Кыргыз Республикасынын гендердик мыйзамдары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''КРнын гендердик мыйзамдары''' – гендердик саясатты жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салган принц..."
(Айырма жок)

9 июль 2016, саат 09:43 учурдагы нуска

КРнын гендердик мыйзамдары – гендердик саясатты жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салган принциптерди белгилеген ченемдик укуктук актылардын жыйындысы; КРнын Конституциясынын ченемдери, эларалык конвенциялар, гендердик теңчилик маселелери боюнча атайын мыйзамдар, ошондой эле тармактык ченемдик укуктук актылардагы гендердик жактан маанилүү ченемдер (билим берүү, эмгек, жумуш менен камсыз болуу, саламаттыкты сактоо ж.б. чөйрөлөрдө).

Адам укуктарынын жалпы декларациясындагы негизги принциптер[1]КРнын Конституциясында толук чагылдырылган[2]. КРнын Конституциясынын 1-беренесинде Кыргызстан негизги белгилери менен коштолгон дин аралашпаган социалдык мамлекет деп айтылат. КРнын Конституциясынын 16-беренесинде: "Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды жүзөгө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ" деп айтылат. Бирок "эларалык милдеттенмелерге ылайык ар кандай социалдык топторду бирдей мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылууга багытталып, мыйзамда каралган атайын чаралар басмырлоо деп эсептелбейт". Негизги адам укуктары менен эркиндиктерин Конституцияда бекитүү менен, Кыргызстан адам укуктарын коргоо жана камсыз кылуунун юридикалык жана институтташтырылган негиздерин, ошондой эле жыныстык айырмачылыгына карабастан укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн бирдейлиги принцибин бекемдей алды.

1991-жылы көзкарандысыздыкка жеткен мезгилден бери Кыргызстан адам укуктары жаатында 30 ашуун эларалык конвенциялар менен протоколдорду ратификациялап, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жарандык коомдун деңгээлинде адам укуктарынын, ошондой эле аялдардын укуктарынын концепциясын таанып, түшүнүү үчүн шарттарды түзүп берди. Кыргызстандын түздөн-түз аялдардын укуктарына байланыштуу БУУнун Конвенцияларына кошулуп, 1997-жылы Аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу конвенциясын (CEDAW) ратификациялашы гендердик мыйзамдарды өнүктүрүүдө олуттуу роль ойноду. CEDAW конвенциясынын улуттук деңгээлде илгерилетүүдө Пекинде болуп өткөн Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конференциясына барып келген делегат аялдар чоң салымын кошушту. CEDAW конвенциясына кошулуу менен, Кыргызстан БУУнун келишимдик органдарына Конвенциядагы укуктарды жүзөгө ашыруу механизмин түзүү чаралары тууралуу мезгилдик отчетторду тапшырып турууга милдеттенди. 2015-жылы БУУнун Аялдарды басмырлоону жоюу комитетинин отурумунда Кыргызстандын төртүнчү мезгилдик отчету жана жарандык коомдун уюмдарынын альтернативдик докладдары угулду.

Кыргызстандын мыйзам чыгаруу деңгээлинде эларалык милдеттенмелерди аткарган чараларынын ичинен эң орчундуусу - 2003-жылдын 25-мартындагы КРнын «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" №62 мыйзамынын, 2008-жылдын 4-августундагы "Эркектер менен аялдардын бирдей укуктары менен бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" №184 мыйзамынын кабыл алынышы болду[3]. Акыркы мыйзам КРнын Жогорку Кеңешинде мыйзамдардын долбоорлорунун адистештирилген экспертизаларын (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн укуктук негизин түзгөн ченемдик укуктук актылардын катарына кирет. Гендердик экспертизаны жүргүзүүнүн максаты - мыйзам долбоорунун жоболорунда эркектер менен аялдардын укуктарынын, мүмкүнчүлүктөрүнүн жана алынган натыйжалардын бирдейлигинин сакталгандыгын, ошондой эле гендердик басмырлоого жол берилбегендигин баалоо[4].

