Super.kg: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Коюулган баракчада кабыл алуу жок Undo revision 234036 by Umut (talk)
34-сап:
Ишимдин жыйынтыгын ойлоп, башынан эле сайттагы ар бир сөзгө, үтүр-чекитке чейин карап, жумушумду бир топ татаалдатып алган элем. Веб-портал боюнча түшүнүгүм кеңейген сайын сайттын түзүлүшүн, дизайнын жылына 3-4 жолу алмаштырган учурларым болгон. Кыйналганыма карабастан, бул иштин түйшүгүнө жамаатыбыздан 1-2 адамды гана кээде аралаштырып калганым болбосо, негизинен, 4 жылдан ашык сайт менен өзүм жалгыз алектендим. Албетте, мага сырттан адистер жардам беришчү. Кийин, 2010-жылдан тарта гана акырындан бул ишке жамаатымды аралаштыра баштадым.
Ооба, сайт жаралгандан тарта бир топ өзгөрүүлөргө учурап, жаңыланып келе жатканы талашсыз. Бүгүнкү күндө сайттын мүмкүнчүлүгү кең. Колдонуучулар жаңылык алуу менен бирге кыргыз обондорун угуп, клиптер, элдик видеолор, макалалар боюнча өз пикирлерин калтырып, форумда түрдүү темалар боюнча талкуу жүргүзүп, жылдыздарга, өлкөнүн жооптуу кызматтагы чиновниктерине, саясатчыларга суроо узатып, түз жооп ала алышат, курбу-курдаш таап жана башка кызыктарга ээ болушат.</blockquote>
 
Кыргыз жеринде ийгиликке жетишкен сайттардын айрымдары жаңылыктарга, кай бирлери
видеобаяндарга, дагы бири форумга басым жасап келет. SUPER.KG порталы болсо бардык тармактын "башын бириктирип", колдонуучуларына уникалдуу шарт түзгөн. Бир эле учурда порталдан форумга катышып, видео, тасма көрүп, жаңылык окуп, ыр угуп, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды ала алышат.
 
2006-жыл. 28-март. SUPER.KG порталы иштеп баштаган. Алгач анда "Супер-Инфо" гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон. Ошол жылдын 29-декабрында сайтта "Суперстан" иштей баштаган. Кыргыз тилиндеги форум жаштардын ой бөлүшүүсүн шарттап, чет жерде жашаган кыргыз жарандарынын өз ара алакасын камсыздаган.
 
2008-жыл. 23-апрель. SUPER.KG порталы "Медиа-портал" менен толукталган. Бул маалда кыргыз эстрадасында жаңы жылдыздар пайда болуп, көп ырлар жазылып, байма-бай клиптер тартылып баштаган. Анын баары порталга жайгаштырылган.
 
2008-жыл. 21-октябрь. "Медиа-порталда" популярдуу клиптердин СуперХит сынагы старт алган. Ушул эле жылы "Супер ТВ" бөлүмү иштеп баштаган. Бул бөлүмдүн кызматкерлери эксклюзивдүү видеобаяндарды, пайдалуу кеңештерди сунуштап, өнөрпоз, саясатчы, спортчулардан баштап түрдүү кесип ээлерине микрофон сунуп келишкен.
 
2010-жыл. 24-апрель. "Медиа-порталда" "Элдик видео" бөлүмү ачылып. Бул бөлүмдө ар бир колдонуучу өзү каалаган видеолорду жүктөй алышкан.
 
2011-жыл. 28-июнь. Порталда "Жылнаама" бөлүмү ишке кирип. Анда дүйнөдө жана кыргыз жеринде, жакынкы жана алыскы тарыхтагы урунттуу окуялардын күндөрү, атактуулардын туулган жана каза тапкан күндөрү так көрсөтүлгөн.
 
2011-жыл. 26-октябрь. Порталдын колдонуучулары окуп, көрүп, комментарий жазып гана тим болбостон, ойноо мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушкан. Бул күнү "Оюндар" бөлүмү ишке кирген.
 
2012-жыл. 17-апрель. Акырындык менен мобилдик интернетке суроо-талап өсө баштап. Сайттын мобилдик версиясы иштелип чыгып, колдонуучуларга "Медиа-порталдан" ыр угуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
 
2012-жыл. 24-октябрь. Маалыматтын казаны кайнап, күч алган кезде "Соңку кабар" бөлүмү ишке кирип, алгачкы кабар жазылган. Бул бөлүмгө кыргыз жеринде жана чет жерде катталган актуалдуу, кызыктуу жаңылыктар жайгаштырылат. Журналисттер өнөр ээлери менен спортчулар, коомдогу жана саясий чөйрөдөгү актуалдуу окуялар, үрөй учурган кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазып, сунуштап баштаган.
 
2014-жыл. 2-май. Акыркы жылдары кыргыз жеринде жаш режиссёрлор боор көтөрүп, тартылган тасмалардын саны арта баштап. Мындан улам SUPER.KG порталы "Кинозал" бөлүмүн ишке киргизип, кино сүйүүчүлөрүнүн күнү тууду. Жарык көргөн тасмалар порталга жүктөлүп, колдонуучулар үй кинотеатрына ээ болгондой эле болушкан.
 
2014-жыл. 2-декабрь. Портал бир учурда сайтка киргендердин саны боюнча жеке рекордун жаңылап, 15 мүнөт ичинде сайтка 35 710 колдонуучу баш багышкан.
 
2015-жыл, 2-апрель. “Соңку кабар” бөлүмүндөгү “Элдик кабар” рубрикасы борборго тиешелүү деңгээлде жаңылык жеткире албаган айыл элин, чет жерде жүргөн мекендештерибизди жана жалпы окурмандарына маалымат бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн. “Элдик кабар” учурда эл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди район, облус жетекчилерине, өкмөткө жеткизүүгө шарт түзүп, буга катар мекендештердин алгылыктуу, үлгүлүү иштерин коомго көрсөтүүдө. Муну көз жаздымда калтырбай, порталда ар ай сайын жеңүүчүнү аныктап, заманбап смартфон менен сыйлап келет.
 
Бүгүнкү күндө SUPER.KG порталы элдин үнүн бийликке, бийлик үнүн элге жеткирген көпүрө болуп калды. Колдонуучулардын саны 2014-жылы 40 миңден ашса, бүгүнкү күндө 76 миңден ашат. Бир айда сайтка 32 миллиондон ашуун кароо болот. Бул профессионалдардан турган команданын гана эмес, кыргыз тилдүү элибиздин жетишкендиги деп эсептөөгө болот.
 
==Статистикасы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Super.kg" булагынан алынды