Агра: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+file
1-сап:
[[Файл:Agra 03-2016 04 Taj Mahal from Mehtab Bagh.jpg|thumb]]
'''Агра '''- (Agra) (санскритче Арья Грах «арьялар шаары») [[Индия|Индиянын]] түндүгүндөгү шаар. Уттар-Прадеш штатында. Калкы 1,26 млн (2001). [[Жамна]] дарыясынын боюнда, Дели шаарынан 200 км түштүк чыгышта. Жолдор тоому. 15-16-кылымда негизделген. 1504-жылдан Дели султандыгынын резиденцияларынын бири болгон. 1526-ж. Бабур басып алып, Улуу Моголдор мамлекетинин (Дели менен кошо) борбору атаган. Агра — Улуу Могол архитектура стилинин башкы борбору. [[Архитектуралык эстеликтер|Архитектуралык эстеликтери]]: «Агра-форт («Кызыл форт», 16-к.), Бермет мечит, 17-к., Таж-Махал мавзолейи (Бүткүл Дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген). Зоология академиясы (1954-ж. негизделген), университет (1927-жылдан), булгаары-бут кийим, текстиль, тамак-аш, айнек, электртехникалык өнөржай ишканалары бар. 16-кылымдан килем токуу, ташты оймо-чиймелеп кооздоо, инкрустация, зергерчилик өнүккөн.
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Агра" булагынан алынды