Үй-бүлө эмгеги: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Үй-бүлө эмгеги''' – үй чарбасында же үй чарбасы үчүн жасалган жумуш<ref> Молчанова Е. Оказание..."

No edit summary
3-сап:
[[Эларалык эмгек уюму (ээу)|ЭЭУнун]] "Үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө" конвенциянын кабыл алынышынын себептеринин бири - [[Үй эмгеги|үй эмгегинин]] алигиче баркталбай, көз жаздымда калып, көбүнчө, кыз-келиндер тарабынан жасалып жаткандыгы. Бул кыз-келиндердин көпчүлүгү мигранттар же турмуш шарты начар коомчулуктардын мүчөлөрү. Алар эмгек жана жумуш менен камсыз болуу жаатында басмырлоого дуушар болушуп, адам укуктары бузулган жосундардын алдында алсыздык кылышат.

'''== Дүйнө жүзүндөгү балдардын үй эмгегине байланыштуу кырдаал'''

[[Эларалык эмгек уюму (ээу)|ЭЭУнун]] 2013-жыл боюнча берген маалыматына ылайык, жалпы үй кызматчыларынын 30% жаш балдар түзөт. Үй кызматчы катарында эмгектенген жаш жетелектердин саны жалпы жонунан 15,5 млн түзсө, алардын 6,5 млн. 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар. Үй кызматчы балдардын 71% ашууну – кыздар<ref>ЭЭУнун "Балдар эмгегинин эң начар формалары жөнүндө" №182 конвенциясы. 1999-жылы кабыл алынган. (Женева, 1-июнь 1999-жыл).</ref>.

'''== Кыргызстандагы балдардын үй эмгеги'''

Балдардын үй эмгегинин [[мыйзам чыгаруу]] алкагы. [[Кыргызстан]] 1992-жылы 31-мартта ЭЭУнун эң төмөнкү курак жөнүндө №138 конвенциясын жана 2004-жылы 10-майда балдардын эмгегинин эң начар формалары жөнүндө №182 конвенциясын ратификациялаган. ЭЭУнун үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө №189 конвенциясы Кыргызстанда ратификацияланган эмес<ref>ЭЭУнун "Үй жумуштарында балдардын эмгегин пайдаланууну түп-тамырынан жоюу" доклады [Электрондук версия]: URL: http://www.un.org/.../...19730#.VtvJr1XtlHw</ref>.

22-сап:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында балдардын эмгегин пайдаланууну жана анын эң начар формаларын түп-тамырынан жоюу жаатындагы эларалык стандарттар камтылат. Тактап айтканда: балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салуу, иштөөгө уруксат бериле турган балдардын эң төмөнкү курактык чеги (16 жаштан баштап жана белгилүү бир эмгектин түрлөрү үчүн ата-эненин уруксаты менен 14 жаштан баштап); жашы жетелектердин жумушунун узактыгы; тыюу салынган жумуштардын түрлөрү (алардын катарында [[зомбулук]] менен коштолгон, [[Ден соолук|ден-соолукка]] зыян келтириши мүмкүн болгон жумуштар). Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында терминдер учур талабына ылайык туура колдонулгандыгына карабастан, алар дале жетишсиз, айрыкча, үй эмгегине байланыштуу маселелерди кароодо дароо байкалат (үй эмгегине тыюу салган чектерди белгилөөдө).

'''== Кыргызстанда үй эмгегине аралашкан балдардын көбөйүшү (2007-2014-жж.)'''

Кыргызстандагы балдар эмгегин изилдөө иштери КРнын Улуттук статистикалык комитети жана Эларалык эмгек уюму тарабынан 2007-<ref>Кыргызстан ратификациялаган ЭЭУнун конвенцияларынын тизмеси төмөнкү даректе жайгашкан: http://www.ilo.org/dyn/normlex/en/...: COUNTRY_ID:103529</ref> жана 2014-<ref>Кыргызстандагы иштеген балдар: 2007-жылы балдар эмгегин изилдөөнүн натыйжалары/ЭЭУ/КРнын УСК – Бишкек, 2009. </ref> жж. жүргүзүлгөн. Үй оокатын жасаган балдардын саны 2007-жылга салыштырмалуу 2014-жылы 5,5% азайган. Үй оокатына аралашкан кыздар менен эркек балдардын гендердик теңсалмаксыздыгы эки изилдөөдө тең байкалган: 2007-жылы (эркек балдар 59,6%, ал эми кыздар 78,1% түзгөн) жана 2014-жылы (эркек балдар 55,5% жана кыздар 71,3%). Үй оокатына аралашкан бардык курактагы балдардын ичинен кыздар көптүк кылат (2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөө ишинде 5 жашка чейинки курактык топту кошпогондо).
2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында, үй эмгегин бөлүштүрүүдө мындай гендердик теңсалмаксыздык шаар жана айыл жергесинде да кездешери маалым болгон. Ушул жерден баса белгилей кетүүчү нерсе, шаардык кыздарга караганда айылдык кыздар үй эмгегине көбүрөөк жана эртерээк аралаша баштайт (6-13 курактык топто айылдык кыздар 74,2% жана шаардык кыздар 64,5%).

'''== Кыргызстандагы үй эмгегине аралашкан балдардын гендердик өзгөчөлүктөрү'''

2014-жылы иштеген балдардын үстүнөн жүргүзүлгөн улуттук изилдөө ишинин натыйжалары боюнча, үй оокатына аралашкан балдардын саны чөлкөмдөр боюнча аябай жогору болгон (1-сүрөттү караңыз). Балдарды үй оокатына аралаштыруунун эң жогорку көрсөткүчү [[Нарын облусу|Нарын дубанына]] (73,2%) жана [[Ош облусу|Ошко]] (71,0%) таандык болгон. Үй оокатына аралашкан балдардын эң аз көрсөткүчү [[Жалал-Абад облусу|Жжалал-Абадда]] (57,3%) болгон.