Аялдардын башкаруу органдарынын ишинде жана чечим кабыл алуу процесстеринде катышуусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
4-сап:
[[Саясий катышуу]], шайлоо жана шайлануу укугу (жана мүмкүнчүлүгү) жана башка ыкма менен коомдук турмушта маанилүү чечимдерди кабыл алуу процесстеринде катышуу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына орношуу укугу дегенди билдирет.
 
XX - XXI кылымдын башында аялдардын саясий кызмат орундарын ээлегендиги боюнча жалпы кырдаал аздыр-көптүр жакшырганы менен, [[гендердик теңчилик]] али орной элек деп айтсак болот. Алсак, 2012-жылы мамлекет жана өкмөт башчыларынын кызмат орундарын ээлеген аялдар 5,35% жана 7,3% түзсө, 15,1% - парламенттердин спикерлери болуп, депутаттардын арасындагы үлүшү орто эсеп менен 19,5% түзгөн .
== Саясий катышуу ==
 
СССРдин саясий турмушундагы саясий атаандаштык солгундаганы менен, саясий катышуу күч алган. Биринчи кезекте бул 1918-жылы Конституцияда аялдарга шайлоо укугунун берилгендиги менен орун алды (көптөгөн европа мамлекеттеринде аялдарга мындай укук бериле элек болчу). Борбордук Азияда, ошондой эле Кыргызстанда өлкөнүн саясий турмушунда аялдардын көбүрөөк катыша баштагандыгы Чыгыш аялдарын боштондукка чыгарган "Худжум" кампаниясына байланыштуу болду.