Азербайжан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
56-сап:
}}
 
'''Азербайжан''' ({{тил|az|Azərbaycan}}), '''Азербайжан Республикасы''' ({{тил|az|Azərbaycan Respublikası}}) - Закавказьенин–Закавказьенин чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн [[Дагстан]], түндүк-батышынан [[Грузия]], түштүк-батышынан [[Армения]] жана [[Түркия]], түштүгүнөн Иран менен чектешет. Чыгышын Каспий деңизи чулгайт. Аянты 86,6 миң км2. Калкы 9 590 159 (2013). Борбору - Баку шаары. Акча бирдиги - манат. Курамында Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхый облусу, 66 район, 65 шаар, 122 шаарча бар.
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Aзербайжан - унитардык мамлекет. Азербайжандын Конституциясы 12. 11. 1995-ж. кабыл алынган. Башкаруунун формасы - президенттик республика. Мамлекет башчысы - бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы - Милли межлис (бир палаталуу парламент; 5 жылдык мөөнөткө шайланып, 125 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин органы — премьер-министр жетектеген өкмөт (министрлер Кабинети). Премьер-министр Милли межлистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат. Азербайжанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: «Жаңы Азербайжан», Азербайжан элдик фронту (НФА), Неокоммунисттик партия, Азербайжан коммунисттик партиясы, Мусулман демократиялык партиясы (Мусават), Ислам союзу.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Азербайжан" булагынан алынды