Индия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Undo revision 220652 by 92.12.203.53 (talk)
16-сап:
==Тарыхы==
Археологиялык маалыматтарга караганда Индияда адам баласы таш доорунан эле жашай баштаган. Инд дарыясынын өрөөнүндө отурукташкан элдер биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын 2-жарымы 2миң жылдыктын 1-жарымында жогорку деңгээлдеги Хараппа маданиятын түзгөн. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын орто ченинде Индияны арий уруулары каптап келе баштаган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта аймакта Куру, Панчала, Кошала, Таксила, Гандхара, Магадха сыяктуу бир катар кул ээлик мамлекеттер пайда болот. Андан ичкери Магадха айрыкча жогорулап, Маурья династиясынан чыккан Ашок падышанын тушунда (биздин заманга чейинки 268-232) ал бүткүл Индияны камтыган империянын борборуна айланган. Байыркы Индиянын калкы төрт сословиеге бөлүнгөн: брахмандар (дин кызматкерлери), кшатрийлер (жоокерлер), вайшийлер (эркин дыйкан, малчы, соодагер), шудралар (жалчы, кулдар). Булардын биринчи экөө артык укуктардан пайдаланган. Байыркы Индияда буддизм менен жайнизм дини үстөмдүк кылган. Алгачкы орто кылымда Индия бир нече мамлекетке бөлүнгөн. 12-кылымдын аягы 13-кылымдын башында түрк-афган башкаруучулары тарабынан Түштүк Индиянын каратылышы анда ислам дининин таралышына түрткү берген. 1398-ж. Тимурдун армиясы Дели султандыгын (1206-ж. түзүлгөн Индиядагы биринчи мусулман династиясы) каратып алган. Алар Дели шаарын талап-тоноп, кол өнөрчүлөрүн Самарканга алып кеткен. Ич ара келише албаган султандыктын башкаруучулары тактыга Кабулдан Закир-ад-дин Бабурду чакыртышкан. Бабурдун кыска мөөнөттүү бийлиги (1526-1530) Могол империясынын, Улуу Моголдор династиясынын башатын негиздеп кеткен. 16-кылымдарда Түндүк Индия Улуу Моголдор династиясынан чыккан Акбардын бийлигинде болот. Анын чөбүрөсү Аурангзеб (1658-1707) Түштүк Индияны каратат, бирок Могол империясы көп узабай ыдырай баштайт. 16кылымдарда португалдар, голланддар, англичандар, француздар Индиянын жээгиндеги бир катар стратегиялык таяныч пункттарын ээлеген. Европалык державалардын Индия үчүн күрөштөрү англиялык Ост-Индия компаниясынын жеңиши менен 18-кылымдын аягында аяктайт. 19-кылымдын орто ченинде Индияны Англия толугу менен каратып алат. Индия Англиянын соода рыногуна жана англиялык өнөр жайдын сырьё булагына айланат. 1885-ж. түзүлгөн Индия улуттук конгресс (ИУК) партиясы жергиликтүү өнөр жайыды өзү башкаруу жана коргоо талаптарын коёт. 1906-ж. Мусулман лигасы түзүлөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Индия менен Англиянын ортосунда карама-каршылыктар күчөп, 1947-ж. 15-августта Улуу Британия Индиянын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Индия диний принцип боюнча Индия Союзуна жана Пакистан болуп эки доминионго бөлүнөт. Бөлүнүү индустар менен мусулмандардын кагылышуусу менен коштолуп, натыйжада 1 млндон ашуун адам кырылат. Диний кагылышууларга каршы чыккан М. К. Ганди шовинистчил уюмдун өкүлү тарабынан өлтүрүлөт. ИУКтун лидери Ж. Неру Индиянын премьерминистри болот.
1949-ж. 26-ноябрда жаңы конституция кабыл алынып, Индия республика болуп жарыяланган. Бул конституция 1950-ж. 26-январда (бул күн Республикасы күнү деп белгиленет) күчүнө кирген. 1967-жылдагы шайлоонун жыйынтыгында Индия Ганди өлкөнүн премьер-министри болуп калат. 14 ири жеке банк мамлекеттештирилип, м монополиялар жөнүндө мыйзам кабыл алынат, көпчүлүк товарларды импорттоого мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлөт. Индия өкмөтү ядролук жана космостук программаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, натыйжада 1974-ж. ядролук куралды сыноо жүргүзүлөт, 1975-ж. советтик Космодромдон Индиянын биринчи спутниги «Арьябхата», 1979-ж. космостук ракетасы учурулат. Индусмусулман кагылышууларынын натыйжасында, 1984-ж. ИндияИндира Ганди сикх террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Анын ордуна премьер-министр болуп Индия Гандинин уулу Р. Ганди шайланат. Р. Гандинин өкмөтү инвестицияларды электрондук өнөр жайыды өнүктүрүүгө тартып, ошол эле учурда чет элдик фирмалардын филиалдарын ачтырууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жетишет. Индия АКШ, Япония, Германия сыяктуу өлкөлөр менен кызматташа баштаган. 80-жылдардын орто ченинен Түштүк Азия аймагында соодаэкономикалык байланыштарды жөнгө салууга багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт. 1991-ж. кезексиз өткөрүлгөн шайлоо компаниясынын учурунда Р. Ганди тамил террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Конгресстин жаңы лидери П. В. Нарасимха Рао премьер-министр болуп калган. 2004-жылдан Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх. 21-кылымдын башында өндүрүлгөн ИДПнин көрсөткүчү боюнча Индия дүйнөдөгү экономикалык ири төрт державанын бири. Индия Кытай, Чыгыш жана Батыш Азия, Япония, АКШ өлкөлөрү менен кызматташтыгын өнүктүрүүдө. 1985-жылдан Түштүк Азия аймактык кызматташтык ассоциациясынын курамында. Учурда Индия-Пакистан мамилелерин жөнгө салуу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлүүдө. 2005-жылдан ШКУга байкоочу катары катышат.
==Чарбасы==
Индия өнөр жай, соодасы жана товардыкакча мамилеси өнүккөн агрардык-индустриялуу өлкө. Индиянын экономикасы жумушчу күчүнүн арзандыгы жана эмгектин жогорку маданияты менен өзгөчөлөнөт. Индиянын азыркы экономикасына көп укладдуулук мүнөздүү. Айыл чарбанда чакан чарбалар басымдуулук кылып, ал өз алдынча иштеген калктын 60%ин камтыйт; өнөр жайында 23% и иштейт. Өлкө азык-түлүк менен өзүн толук камсыз кылып, жылына 200 млн тдай дан эгинин өндүрөт. Ички ИДПдеги айыл чарбанын жана балыкчылыктын үлүшү 18,5% , тейлөө чөйрөсүнүкү (курулуш менен кошо) 55,1%, өнөр жайыныкы 26,4%. ИДПнин реалдуу өнүгүү темпи 2006-07-ж. 9,4%ти түзгөн (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда). ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Болжол менен 250-300 млн адамдын жашоо деңгээли өнүккөн капиталисттик өлкөнүн көрсөткүчүнө тең келет. Индия ИДПнин деңгээли боюнча дүйнөдөгү 6 ири өлкөнүн катарына кирет. Ошол эле учурда расмий маалымат боюнча кирешеси жакырчылык чегинен төмөн болгон калк 22%тейди түзөт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Индия" булагынан алынды