Жалал-Абад облусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Кыргызчасы "Абат" болот, "Абад" деген сөз жок кыргыз тилинде, "Абат" бар.
69-сап:
|Түшүндүрмөлөр =
}}
'''Жалал-АбадАбат облусу''' - [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] түштүк-батыш бөлүгүн ээлейт. 1924-26-жылдарда округ, 1926-28-жылы кантон болгон; 1928-жылы Ош округуна бириктирилген. 1939-жылы 21-ноябрда облус катары уюшулган; 1959-жылы 27-январда жоюлуп, Ош облусуна кошулган, 1990-жылы 14-декабрда кайра өз алдынча облус болгон. Түндүгүнөн [[Талас областы|Талас]], [[Чүй областы|Чүй]], чыгышынан [[Нарын облусу|Нарын]], түштүгүнөн Ош облустары, түштүк-батышынан жана батышынан Өзбекстан менен чектешет. Административдик-аймактык жактан 8 районго (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал), 68 айыл өкмөткө бөлүнөт. Анда 7 шаар, 7 шаарча, 414 айыл бар. Аянты 33,7 миң км2 (өлкөнүн аянтынын 16,9%и). Калкы 993,8 миң (2009; республиканын калкынын 18,7%и).
==Табияты==
Облустун аймагынын басымдуу бөлүгү Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү (Тогуз-Торо ойдуңу) Ички Теңир-Тоонун аймактарынан орун алган. Алар негизинен Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчаган бийик, орто бийик жана жапыз тоолор, жалдар, дөңсөөлөр, адырлар тилкеси, тоо этегиндеги жантайыңкы түздүктөр жана тоо аралык өрөөндөр болуп саналат. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери 4503 м (Чаткал кырка тоосундагы Авлетим чокусу), эң жапыз жери 600 м (Базар-Коргон районунун аймагында). Облустун түн.-батыш, түн. жана чыгыш чет жакалары боюнча Батыш жана Ички Теңир-Тоо системаларына кирген бийик кырка тоолор Чаткал (бийиктиги 4503 м), Суусамыр-Тоо, Молдо-Тоо (түштүк капталдары) созулуп жатат. Облустун борбордук бөлүгүн Фергана (түн.-батышын), Кочкор-Төбө, Ат-Ойнок, Исфан-Жайлоо, Чаак-Тоо, Бабаш-Ата кырка тоолору ээлеп, түштүк-батышты карай жайпаң рельефтүү этек тоолорго өтөт. Фергана өрөөнүн түндүктөн торогон тоолордо дарыя өрөөндөрү жана салыштырмалуу бийикт. 100-400 мге жеткен адыр-дөңсөөлөр кезектешип жайгашат. Дарыя алаптарын Көгарт (мында облустун борбору [[Жалал-Абад шаары]] жайгашкан), Кара-Үңкүр, Нанай (Пачатанын алабы), Ала-Бука өрөөндөрү ээлейт. Облустун курамына о. Эле обочороок жайгашкан тоо аралык ири өрөөндөр Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо жана Чаткал ойдундары да кирет. Кетмен-Төбө жана Тогуз-Торо ойдуңдары облустун Фергана өрөөнүнө караган негизги бөлүгүнөн Фергана жана Ат-Ойнок, Чаткал өрөөнү Чаткал кырка тоолору аркылуу бөлүнүп турат.