, Жаңы Маргалаң шаары) - 1873-1876-жж. [[Кокон]] көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири.

Ичкилик уруусунун бостон уругунан. Атасы Маргалаңдагы "Ак медреседе" окуткан. 1867-ж. Искак окуусун таштап, өз уругунун көчмөндөрү жашаган Сох кыштагына, кийин Охна кыштагына келет.

Эл арасында болууну көксөгөн Искак [[Анжиян]] шаарында туруп калат. Соода иши менеменен [[Ташкен]]ге келип жүрүп, ал жерден лашкер Алымкулдун пикирлерши, кыргыздын курама уругунан чыккан чаткалдык Абдымомун аталык менен таанышат.

1873-ж. [[Кокон көтөрүлүшү]] башталганда эл хандыктын мураскору, Алим хандын небереси Болот бекти көтөрүлүштү хан катары жетектөөсүн өтүнүшкөн. Шер датка баш болгон кыргыздардын өкүлдөрү Самаркандагы Болот бекке барышкан, бирок ал баш тарткан. Алар Самаркандан кайтып келе жатып, Ташкенге Абдымомундун үйүнөн өңү-түсү Болот бекке окшогон Искакты кезиктирип, аны Болот бектин ордуна мураскор болууга көндүрүшкөн. Ошентип Болот хан (Искак Молдо) 200 аскери менен Чаткалда көтөрүлүшкө жетекчилик кыла баштайт. Чаткалга жакын жайгашкан [[Алабука]], Актаң, Нанай, Көкжар, Мамай, Сафедбулон ж.б. айылдардагы эл Болот ханды хан деп таанып, Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө кошулушкан. Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчү карапайым калк - кыргыз, өзбек, кыпчак, тажиктер болгон. Алар мене катар өз кызыкчылыктарын көздөгөн феодалдардын өкүлдөрү да катышкан. Кийинчерээк Болот хан көтөрүлүшкө катышкан феодалдардын таасири мене Кокондун мурунку хандарынын саясатын уланткан.

Көтөрүлүштүн жүрүшүнүн экинчи этабында 1875-ж. июлиюль айында [[Россия империясы]]нын өкмөтү Болот хандын бийлигин мыйзамсыз деп таанып Кокон хандыгынын аймагына орус аскерлерин киргизүүгө жетишкен. М.Д.Скобелевдин кол башчылыгы астындагы орус аскерлерлинин күчү мене көтөрүлүш басылып, Кокон хандыгы жоюлуп, [[Фергана облусу]] деген ат мене Россия империясынын карамагына өткөн.

Өзүн курчаган феодалдардын чыккынчылыгы менен Болот хан падышалык бийликтин колуна түшкөн. Убактылуу Жаңы Маргалаң ш-дагы орус түрмөсүндө кармалып турган. Аскер сотунунн өкүмү мене [[Жаңы Маргалаң]] ш-да 1876-ж 1-мартта дарга асылган.

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Полот_хан" булагынан алынды