Кыргызстан тарыхы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
77-сап:
893-ж. Исмаил ибн Ахмед Сомани Тараз шаарын курчоого алат. Тараздын кулашы менен кагандын аялы, жана көп сандаган аскерлери туткунга түшөт. Карлук каганы Огулчак Кадыр - хан Кашгарга качып барып согушту уланткан. Талас өрөөнү, Меркеге чейин Чүй өрөөнү Саманийлердин бийлиги астында калып, бул аймактарды саманийлер көчмөндөрдүн арасында ислам динин таратуучу борборго айлантат. Согушта жеңилгенине карабастан карлук башкаруучулары түрк тилдүү көчмөндөрдүн үстүнөн бийлик жүргүзүүгө аркеттене беришкен. 935-ж. Сатуктун уулу Муса каган такка келип, кийин 960-жылы ислам динин мамлекеттик дин катары кабыл алат. 999 жылы Саманийлер мамлекетинин начарлашынан пайдаланып, караханийлер алардын Жейхунга (Аму-Дарьяга) чейинки жерин басып алышкан. 1069-1070 жылдары бири-бирине көз каранды эмес Чыгыш жана Батыш кагандыктарга бөлүнүп кеткен.
 
VIII кылымдан тартып эле Араб Халифатынын Орто Азиядагы экспансиясынын күчөшүнүн натыйжасында Мавераннахр аркылуу Кыргызстанга Ислам дини акырындап тарай баштаган эле. Бул диний агымдардын таралышы менен Кыргызстанда бара-бара жазма маданияттын жаралышына ыӊгайлуу өбөлгөлөр түзүлүп, адегенде байыркы түрктөрдүн руникалык жазуусу, андан соӊ IX-X кылымдарда араб алфавитине негизделген жаңы жазуу системасы ортого чыккан. Караханийлердин мамлекетинин доорунда ислам дини бүтүндөй Кыргызстандын калкынын расмий дини катары кабыл алынып, жергиликтүү калк араб-мусулман цивилизациясынын ажырагыс парчасына айланган эле. Караханийлер мамлекетинин негизин карлуктар, ягмалар, чигилдер, тухсилер жана карлук уруулук бирикмесине кирген Орхон түрктөрүнүн калдыктары түзгөн. Тарыхчылар бул каганаттын жалпы эле түрк элине таандык мамлекет болгондугун айтышат. Караханийлер мезгилинде Баласагун, Ош, Өзгөн, Барсхан, Кочңар-Башы, Атбаш ж.б. шаарлар өз өрөөндөрү учун чарбалык, акимдик башкаруу боюнча гана эмес, маданий-агартуу боюнча да олуттуу роль ойногон шаар¬лар болгон.Турк дүйнөсунун мусулмандык доордогу маданиятынын берметтеринин бири жана жалпы турк калктарынын орток акыны жана ойчулу болуп саналган Жусуп Баласагуни Чуй өрөөнүндөгү Баласагун шаарынан болгондугу белгилүү. Ал 1069 —1070-жж. он сегиз айлык мөөнөттө өзүнүн даңазалуу «Кутадгу билиг» («Кут алчу билим») дастанын жазган жана аны Кашкарда отурган Чыгыш Караханийлер каганы Сулайман Арслан Кара хакандын уулу Тавгач Буура Кара хакан Абд Али Хасанга (1056—1103-жж. бийлеген) тартуу кылган.
Турк дүйнөсунун мусулмандык доордогу маданиятынын берметтеринин бири жана жалпы турк калктарынын орток акыны жана ойчулу болуп саналган Жусуп Баласагуни Чуй өрөөнүндөгү Баласагун шаарынан болгондугу белгилүү. Ал 1069 —1070-жж. он сегиз айлык мөөнөттө өзүнүн даңазалуу «Кутадгу билиг» («Кут алчу билим») дастанын жазган жана аны Кашкарда отурган Чыгыш Караханийлер каганы Сулайман Арслан Кара хакандын уулу Тавгач Буура Кара хакан Абд Али Хасанга (1056—1103-жж. бийлеген) тартуу кылган.
 
Ысык-Көлдүн туштук-чыгышында жайгашкан Барсхан шаарында туулуп, Кашкарда билим алган дагы бир даңазалуу аалым — XI к. турк этнологу, диалектологу, фольклорист, тарыхчысы, тилчиси, географы, картографы, түрк боордоштугунун идеологу Мах¬муд Кашгари (Бархани) да ушул доордо жашаган. Анын «Диван лугат ат-турк» («Турк тилдеринин сөз жыйнагы») аттуу эмгеги жана андагы дүйнөнүн тегерек картасы белгилүү. Анын картасында Теңир-Тоо тоо системасы, Ысык-Көл, Баласагун, Барсхан, Кочңар-Башы шаарлары көрсөтүлгөн.
Line 89 ⟶ 88:
== Моңгол доору ==
{{Main|Улуу Моңгол империясы}}
XIII-кылымдын башынан тарта Чыӊгыз-хан жетектеген моӊгол жапырыгынын натыйжасында Кыргызстан жана жамаатташ жайгашкан аймактар тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк масштабдагы Моӊгол империясынын катмарына кирген.Чагатай баштаган моӊгол хандары башкарган Кыргызстан бул империянын эӊ маанилүү экономикалык жана маданий чордондорунун бири болгону дүйнөлүк тарыхта таасын чагылдырылган. Айрыкча Батыш менен Чыгышты байланыштырып турган Улуу Жибек жолунун бул доордогу ролу абдан күч алып тургандыгы белгилүү.
Чагатай баштаган моӊгол хандары башкарган Кыргызстан бул империянын эӊ маанилүү экономикалык жана маданий чордондорунун бири болгону дүйнөлүк тарыхта таасын чагылдырылган. Айрыкча Батыш менен Чыгышты байланыштырып турган Улуу Жибек жолунун бул доордогу ролу абдан күч алып тургандыгы белгилүү.
 
=== Чагатай улусу (1227-1348) ===