Австрия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
41-сап:
}}
[[File:Flag of Austria.svg|thumb|200px|Австрия]]
'''Австрия''' (Österreich), '''Австрия Республикасы''' (Republik Österreich) Борбордук [[Европа|Европадагы]] мамлекет. [[Дунай дарыясы|Дунай дарыясынын]] алабында жайгашкан. Түндүгүнөн [[Германия]], чыгышынан [[Венгрия]], түштүгүнөн [[Словения]] жана [[Италия]], батышынан Швейцария жана Лихтенштейн менен чектешет. Аянты 83,9 миң км2. Калкы 8,4 млн (2005). Борбору Вена шаары. Акча бирдиги евро (2002-ж. чейин Австрия шиллинги).
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Австрия федерациялык республика. 9 административдик-аймактык бирдикке (жер) бөлүнөт (Вена шаары административдик-аймактык бирдик катары эсептелет). Мамлекеттик башчысы президент. 6 жылга шайланат (бир гана жолу кайра бийлигинин шайланууга акылуу). Мыйзам чыгаруу жогорку органы эки палаталуу (Улуттук Кеңештен 4 жылга шайланган 183 депутат жана Федералдык Кеңештен лантаг тарабынан шайланган 64 депутат) парламент. Аткаруу бийлигин канцлер, вице-канцлер жана министрлерден турган өкмөт ишке ашырат. Ар бир аймактын (жердин) өзүнүн конституциясы жана калк тарабынан шайланган өз парламенти ландтагы бар.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Австрия" булагынан алынды