Гендердик теңчилик принциптерин жүзөгө ашырууда жана басмырлоонун алдына алууда мыйзамда бекитилген атайын чаралар жөнүндө ченемдер маанилүү ролду ойношот. Айрыкча, чечим кабыл алуу деңгээлдеринде аялдар менен эркектердин бирдей катышуусун камсыз кылуу максатында, 2011-жылдын 2-июлундагы КРнын «КРнын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" №68 мыйзамы, 2011-жылдын 12-октябрындагы КРнын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» №170 мыйзамы сыяктуу Конституциялык мыйзамдарга ылайык, талапкерлердин арасында аялдар же эркектер аз болуп калса, ошол жетишпей калган жыныс өкүлдөрүнүн арасындагы талапкерлерге квота берүү тутуму каралган. Алсак, КРнын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланып жаткан талапкерлердин тизмеси түзүлүп жатканда, саясий партия бир жыныстагы талапкерлердин саны 70% ашпагандыгын, ошондой эле саясий партиялар көрсөткөн аял жана эркек талапкерлердин тизмедеги кезегинин айырмасы үч позициядан ашпашы керек экендигин эске алууга милдеттүү: 1) 35 жаштан ашпагандар – талапкерлердин 15% кем эмес; 2) ар кандай улуттагылар – 15% кем эмес; 3) ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер – 2 талапкерден кем эмес болуп, алардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек. Шаардык кеңештерге шайланып жаткан талапкерлердин тизмеси түзүлүп жатканда, саясий партия бир жыныстагы талапкерлердин саны 70% ашпагандыгын, ошондой эле саясий партиялар көрсөткөн аял жана эркек талапкерлердин тизмедеги кезегинин айырмасы эки позициядан ашпашы керек экендигин эске алууга милдеттүү:

Аялдарды колдогон атайын чаралар сотторду тандоо процесстеринде каралган[5] . Мындан тышкары, КРнын Президентинин жарлыктары боюнча аткаруу бийлигинин деңгээлинде аялдарды мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарындагы жетекчи кызмат орундарына тартуу чаралары каралган[6] .

КРнын учурда колдонулуудагы мыйзамдарында эмгек чөйрөсүндө басмырлоого тыюу салынат[7]. Мыйзамдарда кылган эмгеги үчүн мыйзамда белгиленген турмуш-тиричилик минимумунан төмөн эмес сыйакы алуу, бирдей эмгек шарттарында бирдей квалификациядагы жумушчуларга бирдей эмгек акы алуу укуктарынын аткарылышын камсыз кылуу принциби каралганы менен, эркектер менен аялдардын эмгек акыларынын ортосунда али айырма бар.

КРнын Үй-бүлөлүк кодексиндеги беренелерде[8] үй-бүлөлүк мамилелерде эркектер менен аялдар тең укуктуу жана никеде жашап жатканда табылган мүлк экөөнүн биргелешкен менчиги деген принциптер камтылган. Бирок жубайлардын биргелешип табышкан мүлкүнө болгон тең укуктуулугу юридикалык жактан бекитилгени менен, иш жүзүндө аялдын ушул укугу корголуп, кепилдендирилбейт.

КРнын Жазык кодексинде[9] аялдын өмүрүнө, ден-соолугуна, эркиндигине жана ар-намысына шек келтирген кылмыш иштери үчүн жазык жоопкерчилиги каралган. Жарандык тармактын бир топ жылга чейин Президент менен кармашуусунун натыйжасында, 2013-жылы КРнын ЖКнин 155-беренесине кыз ала качуу үчүн каралган жазаны күчөткөн түзөтүүлөр киргизилген.


Эскертмелер

  1. Кененирээк маалымат: Аялдарды басмырлоонун бардык формасын жоюу боюнча комитеттин жыйынтыктоочу эскертүүлөрүнүн 21-пункту. Кыргызстан / Аялдарды басмырлоону жоюу комитети; 42-сессия (20-октябрь –7-ноябрь, 2008-жыл).
  2. Адам укуктарынын жалпы декларациясы. 1948-жылдын 10-декабрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 217 А (III) Резолюциясы менен кабыл алынган.
  3. 2010-жылдын 27-июнундагы КРнын Конституциясы.
  4. Ушул мыйзам кабыл алынганга чейин 2003-жылдын 12-мартындагы КРнын "Гендердик теңчиликти камсыз кылган мамлекеттик кепилдиктердин негиздери жөнүндө" №60 мыйзам иштеген.
  5. 2008-жылдын 18-январындагы КРнын ЖКнин "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзамдардын долбоорлорунун айрым адистештирилген экспертизаларын жүргүзүү стандарттары" деген №75-IV токтому.
  6. Кененирээк маалымат: КРнын төмөнкү мыйзамдары: 2011-жылдын 25-ноябрындагы «КРнын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» № 223, 2012-жылдын 6-апрелиндеги «КРнын сотторун тандоо кеңеши жөнүндө» №27, 2008-жылдын 9-июлундагы «КРнын сотторунун статусу жөнүндө» №141. 2011-жылдын 25-ноябрындагы "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" №233.
  7. Кененирээк маалымат: КРнын Президентинин төмөнкү жарлыктары: 2002-жылдын 27-августундагы "Лидер аялдарды КРнын мамлекеттик башкаруу органдарына тартуу боюнча кадр саясатын өркүндөтүү жөнүндө" №240 ПЖ, 2006-жылдын 20-мартындагы "Гендердик саясатты өркүндөтүү чаралары жөнүндө" №136 ПЖ мамлекеттик башкаруу органдарындагы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчи кызмат орундарына аялдарды тартуу боюнча кадр саясатын өркүндөтүүгө багытталган.
  8. 2004-жылдын 4-августундагы КРнын Эмгек кодексинин №106 мыйзамы (2013-жылдын 1-ноябрындагы №198, 2015-жылдын 20-июлундагы №179 КРнын мыйзамдарынын редакцияларында); 2003-жылдын 1-августундагы КРнын "Эмгекти коргоо жөнүндө" №167 мыйзамы.
  9. 2003-жылдын 30-августундагы КРнын Үй-бүлөлүк кодексинин№ 201 мыйзамы (2015-жылдын 14-июлундагы КРнын №161 мыйзамынын редакциясында).

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси

  • 1. Адам укуктарынын жалпы декларациясы. 1948-жылдын 10-декабрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 217 А (III) Резолюциясы менен кабыл алынган.
  • 2. 2010-жылдын 27-июнундагы КРнын Конституциясы.
  • 3. 2008-жылдын 18-январындагы КРнын ЖКнин "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзамдардын долбоорлорунун айрым адистештирилген экспертизаларын жүргүзүү стандарттары" деген №75-IV токтому.
  • 4. 2011-жылдын 25-ноябрындагы "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" КРнын №233 мыйзамы.
  • 5. 2012-жылдын 6-апрелиндеги «КРда сотторду тандоо кеңеши жөнүндө» КРнын № 27 мыйзамы.
  • 6. 2008-жылдын 9-июлундагы «КРда соттордун статусу жөнүндө» КРнын № 141 мыйзамы.
  • 7. 2011-жылдын 25-ноябрындагы "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" КРнын №233 мыйзамы.
  • 8. 2002-жылдын 27-августундагы КРнын Президентинин "КРнын мамлекеттик башкаруу органдарына лидер аялдарды тартуу боюнча кадр саясатын өркүндөтүү жөнүндө" №240 жарлыгы.
  • 9. 2006-жылдын 20-мартындагы КРнын Президентинин "Гендердик саясатты өркүндөтүү чаралары жөнүндө" №136 жарлыгы.
  • 10. 2004-жылдын 4-августундагы КРнын Эмгек кодексинин №106 мыйзамы (2013-жылдын 1-ноябрындагы КРнын №198 мыйзамы, 2015-жылдын 20-июлундагы №179 мыйзамы);
  • 11. 2003-жылдын 1-августундагы "Эмгекти коргоо жөнүндө" КРнын №167 мыйзамы
  • 12. 2003-жылдын 30-августундагы КРнын Үй-бүлөлүк кодексинин № 201 мыйзамы (2015-жылдын 14-июлундагы КРнын №161 мыйзамынын редакциясында).